mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 22 ноябрь күнү кечки саат 20:00 баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-ашуудагы жолдун аркы өйүзүнө токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошонун негизинде аларга чектөө киргизилет.

КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошонун негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы