mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаровтун тескемесинин негизинде  жаңыдан дайындалган Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акунали Досалиев жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Медербек Курманбеков дайындалды.

2022-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Бактылуу Момбеков жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун 2022-жылдын 15-ноябрындагы №735 буйругу менен Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалган Акунала Досалиев жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 733 буйругу менен дайындалган  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин санариптик өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары   Медербек Курманбековту эмгек жамааты менен таанышытырды.
Белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаровдун 2022-жылдын 4-ноябрындагы No 721 буйругу менен жана өздүк арызынын негизинде Тургунбаев Алмаз Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары кызматынан бошотулган жана ошондой эле  2022-жылдын 4-ноябрындагы № 720 буйругу менен Марат Оскомбаев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан бошотулган.

Досалиев Акуналы Атамырзаевич

Курманбеков Медербек Темирбекович

КР ТжКМнин басма сөз кызматы