2022-жылдын 13-июнунда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №954 ДЭП кызматкерлери тарабынан Токмок-Дөң-Арык-Рот-Фронт-Ивановка авто жолдорунда жамоо иштери жүргүзүлдү.
- 462 просм.
2022-жылдын 13-июнунда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №954 ДЭП кызматкерлери тарабынан Токмок-Дөң-Арык-Рот-Фронт-Ивановка авто жолдорунда жамоо иштери жүргүзүлдү. Ушул эле күнү №9 ДЭУ ишканасы Бишкек-Манас аэропорту унаа жолунун жол жээгиндеги ирригациялык системаларды тазалоо боюнча иш жүргүздү.
2022-жылдын 11-июнунда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №24 ДЭУнун кызматкерлери тарабынан Кант-Чүй көпүрөсүндөгү унаа жолунда жамоо иштери жүргүзүлдү. Ушул эле күнү №32 ДЭПтин кызматкерлери Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок унаа жолунда 80м2 чакырым жолдун чуңкурларын оңдоодон өткөрүштү. Жалпысынан быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын 207 589,33 м2 автожолдорун жамоо иштери пландалып, 600 чакырымдан ашык жолго асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу пландаштырылууда, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен 228 км. жана инвестициялык долбоорлордун эсебинен 160 кмден ашык.
КР ТжКМ басма сөз кызматы