mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Марат Оскомбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык Экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марясин менен жолугушту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен БУУнун ЕЭКтин ички транспорт боюнча комитетинин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушууда М.Өскөмбаев белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык экономикалык мамилелердин көйгөйлөрүн чечүү жана транспорттук комплекстин заманбап инфраструктурасын түзүү өтө маанилүү. Мындан тышкары, ал мамлекеттер аралык экономикалык байланыштардын кеңейиши менен өлкөлөр ортосундагы соода агымынын алмашуусу динамикалуу өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Жол комплексиндеги көйгөйлөрдү чечүүгө БУУ ЕЭК, ЭСКАТО менен кызматташуу жардам берет.

Ал ошондой эле Кыргызстандын автотранспортчуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана эл аралык автотранспорттук ташуулардын

 

макулдашууга» кошулган. (КР 2021-жылдын 22-майындагы № 68 Мыйзамы менен ратификацияланган, эки жылдык өткөөл мезгил менен);

Ошондой эле, “Автомобиль транспортунда эл аралык жүк ташуу келишими жөнүндө Конвенцияга кошумча протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Мындан тышкары, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу боюнча Европалык макулдашууга кошулуусу тууралуу мыйзам долбоору демилгеленген.

М.Өскөмбаев жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияларды жана Макулдашууларды практикалык ишке ашырууда БУУ ЕЭКтен консультациялык колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

 

Д.Марясин БУУ ЕЭК Ички транспорт комитетинин эксперттери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тийиштүү консультациялык колдоо көрсөтөрүнө жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасына тиешелүү материалдар жөнөтүлөт деп ишендирди. келишимдер.