2021-жылы «Тараз-Талас-Суусамыр, III Фаза» реконструкциялоо долбоорунун жалпы жумуштары аяктайт
- 275 просм.
Азыркы учурда “Ада Кенч” субподрядчы тарабынан «Тараз-Талас-Суусамыр, III Фаза» 75-105 чакырымын реконструкциялоо долбоорунан үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен (2% аз) кошумча жумуштарын (кошумча тротуарларды асфальтоо жана жолдун кесилише 2 светофор орнотуу) бүткөрүү максатында жумуштарды жүргүзүп жатат.
Контрактын баасы – 17,5 млн АКШ долларды (жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 17,2 млн.АКШ.долларын же 97,8% контракттык бааны) түзөт.
2021-жылы жалпы курулуш иштери аяктайт.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы