mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2021-жылдын 12 айлык мезгилинде ата мекендик автоташуучуларга 19283 даана уруксат кагаздары берилген

2021-жылдын 12 айлык мезгилинде ата мекендик автоташуучуларга 19283 даана уруксат кагаздары берилипип, алардын ичинен: юридикалык жактарга – 16878 даана жана физикалык жактарга – 2405 даана берилген. (пайыздык көрсөткүчү: 87.5 % юридикалык жактарга жана 12.5% физикалык жактарга).
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан кыргыз жүк ташуучулардын кызыкчылыгын коргоо жана аларга эл аралык денгээлде ыңгайлаштырылган шарт түзүү максатында, жана соода экономикалык кызматташууну жакшыртуу негизинде чет мамлекеттер менен системалуу түрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү иш-чаралардын алкагында жыл сайын 41 мамлекет менен уруксат кагаздарын алмашып турат.
2022-жылдын 1-февралына карата Автотранспорт департаменти тарабынан 29 чет мамлекеттен 18155 даана уруксат кагаздары келип түшкөн. Мындан сырткары Министрлик тарабынан Кытай Элдик Республикасынын компетентүү органы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2020-жылдын үлгүсүндөгү кытайдын уруксат кагаздарынын 23639 даанасынын жарктуулук мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Ошондой эле азыркы учурда чет мамлекеттерден алынып келүүчү уруксат кагаздарынын жалпы санынын дээрлик 90% алынып келинип ата мекендик автоташуучуларга берилип жатат. Айрым чет малекеттердин уруксат кагаздарынын алынып келинүүсүнүн кечигип жатканына кээ бир малекеттерде Кыргыз Республикасынын элчилигинин же консулдук кызматынын жоктугунан улам болуп жаткандай. Мындай кырдаалга айрым чет мамлекеттерде коронавирус илдетинин таралышын алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам дипломаттык почтанын иштешинин кечеңдеши дагы себеп болуп жатат.
Азыркы учурда, Министрлик тарабынан, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги жана чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөр менен тыгыз иш алып баруусунун алкагында алынып келине элек уруксат кагаздарды альтернативдик каналдар аркылуу ыкчам түрдө алдырып келүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Чет мамлекеттердин уруксат кагаздарын ата мекендик автоташуучуларга берүү “Электрондук транспорттук көзөмөл” автоматаштырылган маалымат системасы (“ЭТК” АМС) тутумунун атайын программасы аркылуу берилерин белгилей кетмекчибиз. Ушул эле тутумда учурда бар уруксат кагаздарынын саны жана уруксат кагазын алган автоташуучулардын реестри дагы жайгаштырылып, ал автоматтык түрдө жаныланып турарын билдиребиз. Мындай ачык маалымат менен ар бир каалоочу Автотранспорт департаментинин расмий сайтынан тааныша алат (www.aat.gov.kg).Ушул эле сайтта уруксат кагаздарын алууну каалагандар үчүн электрондук кезекке жазылуусу дагы камтылган.
Чет мамлекеттердин уруксат кагаздары Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 14-апрелиндеги №93 буйругу менен бекитилген “Автомобиль транспорту менен эл аралык ташуулардын катышуучуларына уруксат кагаздарын берүү жана автотранспортун өтүүсүн көзөмөлдөө боюнча Нускамасынын талаптарына ылайык, юридикалык жана физикалык жактарга берилүүсү тийиш.
Ушундан улам, 2022-жылдын 10-нан 31-январына чейинки мезгилде ата мекендик автоташуучуларга 3521 даана уруксат кагаздары берилип, алардын ичинен: юридикалык жактарга – 3025 даана жана физикалык жактарга – 496 даана берилген (пайыздык көрсөткүчү: 86 % юридикалык жактарга жана 14% физикалык жактарга).
Ал эми 2021-жылдын 12 айлык мезгилинде ата мекендик автоташуучуларга 19283 даана уруксат кагаздары берилип, алардын ичинен: юридикалык жактарга – 16878 даана жана физикалык жактарга – 2405 даана берилген. (пайыздык көрсөткүчү: 87.5 % юридикалык жактарга жана 12.5% физикалык жактарга).
Жогоруда көрсөтүлгөн анализдин жыйынтында, чет мамлекеттердин уруксат кагаздарынын дээрлик басымдуу бөлүгү юридикалык жактарга берилип жаткандыгы ачык айкын көрүнүп турат.
Айдоочу коомунун өкүдөрү тарабынан көтөрүлүп жаткан, чет мамлекеттердин чикегичтери менен “каботаждык” ташуулардын жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу суроого, төмөндөгүдөй маалымат бермекчибиз.
Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык,
-Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу ташуучулар өз мамлекетинин каттоо жана айырмалоо белгилери бар транспорт каражаттарын гана пайдаланууга тийиш.
Мында чиркегичтердин же жарым чиркегичтердин башка мамлекеттин каттоо жана айырмалоо белгилери болушу мүмкүн- деп белгиленген.
Бул көтөрүлгөн маселедеги жагдай, ата мекеник автоташуучу эл аралык багытта жана республиканын аймагында жүктөрдү ташууда Кыргыз Республикасында катталган автомобиль (сүйрөгүч) менен чет мамлекетте катталган жарым чиркегичтерди колдонуу менен жүргүзүп жаткандыгынан келип чыккан. Мындай ыкма менен жүктөрдү ташуу, айрым чет мамлекеттерде коронавирус илдетинин тарлышын алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөрдүн учурунда автоташуучуларга ыңгайлуу болгондуктан азыркы учурда кеңири пайдаланылып жатат.
Мындай ыкма менен жүктөрдү ташуу, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык Макулдашуулардын талаптарына дагы каршы келбейт.
Аталган маселени талкуулоо үчүн, Автотранспорт департаменти тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-февралында Айдоочу коомунун жана автоташуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйналыш өткөрүлгөн.
Жыйналыштын жүрүшүндө, катышуучулардын арасында ата мекендик автоташуучулардын сүйрөгүчтөрү менен чет мамлекеттин жарым чикегичерин сүйрөө ыкмасы менен жүктөрдү ташуу тууралуу улуттук мыйзамдардын жана эл аралык Макулдашуулардын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, жыйналыштын жүрүшүндө Айдоочу коомунун жана автоташуучулардын өкүлдөрү, ата мекендик автоташуучулардын сүйрөгүчтөрү менен чет мамлекеттин жарым чикегичерин сүйрөө ыкмасы менен жүктөрдү ташууда улуттук мыйзамдардын талаптарын так сактоо боюнча бир пикирге келишти. Ошондой эле бул маселенин жаралышына себеп болгон, республиканын аймагындагы, айрыкча Бишкек-Ош багытындагы жүктөрдү ташуунун жол киресинин бааларына мониторинг жүргүзүп туруу боюнча макулдашышты. Бааларга мониторинг жана жүктөрдү ташуунун жол киресинин бааларын кескин түшүп кетүүсүнө бөгөт койуу максатында көзөмөл жүргүзүү Айдоочу коомунун өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөрү белгиленди.

КР ТжЖМ басма сөз кызматы