mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2021-жылдын 1-декабрында  7-канал гачыккан видео материалга жооп

2021-жылдын 1-декабрында  7-канал гачыккан видео материалга жооп

 

2021-жылдын 1-декабрында 7-каналга чыккан “АзВирт” ЖЧКсынын “Маданият-Жалал-Абад” автожолунун курулушун

Катышкан кызматкерлерге болгон карызы тууралуу         видеоматериалын карап чыгып, КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

«Бишкек-Ош автожолун кайра куруу, IV фаза (Маданияттан Жалал-Абадга чейинки тилке)» Долбоорунун башкы подрядчиги  болуп «Азвирт» ЖЧК эсептелет. Долбоорду каржылаган донор Евразия өнүктүрүүбанкы.

Бүгүнкү күндө Подрядчыга болгон карыз Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигин кайра уюштурууга жана жаңыдан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобонун жоктугуна байланыштуу келип чыккан. Долбоордун донору тарабынан кайра түзүлгөн мамлекеттик органдардын ишинин үзгүлтүксүздүгүн тастыктоо боюнча так жол-жоболору бар болгондуктан, Евразия өнүктүрүү банкы №19 жана 20 төлөм күбөлүктөрү боюнча (август, сентябрь, октябрь) бүткөрүлгөн курулуш иштери үчүн 4,7 млн.доллар өлчөмүндө каражатты 3 ай төлөгөн эмес.

Бирок, 2021-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жобосу бекитилген жана кыргыз тарап 2021-жылдын 29-ноябрында Евразия өнүктүрүү банкына жаңы түзүлгөн министрликтин ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтердин бардык пакетин жөнөткөн. Ошондон кийин, 2021-жылдын 1-декабрында гана Донор берилип жаткан Төлөм сертификаттарын кабыл алды. Колдонулуп жаткан жол-жоболорду эске алуу менен, берилген тендердик табыштамалар 2021-жылдын 8-декабрында төлөнөт деп күтүлүүдө, андан кийин Подрядчы бардык төлөнбөгөн карыздарды төлөй алат.

         Долбоор боюнча жалпы маалымат

Келишим түзүлгөндөн бери Подрядчы 43  км ге жакын асфальт-бетондун  төмөнкү катмарын жана 13  км асфальт-бетондун үстүңкү катмарын төшөгөн. 184 түтүктөн 127си бүткөрүлүп, 9 көпүрөдөн 2 көпүрө калыбына келтирилип жана  5 көпүрөдө иштер жүрүп жатат.

Участокко 150 адам жана 80 комплект ири көлөмдөгү техника мобилизацияланган. Мындан тышкары, Подрядчы кубаттуулугу саатына 210 тонна асфальт-бетон заводун ишке киргизди.

БАРЭК 3 коридорун өркүндөтүү долбоору боюнча, Бишкек-Ош жолу, 4-фаза, Маданият-Жалал-Абад участогун жакшыртуу,  Маданият менен Жалал-Абаддын ортосундагы 67 кмге жакын жолду  калыбына келтирүү жана кайра куруу  аркылуу улуттук жана аймактык байланышты  өнүктүрөт. Бул долбоордун жыйынтыгында Бишкек-Ош унаа жолунун Кочкор-Ата, Массы жана Базар-Коргон конуштары аркылуу өткөн 67  км де жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу натыйжалуу болот. Долбоорду ишке ашыруу республикалык жана аймактык сооданы жеңилдетет, ошондой эле,  айылдардын, калктуу конуштардын базарларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат, бул аймактын экономикалык өнүгүүсүн тездетет.

Донор: Евразия өнүктүрүүбанкы;

Консультант: Ренардет (Швейцария);

Подрядчы: Azvirt (Азербайжан);

Подрядчы менен түзүлгөн келишимдин суммасы: 64,3 млн АКШ доллары;

Долбоордун башталышы: 2018-жыл;

Долбоорду аяктоо 2023-жылга пландаштырылган;

 

         Пландаштырылган автожолдун техникалык параметрлери

Бул  участок II техникалык категориянын нормативдерине  ылайык,  2 жана 4 тилкелүү кыймылда долбоорлонгон. Автожолдун 67 км  узундугуна эсептелген жүк  огу 11,5 тоннаны түзөт.

Долбоорлонгон участоктун бардык узундугуна калыңдыгы 15 см болгон эки катмарасфальт-бетон  төшөлүп, астыңкы катмары —  9 см, үстүңкү катмары  — 6 см   калыңдыкта пландаштырылган.Долбоор, ошондой эле,  9  көпүрөнү кайра курууну жана калктуу пункттарды жарыктандырууну караштырат.

 

КРТжаЖМ басма сөз кызматы