mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2020-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинде коллегия өттү

2020-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинде 2019-жылда аткарылган иштер, жыл жыйынтыгы жана 2020-жылда аткарыла турган тапшырмалар боюнча коллегия өттү.
Анын ишине КР Вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, ведомство астындагы ишканалардын жетекчилери, коомдук кеңештин жана ММК өкүлдөрү катышты.
2019-жылда аткарылган иштер жана 2020-жылга коюлган тапшырмалар тууралуу КР Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев докладын сунуштады.
«2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы жарлыгын ишке ашыруу максатында, КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы №20 буйругуна ылайык «Санариптүү Кыргызстан 2019-2023» санариптик трнасформация Концепциясын ишке ашыруу үчүн «Жолдук карта» бекитилген.
Министрлик 2019-жылы иш-чара пландарын аткаруу максатында 6 тапшырма жана 6 иш-чара ишке ашырган – 3 «Жол картасында көрсөтүлгөн убакытка ылайык: иш чараларды аткаруу мөөнөтү 2019-2022-жылга чейин каралган. Деңгээли жана баалоо 100%.
2019-жылы төмөндөгү долбоорлор ишке ашкан:
— «Е-Kyzmat» маалыматтык тутуму ишке киргизилген
— «Infodocs» иш кагаздарын жүргүзүүнүн электрондук тутуму;
— мамлекеттик кызматтар ведомстволор аралык «Түндүк» тутумуна туташтырылган;
Ишке ашуу алдында турат:
— АИС интеграциясы (электрондук транспорттук көзөмөл) аткарылган.
(мөөнөтү 2020-жылдын 20-декабры);
— жолдорду паспортизациялоо (электрондук базаны түзүү жана ИС жол оңдоо боюнча пландаштыруу).
— коммерциялык жүк ташуучу унаадан жана автобустардан төлөмдөрдү чогултуу боюнча автоматташтырылган тутумду иштеп чыгуу менен аны ишке ашыруу (2021-жылдын 31-марты аткаруу мөөнөтү).
2018-2022-жылга карата аймактарды өнүктүрүү планы боюнча, КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы №230 токтомуна ылайык, Транспорт жана жол министрлиги тарабынан 29 тапшырма жана 29 иш чара, анын ичинен 22 иш-чара жолчарба департаменти – 8, инвестициялык долбоорлор – 14, транспорт тармагы – 1, атуулдук авиация – 4, туризм – 2 иш чара;
2019-жылга белгиленген 9 иш-чара толук көлөмдө аткарылды. Анын жол тармагы — 3, транспорт – 1, атуулдук авиация – 3, туризм – 2. Калган 20 иш-чара аткаруу алдында турат, аткаруу мөөнөтү 2022-жылга чейин каралган.
2019-жылы аткарылган иштер боюнча төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү керек:
КР Президентинин тапшырмасына ылайык 113 объекте жалпы узундугу 140,9 км (планга ылайык 139,6 км) көчөлөрдө асфальт жаткырылды.
Тажикстан республикасына чектеш Ак-Сай айылынд, Тамдык аскер заставасында жана жайытында, Лейлек районундагы, Сүлүктү шаарында, Самаркандек, Ак-Татыр райондорунда автоунаа жолдорунда курулуш иштери аткарылды (Көкташ-Аксай автожолунун 6,8 км асфальтбетон жаткырылды, Аксай-Рават автожолу кеңейтилди узундугу 6 км).
— бардыгы болуп 426,2 км аралыкка асфальтбетон жаткырылды:
— утурумдук бюджет боюнча – 137,8 км;
— ГКВ боюнча – 58,5 км
ГКВ боюнча (райборборлор) – 140,9 км:
— инвестициялык долбоорлор боюнча – 89,0 км.
Ошондой эле аткарылды:
ШПО түзмөгү – 197,5
Кара шагыл төшөө түзмөгү – 21,7 км;
Шагыл түзмөгү – 111,5 км
Бардыгы болуп узундугу 757,2 км түзгөн жол тилкесинде оңдоо иштери жасалды.
6 көпүрөнүн курулушу аяктады.
Аймактарда 27 автобустук маршруттар, эл аралык линиядан – 4, шаар аралык- 5, шаар сыртына – 15, шаар ичинде – 3;
«Исфана» жана «Кербен» аэропортторунда аэровокзалдар кеңейтилди, жалпы аянты 805,0 кв.метрди түздү.
— Эл аралык «Ысык-Көл» аэропортунда аэробекеттик комплексинин каттоо залы кеңейтмилип, көзөмөл-өткөрүү пунктунда курулуш иштери аяктады, аэропортко барган жолдор жарыктандырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы мамлекеттик программасына ылайык министрликкке коюлган 10 тапшырма жана 38 иш-чара, анын ичинде – жалпы маселелер боюнча 6 иш-чара, жол тармагында – 20, анын 15 инвестициялык долбоорлор, жол чарба депертаментинде – 5, темир жол транспорту – 3, граждандык авиация – 10 иш-чара аткарылды. 2019-жылы толугу менен 26 иш-чара аткарылды, 3 жарым-жартылай, инвестициялык долбоор боюнча — 1, атуулдук авиация – 2.
Жарым-жартылай аткарылган иш чаралар:
«Бишкек-Ош унаажолун реконструкциялоо, Фаза 4) (Маданият-Жалал-Абад тилкеси), оңдоо иштери 5% аткарылды.
«Манас» жана «Ош» эл аралык аэпортторунда байланыш чубалгыларын модернизациялоо жана ВОЛС алмаштыруу боюнча 70 пайыз иш аткарылды. 2020-жылдын 1-кварталында жыйынтыктоо пландалууда.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилген планга ылайык министрликтин алдына 7 тапшырма жана 8 иш-чара коюлган. Анын 2 жол тармагы, 3 транспорт, 1 атуулдук авиация, 2 санариптештирүү жана 1 антикоррупциялык иш аракеттер.
Жыл жыйынтыгы боюнча алдыга коюлган бардык пландар аткарылды.
Тармактык программалардын аткарылышы:
КР транспорт жана жол министрлиги 3 тармактык багытта иш алып барууда:
1.2014-2020-ж. ичинде Кыргызстанда темиржол транспортун өнүктүрүү, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы токтомуна ылайык;
2. 2016-2020-ж. КР атуулдук авиация тармагын өнүктүрүү, 2016-жылдын 17-мартында КР Өкмөтү тарабынан бекитилген №131 токтомуна ылайык.
3. Негизги жол тармагын өнүктүрүү, КР Өкмөтү тарабынан 2016-жылдын 1-июлунда №372 токтому менен бекитилген.
Темир жол тармагын өнүктүрүү багытында 2014-2020-жылга чейин негизги сегиз багытта 34 иш-чара каралган.
Аткаруу мөөнөтү 2014-жылдан 2020-жылга чейин. 2019-жылдын 31-декабрына чейин аткарыла турган 34 иш чаранын 22-пункту аткарылган, анын ичинде 5 пункту үзгүлтүксүз аткарылууда. Ал эми 12 пункт жарым-жартылай аткарылды себеп аткаруу мөөнөтү 2014-жылдан 2020-жылга чейин.
КР Өкмөтүнүн программасына ылайык атуулдук авиацияны 2016-2020-жылга чейин өнүктүрүү программасын ишке ашырууда сегиз пункту аткаруу зарыл:
Программаны ишке ашырууда, атайын иш чаралар иштелип чыккан, алардын саны 61, беш жылга эсептелген.
Программаны ишке ашруу максатында КР транспорт жана жол министрлиги, атуулдук авиация, «Кыргызаэронавигация» МИ, «МАМ» ААКсы жана Кыргыз авиациялык институту тарабынан алдыга коюлган иш планын аткаруу үчүн тийиштүү иштер жасалууда.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 15-январдагы №7 буйругуна ылайык 2020-2024-жылдарга автоунаа жолдорун өнүктүрүү боюнча консепция иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын 7-февралында өткөн министрликтин коллегиясында КР Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновго КР Өкмөт башчысы Мухамбеткалый Абылгазиевдин атынан 2019-жылы Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруудагы активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык кат тапшырды.
Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө Талас облусунда «Манас Ордо» комплексинин жолдору оңдолуп асфальт төшөлгөн, ошондой эле «Талас балбал» унаа жолунда асфальт төшөлгөн 92,0 км.