mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2018- жылдын 5-майынан баштап эл аралык «Бишкек -Ташкент» “Ташкент-Бишкек” каттамы боюнча жургунчулорду жонотуу пландаштырууда

Кыргыз автобекети Мамлекеттик ишканасы 2018 жылдын 5-майынан баштап эл аралык «Бишкек -Ташкент» каттамы боюнча жүргүнчүлѳрдү жѳнѳтүүнү  пландаштырууда. Билет чоң адамдар үчүн баасы 1000 сомдон, 5-12 жашка чейинки балдарга 500 сом. 5 жашка чейинки балдарга акысыз (орун ээлебесе). Багаждын бир орундугу 200 сом. Билеттер «Кыргыз автобекети»  (Западный автовокзал) ишканасынын кассаларында сатылат.
автобустук каттамды Кыргызстандык «Транс Союз Азия » ачык акционердик коом тейлет. Ал эми Озбекистан тараптан OOO  MIRONSHOX GRAND TRANS автотранспорт ишканалары тейлейт.

«Бишкек –Ташкент» жана «Ташкент-Бишкек» рейс күнүгө сат 22.00 жөнөп турат.

Ташкент-Бишкек  эл аралык автобустук каттамын жаңыртуу келишими 2017-жылдын  13-14-декабрындагы Ташкент шаарында   эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда түзүлдү.

Маалымат ирээтинде айта кетсек. Март айында  №455/456 «Балыкчы-Бишкек-Ташкент» поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттап баштады. Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Балыкчыдан кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Тактап айтканда 2018-жылдын 22-мартында бейшемби күнү Ташкент шаарынан чыгып, 23-мартта жума күнү Рыбачьеге келди. Ал эми 24-март ишемби күнү Рыбачьеден кайра жөнөп, 25-март жекшемби күнү Ташкент шаарына жөнөп кетти. Курамында 7 купе вагону, 3 плацкарт вагону жана вагон рестораны бар.

Учурда жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамына билеттер сатыла баштады. Билет баалары: Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 2500 сомдон, купе вагонуна 3378 сомдон жана люкс вагонуна 6432 сомдон.

Эске салсак, алгачкы каттамды Кыргызстан тарап борборубуздагы “Бишкек II” темир жол бекетинде расмий салтанат менен тосуп алды. Алгачкы каттам менен Өзбекстан республикасынан 77 адам расмий делегация менен келди. Алар Балыкчы шаарында болушуп, Кыргызстандын бермети болгон Ыссык-Көл менен таанышып кайтышты.

КР ТжЖМ басма сөзкызматы