1957-жылдын 30-сентябрындагы Женевада түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө (ДОПОГ) макулдашууну жүзөгө ашыруунун чаралары жөнүндө
- 48 просм.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ | МИНИСТЕРСТВО ТРАНСПОРТА И КОММУНИКАЦИЙ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
БУЙРУК
ПРИКАЗ
Бишкек ш.
_______________№_________ г. Бишкек
1957-жылдын 30-сентябрындагы Женевада түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө (ДОПОГ) макулдашууну жүзөгө ашыруунун чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 “1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө (ДОПОГ) макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” токтомун жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнундө жобого ылайык, буйрук кылам:
- Бекитилсин:
— Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү тартиби, ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;
— Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү берүү тууралуу
тартиби, ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык;
— Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды кесиптик кайра даярдоонун типтик кошумча кесиптик программасы, ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык;
— Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттардын квалификациясын жогорулатуу үчүн типтүү кошумча кесиптик программа, ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык;
— Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (базалык курс), ушул буйруктун 5-тиркемесине ылайык;
— Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (цистерналарда ташуу боюнча адистештирилген курс), ушул буйруктун 6-тиркемесине ылайык;
— Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль менен ташуу жөнүндө макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (1-класс заттарын жана буюмдарын ташуу боюнча адистештирилген курс), ушул буйруктун 7-тиркемесине ылайык;
— Кооптуу жүктөрдү эл аралык автоунаа менен ташуу жөнүндө келишимге ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча адистештирилген курс), ушул буйруктун 8-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды кызыктар тараптарга жеткирсин.
- Маалыматтык саясат сектору ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгы:
— расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү учүн ушул буйруктун эки нускасын – мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук форматта жана жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берсин;
— бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, маалымат үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.А. Тургунбаевге жүктөлсүн.
Министр Т.О. Солтобаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ | МИНИСТЕРСТВО ТРАНСПОРТА И КОММУНИКАЦИЙ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
БУЙРУК
ПРИКАЗ
Бишкек ш.
_______________№_________ г. Бишкек
«О мерах по реализации Соглашения о международной дорожной перевозке опасных грузов (ДОПОГ), совершенное в Женеве 30 сентября 1957 года»
В целях реализации постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики «О присоединении Кыргызской Республики к Соглашению о международной дорожной перевозке опасных грузов (ДОПОГ), совершенному в Женеве 30 сентября 1957 года» от 30 июня 2025 года № 379 и в соответствии с Положением о Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики, утвержденным постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики «О Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики» от 1 июля 2021 года № 55, приказываю:
1.Утвердить:
— Порядок определения образовательных организаций,утверждения курсов подготовки, проведения экзаменов для проверки необходимого объема знаний и выдачи свидетельств о подготовке водителей автотранспортных средств, перевозящих опасные грузы, согласно приложению 1 к настоящему приказу;
— Порядок проведения экзаменов и выдачи свидетельств о профессиональной подготовке консультантов по вопросам безопасности перевозки опасных грузов автомобильным транспортом, согласно приложению 2 к настоящему приказу;
- Типовую дополнительную профессиональную программу профессиональной переподготовки консультантов по вопросам безопасности перевозки опасных грузов автомобильным транспортом в области международных автомобильных перевозок, согласно приложению 3 к настоящему приказу;
- Типовую дополнительную профессиональную программу повышения квалификации консультантов по вопросам безопасности перевозки опасных грузов автомобильным транспортом в области международных автомобильных перевозок, согласно приложению 4 к настоящему приказу;
— Типовую программу профессионального обучения по программе повышения квалификации водителей, осуществляющих перевозки опасных грузов в соответствии с Соглашением о международной дорожной перевозке опасных грузов (базовый курс), согласно приложению 5 к настоящему приказу;
— Типовую программу профессионального обучения по программе повышения квалификации водителей, осуществляющих перевозки опасных грузов в соответствии с Соглашением о международной дорожной перевозке опасных грузов (специализированный курс по перевозке в цистернах), согласно приложению 6 к настоящему приказу;
— Типовую программу профессионального обучения по программе повышения квалификации водителей, осуществляющих перевозки опасных грузов в соответствии с Соглашением о международной дорожной перевозке опасных грузов (специализированный курс по перевозке веществ и изделий класса 1), согласно приложению 7 к настоящему приказу;
— Типовую программу профессионального обучения по программе повышения квалификации водителей, осуществляющих перевозки опасных грузов в соответствии с Соглашением о международной дорожной перевозке опасных грузов (специализированный курс по перевозке радиоактивных материалов класса 7), согласно приложению 8 к настоящему приказу.
2. Департаменту наземного и водного транспорта при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики довести нормативные правовые акты, указанные в пункте 1 настоящего приказа до сведения заинтересованных лиц.
3. Сектору информационной политики обеспечить опубликование настоящего приказа на веб-сайте Министерства транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики в течение трех рабочих дней со дня его регистрации.
4. Управление транспортной политики Министерства транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики:
— в течение трех рабочих дней со дня официального опубликования направить копии настоящего приказа в двух экземплярах, на государственном и официальном языках, на бумажном и электронном носителях, с указанием информации об источнике его опубликования в Министерство юстиции Кыргызской Республики для включения в Государственный реестр нормативных правовых актов Кыргызской Республики;
— в течение трех рабочих дней со дня вступления настоящего приказа в силу направить его в Администрацию Президента Кыргызской Республики для информации.
5. Настоящий приказ вступает в силу со дня официального опубликования.
6. Контроль за исполнением настоящего приказа возложить на заместителя министра транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики Тургунбаева А.А.
Министр Т.О. Солтобаев
КР ТКМ «__»_____________ 2026-ж.
№_______ буйругуна 1-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды даярдоо жөнүндөгү күбөлүктөрдү берүү тартиби
- Жалпы жоболор
- Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо курстарын бекитүү, зарыл болгон билим көлөмүн текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана даярдык жөнүндө күбөлүктөрдү берүү тартиби (мындан ары – Тартип) 1957-жылдын 30-сентябрындагы Кооптуу жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө Европа макулдашуусунун (мындан ары – ДОПОГ) В тиркемесинин 8.2-главасына («Транспорт каражатынын экипажын даярдоого коюлуучу талаптар») ылайык төмөнкү маселелерди аныктайт: кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларды даярдоочу билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо курстарын бекитүү, мындай айдоочулардын зарыл билим деңгээлин текшерүү үчүн экзамен өткөрүү, ошондой эле даярдык жөнүндө күбөлүктөрдү тариздөө, берүү жана алуу тартиби.
- Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо курстарын бекитүү жана билим берүү уюмдарын аныктоо жөнүндө чечим транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – транспорт чөйрөсүндөгү орган) тарабынан кабыл алынат жана кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарын бекитүү жөнүндө күбөлүк (мындан ары – курстарды бекитүү тууралуу күбөлүк) менен таризделет.
3. Кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларды даярдоого уруксат берилген, негизги кесиптик окутуу программаларын (жумушчу кесиптери жана кызмат орундары боюнча кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программаларын) ишке ашыруучу билим берүү уюмдары (мындан ары – билим берүү уюму) жөнүндө маалымат транспорт чөйрөсүндөгү органдын расмий сайтында төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен жайгаштырылат:
а) даярдоо курстарынын тизмесиндеги билим берүү уюмунун каттоо номери;
б) билим берүү уюмунун аталышы, уюштуруучулук-укуктук формасы, билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн жери, дареги жана жайгашкан жери;
в) курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктүн номери жана берилген күнү;
г) ишке ашырылып жаткан даярдоо курстарынын аталышы;
д) курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалымат;
е) курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктүн күчүн жоготуу жөнүндө маалымат.
4. Билим берүү уюмдары билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензияга, квалификациялуу персоналга жана транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан бекитилген окутуу программаларына ээ болууга, ошондой эле жабдылган окуу класстарына, окуу куралдарына, көрнөк-жарнама материалдарына жана техникалык окутуу каражаттарына ээ болууга милдеттүү.
II. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын жана консультанттарын даярдоого уруксат берилген билим берүү уюмдарынын тизмесин аныктоо
- Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын жана консультанттарын даярдоого уруксат берилген билим берүү уюмдарынын тизмесин аныктоо — бул билим берүү уюмдарынын окуу процессинин сапатына жана бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарына транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан коюлган талаптарга ылайык билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн тастыктоо процедурасы болуп саналат. Бул талаптар ДОПОГ талаптарына ылайык иштелип чыккан бирдиктүү программалар боюнча кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоону камтыйт.
- Транспорт чөйрөсүндөгү орган билим берүү уюмдарынын тизмесин аныктайт.
- Тизмени аныктоонун максаттары:
- билим берүү кызматтарынын жогорку деңгээлин камсыз кылуу;
- окуу процессинин сапатына көз карандысыз эксперттик көзөмөл жүргүзүү.
- Окуу процессин аныктоонун негизги принциптери:
- объективдүүлүк;
- компетенттүүлүк;
- ачык-айкындуулук.
- Тизмеге киргизүүнүн милдеттүү шарттары:
- билим берүү уюмунун кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндө билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиясынын болушу;
- арыз берүүчү билим берүү уюму боюнча экспертизанын оң жыйынтыгы.
- Билим берүү уюмдарынын экспертизасы — бул алардын транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан коюлган талаптарга шайкештигин комплекстүү баалоо болуп саналат.
- Тизмеге киргизүү билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан берилген арыздын негизинде жүргүзүлгөн экспертизанын оң жыйынтыгынын негизинде ишке ашырылат. Арыз ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык берилет.
- Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү (лицензиянын тиркемеси менен кошо, анда уруксат берилген билим берүү багыттары көрсөтүлөт);
- ушул Тартиптин 2, 3, 4, 5-тиркемелеринде көсөтүлгөн формада окутулуучу курстар, материалдык-техникалык база жана педагогикалык кадрлар жөнүндө маалымат.
Документтердин көчүрмөлөрү билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан кол коюлуп, мөөр менен бекитилиши керек.
- Экспертизанын максаты — билим берүү уюмунун кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо ишмердүүлүгүн бирдиктүү программалардын мазмунуна жана сапат критерийлерине ылайык сапаттуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн баалоо болуп саналат.
- Билим берүү уюмунун экспертизасын жүргүзүү үчүн транспорт чөйрөсүндөгү органдын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамы транспорт чөйрөсүндөгү органдын буйругу менен бекитилет. Экспертизаны өткөрүү мөөнөтү арыз катталган учурдан тартып эсептелет жана эки айдан ашпоого тийиш.
- Эксперттик корутундунун долбоорун даярдоодо комиссиянын төрагасы комиссия мүчөлөрүнө берилген бардык документтер боюнча экспертиза жүргүзүүнү тапшырат. Зарыл болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн окуу уюмуна барып текшерүү жүргүзүүсү мүмкүн.
- Экспертизанын корутундусу комиссиянын жыйынында анын жалпы курамынын кеминде 2/3 бөлүгү катышкан учурда бекитилет. Комиссиянын чечими бардык мүчөлөр тарабынан кол коюлган протокол менен таризделет. Эксперттик комиссиянын корутундусунун көчүрмөсү окуу уюмуна жөнөтүлөт.
Комиссия билим берүү уюмуна аккредитация берүүдөн баш тартышы мүмкүн, мында баш тартуунун себептери милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Терс чечим кабыл алынган учурда билим берүү уюму баш тартуунун себептерин жойгондон кийин кайра арыз бере алат.
- Комиссиянын оң чечими болгон учурда транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан билим берүү уюмуна кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо боюнча кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын тизмесине киргизилгендиги жөнүндө күбөлүк берилет. Бул күбөлүк мөөнөтсүз берилет, бирок ар үч жылда бир текшерилип турат (ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык).
- Билим берүү уюмунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары белгиленген талаптарга шайкеш келбеген фактылар аныкталган учурда, тизмеге киргизилгендиги жөнүндө күбөлүк мөөнөтүнөн мурда күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн. Бул учурда билим берүү уюмуна күбөлүктү чакыртып алуу жөнүндө чечим жөнөтүлөт. Мындай учурда тизмеге кайра киргизүү үчүн арыз билим берүү уюму тарабынан күбөлүктү мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес берилет. Тизмеге киргизилген билим берүү уюмдары транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилген бирдиктүү программалар боюнча иш жүргүзүү укугуна ээ болушат.
III. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарын бекитүү
- Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарын бекитүү жөнүндө арыз (мындан ары – курстарды бекитүү жөнүндө арыз) билим берүү уюму тарабынан транспорт чөйрөсүндөгү органга берилет.
- Курстарды бекитүү жөнүндө арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
а) транспорт чөйрөсүндөгү органдын аталышы;
б) билим берүү уюмунун толук аталышы (уюштуруучулук-укуктук формасы, билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн жери, дареги жана жайгашкан жери көрсөтүлөт);
в) сунушталган даярдоо курстары (негизги курс, цистерналарда ташуу боюнча адистештирилген курс, 1-класстагы заттарды жана буюмдарды ташуу боюнча адистештирилген курс, 7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча адистештирилген курс (ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.3-бөлүкчөсү);
г) билим берүү уюмунун жетекчисинин фамилиясы, кызматы, колу жана мөөрү.
- Курстарды бекитүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:
а) ДОПОГго ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча типтик программаларга ылайык иштелип чыккан кесиптик окутуу программасы (программалары), сабактардын күн тартиби жана окутуунун пландалган ыкмалары;
б) билим берүү уюмунда менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде материалдык-техникалык жана маалыматтык-методикалык камсыздоонун бар экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү жана (же) маалымат;
в) тиешелүү программаларды ишке ашыруу шарттарына ылайык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын тастыктаган билим берүү документтеринин көчүрмөлөрү;
г) курстар өткөрүлүүчү жайлар жөнүндө маалымат (билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө арналган жайлардын менчикте же башка мыйзамдуу негизде бар экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү);
д) окутула турган адамдардын максималдуу саны жөнүндө маалымат;
е) билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү.
- Транспорт чөйрөсүндөгү орган курстарды бекитүү жөнүндө арыз катталган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде арыздын туура толтурулгандыгын, анда көрсөтүлгөн маалыматтардын жана тиркелген документтердин ишенимдүүлүгүн текшерет жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
— арызда туура эмес жана (же) толук эмес маалымат болсо, аны кайтарат;
— курстарды бекитүү жөнүндөгү арызды кароого кабыл алат.
- Ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча транспорт чөйрөсүндөгү орган арыз катталган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктү берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
- Курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктү берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган транспорт чөйрөсүндөгү орган бул тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумушчу күндөн кечиктирбестен, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен билим берүү уюмун жазуу жүзүндө маалымдайт.
- Транспорт чөйрөсүндөгү орган ушул Тартиптин 18-пунктунда көрсөтүлгөн туура эмес жана (же) толук эмес маалыматтар берилген учурда күбөлүк берүүдөн баш тартат.
- Курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- каттоо номери жана катталган күнү;
- уюштуруучулук-укуктук формасы, билим берүү жүргүзүлгөн жери, дареги жана жайгашкан жери менен билим берүү ишмердүүлүгүнүн толук аталышы;
- даярдоо курстары (базалык курс, цистерналарда ташуу боюнча адистештирилген курс, 1-класстагы заттарды жана буюмдарды ташуу боюнча адистештирилген курс, 7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча адистештирилген курс) (ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.3-бөлүкчөсү).
Курстарды бекитүү тууралуу күбөлүк транспорт чөйрөсүндөгү органдын жетекчиси тарабынан кол коюлуп, мөөр менен бекитилет жана аны берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде билим берүү уюмуна берилет.
- Транспорт чөйрөсүндөгү орган төмөнкү учурларда берилген курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктүн аракетин токтотот (ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.6.5-пунктунун «d» пункту – бекитүү шарттары аткарылбаса, бекитүү кайтарылып алынышы мүмкүн):
— билим берүү уюмунун билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиясынын күчү токтотулган (же убактылуу токтотулган) учурда;
— ДОПОГдун 8.2-главасынын программалары жана талаптары сакталбаганда;
— даярдыктан өткөндү күбөлөндүргөн документтерди тариздөө бөлүгүндө тиешелүү даярдоонун шарттары бузулган учурда.
- Билим берүү уюмдары окутуу башталганга чейин кеминде үч жумушчу күн мурда сабактардын ырааттамасын транспорт чөйрөсүндөгү органга берүүсү керек.
- Автомобиль транспорту жана жол чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдүн жүрүшүндө ушул Тартиптин 24-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталган учурда транспорт чөйрөсүндөгү орган күбөлүктүн аракетин 90 күндөн ашпаган мөөнөткө токтотот.
Курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктүн аракетин токтотуу жөнүндө чечим, транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде себептерин көрсөтүү менен билим берүү уюмуна жазуу жүзүндө жөнөтүлөт. - Билим берүү уюму күбөлүктүн аракетин токтотуу мөөнөтү аяктаганга чейин токтотууга себеп болгон жагдайларды жойгондугу жөнүндө билдирүүнү (мындан ары — арызды) тиешелүү далил документтер менен кошо транспорт чөйрөсүндөгү органга берүүгө милдеттүү.
- Арызды жана ага тиркелген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча транспорт чөйрөсүндөгү орган 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
а) курстарды бекитүү жөнүндөгү күбөлүктүн аракетин калыбына келтирүү;
б) арызды канааттандыруудан баш тартуу.
- Курсту бекитүү жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугун узартуу же арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бир жумушчу күндүн ичинде транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан жазуу жүзундө билим берүү уюмуна жөнөтүлөт.
- Транспорт чөйрөсүндөгү орган төмөнкү учурларда курстарды бекитүү жөнүндөгү күбөлүктүн аракетин токтотот:
- транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан курстарды бекитүү жөнүндөгү күбөлүктүн аракетин токтотуу жөнүндөгү биринчи чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдын ичинде курсту бекитүү жөнүндө күбөлүктүн аракетин бир нече жолу токтото куруу;
- билим берүү уюмун жоюу же кайра уюштуруунун натыйжасында ишмердүүлүгүн токтотуу;
- билим берүү уюмунун арызынын негизинде.
Курсту бекитүү жөнүндөгү күбөлүктүн аракетин токтотуу жөнүндөгү чечим транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө билим берүү уюумуна жөнөтүлөт.
- Күбөлүк жоголгон, бузулган же уурдалган учурда анын дубликатын алуу үчүн билим берүү уюму транспорт чөйрөсүндөгү органга төмөнкү документтерди берет:
- жоголуу, бузулуу же уурдалыш жагдайлары көрсөтүлгөн арыз;
- курстарды бекитүү жөнүндөгү бузулган күбөлүк (эгер бузулган болсо).
- Билим берүү уюму кайра уюштурулган, аталышы, жайгашкан жери же башка маалыматтары өзгөргөн учурда тиешелүү өзгөртүүлөрдү тастыктаган документтер менен кошо арыз берилет.
- Ушул Тартиптин 31–32-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда курстарды бекитүү тууралуу күбөлүк (же анын дубликаты) арыз катталган күндөн тартып үч жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан берилет.
IV. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынын зарыл билим деңгээлин текшерүү үчүн экзамен өткөрүү
- Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынын зарыл билим деңгээлин текшерүү үчүн экзамен өткөрүү (мындан ары – экзамен) транспорт чөйрөсүндөгү органдын чечиминин негизинде түзүлгөн комиссия (мындан ары – экзамендик комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
- Билим берүү уюму тиешелүү даярдоо курсу аяктаганга чейин кеминде үч жумушчу күн мурда тиешелүү даярдоо курсу боюнча экзамен өткөрүү убактысын, күнүн жана ордун аныктоо үчүн экзамендик комиссияны жазуу жүзүндө кагазда же электрондук документтин образында электрондук формада (реквизиттерин сактап сканирлөө жолу менен электрондук формага айланган кагаздагы документтер) маалымдайт.
Экзамендик комиссия тиешелүү даярдоо курсу боюнча экзаменди ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн маалымат алынган күндөн тартып 30 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө өткөрүүгө тийиш.
Экзамендик комиссия тиешелүү даярдоо курсу боюнча экзамендин убактысы, күнү жана өткөрүлүүчү жери жөнүндө билим берүү уюмуна экзамен өткөрүлө турган күндөн кеминде 10 жумушчу күн мурда маалымдайт.
- Экзамендик комиссия ДОПОГдун 8.2.2.3.2 – 8.2.2.3.5-пункттарында көрсөтүлгөн темалар боюнча экзамендик суроолордун тизмесин даярдайт. Сынактык суроолор ушул тизмеден тандалат. Экзаменге чейин окутуудан өткөн жана кооптуу жүктү ташуучу автотранспорт каражатынын айдоочусун даярдоо жөнүндөгү күбөлүктү алууга талапкер болгон адам (мындан ары – талапкер) тизмеден тандалган суроолордун мазмунун билбөөгө тийиш.
- Экзамендер экзамендик комиссия тарабынан тест түрүндө (кагаз же электрондук форматта) өткөрүлөт. Талапкер берилген суроолордун кеминде 75 пайызына туура жооп берген учурда экзамен тапшырылды деп эсептелет.
- Базалык даярдоо курсу боюнча экзамен жазуу түрүндө же айкалышкан (жазуу жана оозеки) формада өткөрүлөт. Ар бир талапкерге кеминде 50 тесттик тапшырма кеминде 90 мүнөт ичинде берилет.
- Базалык даярдоо курсун боюнча экзаменди тапшыргандан кийин жана цистерналарда ташуу же 1-класстагы заттарды жана буюмдарды ташуу же 7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча адистештирилген курстан өткөндөн кийин талапкер тиешелүү даярдыкта экзаменди тапшырууга киргизилет.
Экзамен ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.7.1-пунктунда баяндалган жана базалык курс боюнча даярдоодо көрсөтүлгөн талаптардын негизинде өткөрүлөт. Экзамендик комиссия конкреттүү учурга жараша (ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.7.2.2-пункту) ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.3.3, 8.2.2.3.4 жана 8.2.2.3.5-пункттарында кыскача баяндалган темалар боюнча экзамендик суроолордун тизмесин даярдайт.
Даярдоонун адистештирилген курсу боюнча экзамен өткөрүлгөндө кеминде 15 жазуу суроо берилип, экзамендин узактыгы кеминде 30 мүнөттү түзөт.
- Экзаменди биринчи жолкусунда тапшыра албаган талапкер экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып 2 айдын ичинде кайра окутуудан өтпөстөн экзаменди кайра тапшыра алат, бирок катары менен 3 жолудан ашпоого тийиш. Бул үчүн ал экзамендик комиссияга жазуу жүзүндө (кагаз же электрондук формада) кайра тапшыруу жөнүндө арыз берет.
Кайра экзамен өткөрүү күнү экзамендик комиссия тарабынан аныкталып, талапкерге жазуу жүзүндө (кагаз же электрондук формада) билдирилет.
Эгер талапкер экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин экзаменди тапшыра албаса, ал кайрадан билим берүү уюмунда окутуудан өтүүгө милдеттүү.
V. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жөнүндө күбөлүктү тариздөө, берүү жана алуу
- Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражатынын айдоочусун даярдоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары – айдоочуну даярдоо жөнундөгү күбөлүк) талапкер экзаменди ийгиликтүү тапшырган учурда жана күбөлүк алуу жөнүндө арыз болгон шартта билим берүү уюму тарабынан берилет.
Айдоочуну даярдоо жөнүндөгү күбөлүк төлөмдү тастыктаган документ берилген үндөн тартып үч жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө берилет.
- Айдоочуну даярдоо жөнүндөгү күбөлүк мамлекеттик жана англис тилдеринде таризделет жана ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык үлгүгө туура келүүгө тийиш.
- Айдоочуну даярдоо жөнүндөгү күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү тиешелүү даярдоо курсу боюнча экзамен тапшырылган күндөн тартып беш жылды түзөт (ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.8.2-пункту).
Айдоочуну даярдоо жөнүндөгү күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу (жаңы күбөлүк алуу), ДОПОГдун 8.2.2.8-бөлүмүндө көрсөтүлгөн учурларда күбөлүктү алмаштыруу, ошондой эле ээси жөнүндө жеке маалыматтар өзгөргөн учурда, мурда берилген күбөлүк жоголгон, уурдалган же бузулган (эскирген) учурда дубликатын берүү — ушул Тартипте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
- Күбөлүк ДОПОГдун 8.2.2.8.5-пунктунда көрсөтүлгөн үлгүгө ылайык келүүгө тийиш. Анын өлчөмү ISO 7810:2003 ID-1 стандартына туура келиши жана пластиктен жасалышы керек. Түсү ак, шрифти кара болушу зарыл.
Күбөлүктө кошумча коргоо элементтери колдонулат, мисалы: голограмма, ультракызгылт көк жарыкта гана көрүнгөн сүрөт, гильоширдик үлгү, ошондой эле анын аныктыгын жана электрондук маалымат базасындагы тийиштүү жазууга жеткиликтүүлүгүн текшерүү үчүн QR-код жайгаштырылат.
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 1-тиркеме
Форма
АРЫЗ
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо боюнча кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын тизмесине киргизүү үчүн окуу жайы тарабынан берилүүчү арыз
(уставга ылайык билим берүү уюмунун толук аталышы, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, телефону, факсы, реквизиттери)
____________________________________________________________
(транспорт чөйрөсүндөгү органдын аталышы)
тарабынан бекитилген бирдиктүү программалар боюнча эл аралык автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга арналган кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу окуу уюмдарынын тизмесине киргизүүнү өтүнөм.
Тиркемелер: ____________________________________________________________
(тиркелген бардык документтерди тизмелөө)
Билим берүү уюмунун жетекчиси ______________ ______________
(колу) (аты-жөнү)
«_______» ___________________ 20__ ж.
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 2-тиркеме
Форма
Окутулуп жаткан курстар жана окуучулардын курамы жөнүндө маалымат
| № | Окуучулардын категориясы | Окутулуучу курс: аталышы, сааттардын саны | Ар бир көрсөтүлгөн курстун программасы боюнча орто эсеп менен бир жылда канча адам окутулат | Окутуу аяктагандан кийин кандай документ берилет (документтин үлгүсү тиркелсин) |
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 3-тиркеме
Форма
Окуу уюмунун материалдык-техникалык базасы жөнүндө маалымат
| № № | Курулманын тиби, кабаттуулугу, иш жүзүндөгү дареги | Ээлик кылуу формасы (менчик укугу, ижара ж.б.) | Курулган жылы | Жалпы аянты | Көрсөтүлгөн даярдоо багыттары боюнча окуу процессинде колдонулуучу окуу бөлмөлөрү (аянты, аудиториянын тиби) |
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 4-тиркеме
Форма
Колдонулуп жаткан окуу-лабораториялык база жана окуу
процессинин техникалык жабдылышы жөнүндө маалымат
| №№ | Колдонулуп жаткан окуу-лабораториялык база | Техникалык каражаттын түрү | Техникалык каражаттын тиби, маркасы, модели | Техникалык каражаттын чыгарылган жылы | Ээлик кылуу формасы (менчик укугу, ижара ж.б.) |
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 5-тиркеме
Форма
Окуу процессин камсыз кылуучу педагогикалык кадрлар жөнүндө
маалымат
| №№ | ААты-жөнү | Окулуучукурс | Кызмат орду | Билими (адистигин көрсөтүү) | Илимий даражасы, наамы | Иш стажы, педагогикалык стажы | Көрсөтүлгөн курсту канча убакыттан бери окутат |
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 6-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо боюнча кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын тизмесине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн үлгүсү
Форма
(транспорт чөйрөсүндөгү органдын аталышы)
КҮБӨЛҮК № ___
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо боюнча кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын Тизмесине киргизилгендиги жөнүндө
(билим берүү уюмунун аталышы)
(юридикалык дареги)
(иш жүзүндөгү дареги)
Жетекчи ________________ _________________
(колу) (аты-жөнү)
М.О. (мөөр) Дата
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 7-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын айдоочулары үчүн даярдык жөнүндө күбөлүк үлгүсү
Алдыңкы бети
| АЙДООЧУНУ ДАЯРДОО ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮК ДОПОГ ADR DRIVER TRAINING CERTIFICATE КҮБӨЛҮК № * ФАМИЛИЯСЫ*3. АТЫ ЖАНА АТАСЫНЫН АТЫ *Место для 4. ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: күнү / айы/ жылы *фотографии 5. ЖАРАНДЫГЫ *водителя* 6. АЙДООЧУНУН КОЛУ *КҮБӨЛҮКТҮ БЕРГЕН ОРГАН *8. ЖАРАКТУУЛУК МӨӨНӨТҮ: күнү / айы/ жылы * |
| KG |
Оо
* Текстти тиешелүү маалыматтар менен алмаштыруу.
Арткы бети
| Класс (тар) же БУУ № үчүн жарактуу:Valid of class (es) or UN Nos: 9. 10. |
| Цистерны/ Tanks |
| Кроме цистерн/Other than tanks |
| * |
| * |
999.
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
| * |
- Классты же БУУнун (ООН) номери(лерин) көрсөтүү*
- Классты же БУУнун (ООН) номери(лерин) көрсөтүү*
КР ТКМ «__»_____________ 2026-ж.
№_______ буйругуна 2-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү берүү тууралуу
тартиби
I. Жалпы жоболор
- Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана экзамен өткөрүү тартиби (мындан ары – Тартип) 1957-жылдын 30-сентябрындагы Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль транспорту менен ташуу жөнүндө Европа макулдашуусунун (мындан ары – ДОПОГ) А тиркемесинин 1.8.3-бөлүмүн («Коопсуздук маселелери боюнча консультант») ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү алуу үчүн экзаменди уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле аларды тариздөө, берүү жана алуу маселелерин аныктайт.
- Экзамен консультанттыкка талапкердин билиминин сапатын текшерүү жана баалоо, аны практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу жөндөмүн, чыгармачыл ой жүгүртүүсүнүн деңгээлин жана консультант кызматтык милдеттеринин алкагындагы практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү деңгээлин аныктоо максатында уюштурулат.
II. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн экзаменди уюштуруу жана өткөрүү
- Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн консультанттыкка талапкер транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан бекитилген программалардын бирине ылайык окутуудан өтүп, экзаменди ийгиликтүү тапшырууга тийиш.
- Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды даярдоо программасы боюнча окутуу квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайрадан даярдоо боюнча кошумча кесиптик программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
- Даярдоонун негизги максаты – талапкерге ДОПОГдун 1.8.3-бөлүмүнө ылайык консультанттарга коюлуучу талаптар, ошондой эле автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар боюнча билим берүү болуп саналат.
- Консультанттардын билимин текшерүү үчүн экзамен транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – транспорт чөйрөсүндөгү орган) чечиминин негизинде түзүлгөн комиссия (мындан ары – экзамендик комиссия) тарабынан уюштурулат.
Билим берүү уюму тиешелүү даярдоо курсу аяктаганга чейин кеминде беш жумушчу күн мурда экзамендик комиссияны талапкерлердин билимин текшерүү жана баалоо убактысын, күнүн жана ордун аныктоо үчүн маалымдайт.
Экзамен комиссияга маалымат түшкөн күндөн тартып 30 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө өткөрүлөт. Экзамендик комиссия экзамендин убактысы, күнү жана орду тууралуу билим берүү уюмун кеминде 10 жумушчу күн мурда кабарлайт.
Ошол эле учурда билим берүү уюму экзамендик комиссияга экзамен тапшырууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жана ар бир талапкер боюнча экзамендик баракчаны ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык төмөнкү маалыматтар менен жөнөтөт:
- фамилиясы, аты, атасынын аты;
- туулган жылы;
- билими тууралуу маалымат;
- кызмат орду жана уюмдун аталышы.
- Экзамендик комиссия:
- экзамендик тапшырмаларды даярдайт;
- консультанттыкка талапкерлерге экзамен өткөрүү тартибин түшүндүрөт;
- экзаменди өткөрөт жана жыйынтыгын чыгарат;
- экзамендин жыйынтыктарын карап чыгып, талапкерлерди экзамендин жыйынтыгы жөнүндө кабардар кылат.
- Консультанттыкка талапкер экзаменге Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту же башка инсандыгын тастыктаган документ, ошондой эле консультанттарды даярдоо программасы боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган документ менен гана киргизилет.
Паспорт же башка документти көрсөтпөгөн, же экзамен башталышына кечигип келген, же окутуудан өткөндүгүн тастыктаган документти көрсөтпөгөн консультанттыкка талапкер экзаменге киргизилбейт.
- Экзамен экзамендик комиссия тарабынан тесттик жана практикалык тапшырмалар түрүндө өткөрүлөт жана ДОПОГдун 1.8.3.12-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
- Тесттик жана практикалык тапшырмалар экзамендик комиссия тарабынан даярдалат жана бекитилет.
- Экзамен талапкер суроолордун кеминде 75 пайызын туура жооп берген жана практикалык тапшырманы ката кетирбей аткарган учурда тапшырылды деп эсептелет.
- Ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык экзамендин жыйынтыгы боюнча экзамендик комиссия экзамендик комиссиянын отурумунун протоколун түзөт, ошондой эле ар бир талапкер үчүн экзамендик баракча толтурулат. Анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- кошумча берилген суроолор;
- комиссия мүчөлөрү тарабынан айтылган сын-пикирлер жана сунуштары;
- экзамендин жыйынтыгы.
- Экзаменди тапшыра албаган консультанттыкка талапкер экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып эки ай ичинде кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды даярдоо программасы боюнча кайра окутуудан өтпөстөн экзаменди кайра тапшыра алат, бирок үч жолудан ашпоого тийиш. Бул үчүн ал экзамендик комиссияга кайра тапшыруу жөнүндө арыз берет.
Экзаменди кайра тапшыруу күнү жана убактысы экзамендик комиссия тарабынан аныкталып, талапкерге билдирилет.
Эки ай өткөндөн кийин экзаменди тапшыра албаса, консультанттыкка талапкер кайрадан билим берүү уюмунда кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча окутуудан өтүүгө милдеттүү.
III. Консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү тариздөө, берүү жана алуу
- Ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары – күбөлүк) талапкер экзаменди ийгиликтүү тапшырган жана күбөлүк алуу жөнүндө арыз берген учурда транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан берилет.
Күбөлүк аны берүү үчүн төлөм жүргүзүлгөндүгү тастыкталган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде берилет.
Арыз ээси өз демилгеси менен күбөлүк үчүн төлөмдү тастыктаган документтерди бере алат.
Ушул Тартиптин 4, 5, 6-тиркемелерине ылайык күбөлүк мамлекеттик жана/же расмий жана/же англис тилдеринде таризделет, билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан кол коюлуп, мөөр менен бекитилет.
Күбөлүк ДОПОГдун 1.8.3.18-пунктунда көрсөтүлгөн үлгүгө ылайык келүүгө тийиш.
Күбөлүктүн бланктары атайын жасалма жасоодон коргоочу элементтер менен басмакана ыкмасы аркылуу даярдалат жана ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.8.3-пунктунун талаптарына жооп берген корголгон полиграфиялык продукция болуп эсептелет.
- Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү беш жылды түзөт. Эгерде күбөлүктүн ээси мөөнөтү аяктаганга чейинки бир жыл ичинде ДОПОГдун А тиркемесинин 1.8.3.16.1-пунктуна ылайык экзаменди ийгиликтүү тапшырса, күбөлүктүн мөөнөтү ар бир жолу анын мөөнөтү аяктаган күндөн тартып дагы беш жылга узартылат.
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
1 — тиркеме
Сунушталган үлгү
Экзамендик баракча
- Фамилиясы, аты, атасынын аты ___________________________
- Туулган жылы_________________________________________
- Билими жөнүндө маалымат_______________________________
- Кызмат орду жана уюмдун аталышы_______________________
- Экзамен тапшыруучуга берилген кошумча суроолор:_________
___________________________________________________________
___________________________________________________________
___________________________________________________________
- Экзамендик комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан айтылган сын-пикирлер жана сунуштар: _____________________________________
___________________________________________________________
- Экзамендин жыйынтыгы________________________________
Комиссиянын төрагасы (колу)
Комиссия мүчөлөрү (колу)
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
2 – тиркеме
Сунушталган үлгү
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттыкка талапкерлердин билим деңгээлин текшерүү жана баалоо үчүн экзамендик комиссиянын жыйынынын
№ ___ ПРОТОКОЛУ
«______» __________________ 202 __ ж.
______________ ж. № ____ буйрук менен дайындалган экзамендик комиссияын курамы төмөнкүчө:
Комиссиянын төрагасы
Комиссия мүчөлөрү
Төмөнкү угуучулардын билим деңгээлин текшерүүнүн жана баалоонун жыйынтыгы боюнча:
| № п/п | Аты-жөнү | Экзамендин жыйынтыгы |
Экзамендик комиссиянын оң чечимин алган талапкерлер Кооптуу жүктөрду эл аралык жол менен ташуу жөнүндөгү Европа макулдашуусунун (ДОПОГ) жоболоруна ылайык кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультант катары иш алып баруу үчүн зарыл болгон теориялык билимдерге жана практикалык тажрыйбага ээ.
Комиссиянын төрагасы ____________________ (колу)
Комиссиянын мүчөлөрү _______________________ (колу)
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
3 – тиркеме
Сунушталган үлгү
______________________________ га
(билим берүү уюму көрсөтүлсүн)
Каттоо номери
(билим берүү уюму тарабынан толтурулат)
Катталган күнү
(билим берүү уюму тарабынан толтурулат)
АРЫЗ
Мага кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультантты кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүк берүүнү өтүнөм.
Фамилиясы ___________________________________________
(басма тамгалар менен, атаган жөндөмдө толтурулат)
Аты _________________________________________________
(басма тамгалар менен, атаган жөндөмдө толтурулат)
Атасынын аты (бар болсо) ______________________________
(басма тамгалар менен, атаган жөндөмдө толтурулат)
Туулган күнү: күн _____ ай __________ жыл ____________
Туулган жери ________________________________________
Жеке инсандыгын тастыктаган документ: № ___ серия ___ берилген күнү ____________
Ким тарабынан берилген: ______________________________
Жашаган жери: шаар _____ көчө ____ үй _____ батир ___
Телефон (уюлдук): ___________________________________
Кызматы _____________________________________________
Экзамен ийгиликтүү тапшырылган күнү: «____» __________ 202 _ ж.
Ушул арыз менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамы менен күчүнө киргизилген Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык, мен өзүмдүн жеке маалыматтарымды (фамилиямды, атымды, атамдын атын, туулган күнүмдү, жашаган жеримдин дарегин, үй жана уюлдук телефон номерлеримди, жеке колумду, электрондук кол тамгамды) иштетүүгө макулдугумду берем.
«___» ______________ 202__ ж. _________________
(колу)
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
4 – тиркеме
Күбөлүктүн үлгүсү
ТАШУУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КОНСУЛЬТАНТТЫ ДАЯРДОО ЖӨНҮНДӨ
КҮБӨЛҮК № ___
KG
(Аты-жөнү)
(Туулган күнү жана туулган жери)
(Жарандыгы)
________________________
(ээсинин колу)
Кооптуу жүктөрдү ташыган ишканаларга, ошондлй эле мындай ташууларга байланышкан жүк ташууну, таңгактоону, толтурууну/, жүктөөнү же түшүрүүнү ишке ашырган ишканалар үчүн ________________
чейин жарактуу:
автомобиль жолдору менен темир жол менен ички суу жолдору менен
Берилген ______________________________________
Датасы: _________________________ Колу_________________________
МО
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
5 – тиркеме
Күбөлүктүн үлгүсү
КҮБӨЛҮК № ___
КООПТУУ ЖҮКТӨРДҮ ТАШУУНУН КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА КОНСУЛЬТАНТТЫ ДАЯРДОО ЖӨНҮНДӨ
KG
(Фамилиясы, аты, атасынын аты)
(Туулган күнү жана жери)
(Жарандыгы)
________________________
(ээси колу)
____________________ чейин жарактуу, кооптуу жүктөрдү ташыган ишканалар үчүн, ошондой эле мындай ташууларга байланыштуу жөнөтүү, таңгактоо, толтуруу, жүктөө же түшүрүү иштерин жүргүзгөн ишканалар үчүн:
автомобиль жолдору боюнча темир жолдор боюнча ички суу жолдору боюнча
Берилди (ким тарабынан) ________________________________
Дата: ________________________ Колу ____________________
М.О. (мөөр)
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
6 – тиркеме
Күбөлүктүн үлгүсү
СERTIFICATE № ___
ON TRAINING OF A CONSULTANT ON TRANSPORTATION SAFETY ISSUES
KG
(Surname, Name)
(Date and place of birth)
(Citizenship)
________________________
(owner’s signature)
Valid until ____________________ for companies transporting dangerous goods, as well companies engaged in shipping, packaging, filling/loading or unloading related to such transportation:
by road, by rail, by inland waterways
Issued by ______________________________________
Date: _________________________ Signature _________________________
Stamp
КР ТКМ «__»_____________ 2026-ж.
№_______ буйругуна 3-тиркеме
Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды кесиптик кайра даярдоонун типтик кошумча кесиптик программасы
I. Жалпы жоболор
1.1. Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттардын квалификациясын жогорулатуу боюнча типтик кошумча кесиптик программа (мындан ары – типтик программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 «Кыргыз Республикасынын 1957-жылдын 30-сентябрында Женева шаарында кабыл алынган Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль транспорту менен ташуу жөнүндө макулдашууга (ДОПОГ) кошулуусу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Окутуу билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү уюм тарабынан типтик программанын негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы (мындан ары – Программа) боюнча жүргүзүлөт.
1.3. Программаны ишке ашыруунун максаты – угуучуларга эл аралык каттамда кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультант (мындан ары – консультант) квалификациясын алуу үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүү.
1.4. Угуучуларга керектүү билимдерди жана көндүмдөрдү берүү үчүн бул типтик программа билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү уюм тарабынан теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүүнү, ал эми алынган билимдерди текшерүү үчүн предметтер боюнча аралык аттестацияларды жүргүзүүнү карайт. Окутуунун жыйынтыктоочу этабы – жыйынтык аттестациядан өтүү болуп саналат.
1.5. Угуучулардын окуу мөөнөтү, ошондой эле окуу курсунун бөлүмдөрүнүн (ДОПОГ терминологиясына ылайык – темалардын тизмеси) консультанттарды кесиптик кайра даярдоонун окуу-тематикалык планы менен аныкталат.
1.6. Бул типтик программада ошондой эле жеке практикалык сабактар каралган, алар биринчи кезекте жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана кырсык же авария болгон учурда аткарыла турган башка аракеттерди камтыйт.
1.7. Баштапкы окутуу курсунан өтүүгө төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар кабыл алынат:
— жогорку билими бар, бирок адистиктердин жана даярдоо багыттарынын ири топторуна кирбеген адистиктер боюнча;
— орто звенонун адистерин даярдоо программалары боюнча орто кесиптик билими бар тиешелүү адистиктердин ири тобуна кирген жана автомобиль транспортунда ташууларды уюштуруу жана башкаруу боюнча кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы бар.
- Консультанттарды кесиптик кайра даярдоонун окуу-тематикалык планы
| № | Окуу курсунун бөлүмдөрү (темалары) | Окуу сааттарынын саны | ||
| бардыгы | анын ичинде: | |||
| лекциялар | практикалык сабактар | |||
| «Жүк ташуучу автомобиль транспортун эксплуатациялоо» тартиби | 170 | 140 | 30 | |
| 1 1 | Транспорт системасында автотранспорт комплексинин жалпы мүнөздөмөсү | 4 | 4 | — |
| 22 | Жол-транспорт инфраструктурасы | 4 | 4 | — |
| 33 | Жүк ташуучу автомобиль ташуулары | 30 | 24 | 6 |
| 44 | Жүктөрдү эл аралык ташуу | 6 | 6 | — |
| 55 | Жүктөрдү ташууда транспорттук-логистикалык технологиялар | 15 | 15 | — |
| 66 | Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу | 10 | 8 | 2 |
| 77 | Автомобилдерди техникалык пайдалануу | 28 | 24 | 4 |
| 88 | Күйүүчү-майлоочу материалдар жана айлана-чөйрөнү коргоо | 8 | 6 | 2 |
| 99 | Автотранспорт ишмердүүлүгүн башкаруу | 20 | 16 | 4 |
| 110 | Жүк ташуучу автомобиль транспортунда эмгек ресурстары | 6 | 4 | 2 |
| 11 | Автотранспорт уюмунун (ишкана) экономикалык көрсөткүчтөрү | 20 | 16 | 4 |
| 112 | Жарандык жана салык мыйзамдары | 15 | 13 | 2 |
| 1 | Тартип боюнча аралык аттестация | 4 | — | 4 |
| 1 | «Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу» тартиби | 78 | 50 | 28 |
| 11 | Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыздоонун социалдык-экономикалык мааниси | 2 | 2 | — |
| 22 | Кооптуу жүктөрдү эл аралык жана ички ташууларды укуктук-ченемдик жөнгө салуу | 4 | 3 | 1 |
| 33 | Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары | 2 | 1 | 1 |
| 44 | Кооптуу жүктөрдүн классификациясы, жалпы мүнөздөмөсү жана ташууда пайда болгон коркунучтардын түрлөрү | 8 | 6 | 2 |
| 55 | Кооптуу жүктөрдү ташууда тара, таңгак, контейнерлер жана цистерналарга коюлуучу жалпы талаптар | 6 | 4 | 2 |
| 66 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарына жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар | 8 | 6 | 2 |
| 77 | Белгилөө, коркунуч белгилери, маалыматтык таблолор жана кызгылт сары түстөгү такталар | 6 | 4 | 2 |
| 88 | Чектөөлөр, өзгөчөлүктөр жана кооптуу жүктөрдү бирге ташууда шайкештик маселелери | 6 | 4 | 2 |
| 99 | Автомобиль жана мультимодалдык ташууларды уюштуруу ыкмалары | 8 | 6 | 2 |
| 110 | Кооптуу жүктөрдү ташууга катышуучулардын милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле талаптардын сакталышын көзөмөлдөө | 4 | 2 | 2 |
| 111 | Ташуу жана жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча алдын алуу чаралары | 6 | 4 | 2 |
| 12 | Кооптуу жүктөрдү ташууда авария жана кырсык болгон учурда айдоочунун жана экипаждын аракеттери | 4 | 2 | 2 |
| 13 | Кооптуу жүктөрдү ташууда коштоочу жана уруксат берүүчү документтер | 6 | 4 | 2 |
| 114 | Коопсуздукту камсыздоо планы жана кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча ишкананын жылдык отчетун түзүү | 4 | 2 | 2 |
| Тартип боюнча аралык аттестация | 4 | — | 4 | |
| Жыйынтык аттестация | 20 | — | 20 | |
| Жалпы окуу сааттары: | 268 | 190 | 78 | |
III. «Жүк ташуучу автомобиль транспортун эксплуатациялоо» тартиби
Транспорт системасындагы автотранспорт комплексинин жалпы мүнөздөмөсү
3.1. Автотранспорт өлкөнүн транспорт системасынын өз алдынча жана байланыштыруучу бөлүгү катары. Жүк ташуулардын көлөмү жана автомобиль транспорту боюнча жүк жүгүртүүсү. Автотранспорт комплексинин өнүгүү тенденциялары жана көйгөйлөрү.
3.2. Автомобиль транспортунун башка транспорт түрлөрү жана транспорттук кызматтарды керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүсү.
3.3. Керектөөчүлөрдүн транспорттук чыгымдары жана автомобиль транспортундагы чыгымдар жөнүндө жалпы маалымат.
3.4. Автомобиль транспорту ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу укуктук-нормативдик актылар.
3.5. Транспорттук-экспедициялык ишмердүүлүк, анын ташуу процессин уюштуруудагы ролу жана мааниси.
3.6. Транспорт жана айлана-чөйрөнү коргоо. Автотранспорт комплексинин негизги экологиялык көйгөйлөрү.
Жол-транспорт инфраструктурасы
3.7. Кыргыз Республикасынын автожол тарамы. Жол категориялары жана аларга коюлуучу негизги талаптар. Транспорт каражаттарынын жалпы массасына жана октук жүктөмдөргө, ошондой эле башка параметрлерге коюлган ченемдер. Автотранспорт каражаттары жана жол тармагы үчүн салмак-өлчөм чектөөлөрү.
3.8. Автомобиль жолдорун жабдуу жана жол кызматтары. Автомобиль жолдорунун таандыктыгы. Жол тармагын сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу талаптары. Жол тармагын башкаруу.
3.9. Терминалдык комплекстер жана автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарына техникалык жардам көрсөтүү пункттары.
3.10. Жол-транспорт инфраструктурасын пайдалануу үчүн төлөм.
Жүк ташуучу автомобиль ташуулары
3.11. Жүктөрдүн классификациясы, алардын касиеттери, транспорттук мүнөздөмөлөрү жана маркалоосу. Ташуу көлөмү, жүк жүгүртүүсү, жүк агымдары жөнүндө түшүнүк. Аларды изилдөө ыкмалары жана оптималдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү.
3.12. Жүк ташуучу автомобиль транспортунун кыймылдуу курамы, анын классификациясы, маркалоосу, адистештирилиши. Автотранспорт каражаттарын өркүндөтүү жолдору. Парктын түзүмү.
3.13. Жүк ташуучу автопарктын ишинин техникалык-эксплуатациялык көрсөткүчтөрү.
3.14. Транспорт процесси жана анын элементтери. Транспорт процессинин циклдери.
3.15. Жүк автопаркынын өндүрүмдүүлүгүн аныктоо ыкмасы жана көрсөткүчтөрдүн өндүрүмдүүлүккө тийгизген таасирин баалоо. Жүк ташуучу автомобиль транспортунда өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жолдору.
3.16. Кыймылдуу курамдын кыймылын уюштуруу жана маршрутташтыруу. Ар кандай маршруттарда иштөөдө транспорттук эсептөөлөрдүн ыкмасы. Кыймылдуу курамдын графиктер жана сааттык тартип боюнча ишин уюштуруу.
3.17. Контейнерлерде жана транспорттук пакеттештирүүдө жүк ташууну уюштуруунун негизги принциптери жана натыйжалуулугу. Мультимодалдык ташуулар.
3.18. Кооптуу жүктөрдү, тез бузулуучу азыктарды, ири габариттүү жана оор жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле ири жана (же) оор транспорт каражаттарынын автомобиль жолдору боюнча кыймылы.
3.19. Жүктөрдү шаар аралык автомобиль ташууларын уюштуруунун өзгөчөлүктөрү. Шаар аралык ташууларды уюштурууда терминалдык системанын ролу.
3.20. Жүктөө-түшүрүү жана транспорттук-кампа иштери. Жүктөө-түшүрүү иштерин механикалаштыруу жана автоматташтыруу жана анын натыйжалуулугу. Жүктөрдү транспорт каражаттарына коопсуз жайгаштыруу жана бекитүү.
3.21. Автомобиль транспорту менен жүк ташууда колдонулуучу документтер. Жүк ташуу планы жана келишими. Жүк ээлеринин өз муктаждыктары үчүн ташуулар. Жүк ташуунун эрежелери.
3.22. Жүк ташууда көрсөтүлүүчү коммерциялык транспорттук кызматтардын түрлөрү.
3.23. Тартип боюнча практикалык сабак адистештирилген автотранспорт каражаттарынын техникалык-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн кароого багытталган.
3.24. Сунушталган номенклатура боюнча кооптуу, ири габариттүү жана оор жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарын тандоо.
Эл аралык жүк ташуулар
3.25. Эл аралык товарлардын жана транспорттук кызматтардын кыймылы. Эл аралык интеграциянын маңызы. Транспорт тармагындагы эл аралык кызматташтыктын формалары.
3.26. Автомобиль транспорту менен жүк ташуу боюнча эл аралык келишимдер жана макулдашуулар:
— Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу жөнүндө Европа макулдашуусу (ДОПОГ) – 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн;
— Жүктөрдү эл аралык автомобиль ташуу келишими (КДПГ) – 1956-жылдын 19-майында Женевада кабыл алынган;
— Тез бузулуучу азыктарды эл аралык ташуу жана алар үчүн атайын автотранспорт каражаттары жөнүндө макулдашуу (СПС) – 1970-жылдын 1-сентябрында Женевада түзүлгөн;
— Эл аралык автомобиль ташууларында жүктөрдү МДП китепчеси менен ташуу жөнүндө бажы конвенциясы (МДП Конвенциясы) – 1975-жылдын 14-ноябрында түзүлгөн;
— Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттер ортосундагы эл аралык автомобиль каттамы боюнча өкмөттөр аралык эки тараптуу макулдашуулар.
3.27. Эл аралык автомобиль жүк ташууларын уюштуруу. Уруксат берүү системасы. Көп тараптуу уруксаттар жана аларды квоталоо системасы.
3.28. Эл аралык автотранспорт кызматтары рыногунун өнүгүүсүнүн негизги багыттары жана бул кызматтарга кирүү өзгөчөлүктөрү.
3.29. Транспорт каражаттарына коюлуучу эл аралык талаптар. Эл аралык жүк ташууларды, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташууну жүргүзүү үчүн айдоочуларды даярдоо.
3.30. Эл аралык жүк ташууларда колдонулуучу документтер.
Жүктөрдү ташууда транспорттук-логистикалык технологиялар
3.31. Логистика жана логистикалык технологиялар түшүнүгү. Транспорт логистикасынын милдеттери. Автомобиль транспортунда маркетинг жана логистика.
3.32. Логистикалык технологияларды изилдөө ыкмасы катары транспорт процессин системалуу талдоо. Логистиканын материалдык жана маалыматтык базасы. Логистикалык технологиялардын натыйжалуулугун баалоо критерийлери. Логистикалык чынжырдагы жүк ташууну уюштуруунун элементтери. Мультимодалдык ташуулардын логистикасы.
Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу
3.33. Жол кыймылын уюштуруу боюнча ишмердүүлүктүн негизги багыттары. Транспорт жана жөө адамдар агымынын мүнөздөмөлөрү. Жолдордун жана кесилиштердин өткөрүү жөндөмдүүлүгү. Жол кыймылын изилдөө ыкмалары.
3.34. Кыймылды уюштуруунун негизги багыттары жана ыкмалары. Жол кыймылын башкаруу ыкмалары жана алардын техникалык ишке ашырылышы. Жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары, алардын киргизилиши жана эксплуатациясы. Жол кыймылынын эрежелери.
3.35. Жол-транспорт кырсыктарынын классификациясы жана алардын себептери. Транспорт каражаттарынын активдүү, пассивдүү жана кырсыктан кийинки коопсуздугун камсыз кылуучу конструктивдик элементтер (системалар). Транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыздоонун негизги багыттары.
3.36. Шаардык жол тармагынын жана автомобиль жолдорунун эксплуатациялык сапаттары. Жол шарттарынын кыймыл режимине жана коопсуздугуна тийгизген таасири.
3.37. Автотранспорт ишканаларындагы коопсуздук кызматы. Кырсыктарды алдын алуу ыкмалары жана аларды ишканаларда колдонуу. Автомобиль жолдорунда көзөмөл жүргүзүү.
3.38. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн баалоого багытталган.
Автомобилдерди техникалык эксплуатациялоо
3.39. Ишенимдүүлүк теориясынын жана диагностикасынын негиздери. Автомобилдердин ишке жөндөмдүүлүгүн сактоо жана калыбына келтирүү ыкмалары. Техникалык тейлөө жана оңдоо. Профилактикалык жана оңдоо иштеринин классификациясы. Техникалык эксплуатациянын оптималдуу режимдерин аныктоо ыкмалары, техникалык тейлөөнүн мезгилдүүлүгү, диагностика, оңдоого чейинки ресурс, кызмат мөөнөтү.
3.40. Автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоонун пландуу-алдын алуучу системасын өркүндөтүүнүн структурасы жана келечеги. Тейлөө жана оңдоону уюштуруунун негиздери. Техникалык тейлөө каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү.
3.41. Автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоо технологиясы жана уюштурулушу. Тейлөө жана оңдоо ыкмаларынын классификациясы.
3.42. Агымдык жана тупиктик тейлөө ыкмалары; агрегаттык-түйүн ыкмасы: маңызы жана колдонуу чөйрөсү. Посттук жабдуулардын түрлөрү. Универсалдуу жана адистештирилген постторду колдонуу, посттордун санын жана жабдууларын аныктоо.
3.43. Жүк ташуучу автомобилдер паркын курактык түзүмүн баалоо жана башкаруу ыкмалары.
3.44. Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн өндүрүш-техникалык база. Автомобилдерди тейлөө ишканаларынын түрлөрү. Заводдук (фирмалык) оңдоо.
3.45. Альтернативдүү күйүүчү май колдонгон адистештирилген автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоонун өзгөчөлүктөрү.
3.46. Тартип боюнча практикалык сабак жүк автомобилдерин техникалык тейлөө жана оңдоонун мезгилдик планын түзүүгө багытталган.
3.47. Жүк автомобилдерин техникалык тейлөө жана оңдоо каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо.
Күйүүчү-майлоочу материалдар жана айлана-чөйрөнү коргоо
3.48. Күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) сапатынын автомобилдерди эксплуатациялоонун натыйжалуулугуна тийгизген таасири. Автомобилдерди эксплуатациялоодо күйүүчү-майлоочу жана башка материалдарды үнөмдөөнүн негизги багыттары. КММ чыгымын нормалоо ыкмалары. КММ сапатына коюлуучу заманбап талаптар.
3.49. Сапат стандарттары. Автомобилдерди техникалык тейлөөдө, оңдоодо жана сактоодо техникалык коопсуздук, өрт коопсуздугу чаралары жана айлана-чөйрөнү коргоо. Автотранспорт ишмердүүлүгүндө эмгекти коргоо жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча негизги директивдик жана ченемдик документтер.
3.50. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда күйүүчү-майлоочу материалдардын чыгым нормасын түзүүгө багытталган.
Автотранспорт ишмердүүлүгүн башкаруу
3.51. Автотранспорт ишмердүүлүгүн башкаруу түшүнүгү. Башкаруу ишмердүүлүгүн маалыматтык камсыздоо. Маалыматтык технологиялардын маңызы жана ролу. Заманбап бизнес шарттарындагы маалыматтык технологиялардын ролу. Маалыматтык камсыздоонун түзүмү жана курамы. Транспорт уюмдарындагы маалымат агымдары жана документ жүгүртүү. Маалыматты иштетүүнү автоматташтыруу: маалымат базалары, техникалык каражаттар жана иштетүү технологиялары.
3.52. Транспорттук информатика жана телематика, алардын транспорт процесстерин натыйжалуу көзөмөлдөө жана жөнгө салуудагы ролу. Транспорт агымдарын башкарууда заманбап навигациялык системалардын жана байланыш каражаттарынын техникалык-экономикалык мүнөздөмөлөрү. Маалыматтык технологиялардын транспорт ишканаларынын уюштуруу түзүмүнө тийгизген таасири.
3.53. Кыргызстандын жана анын аймактарынын транспорт системасын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу. Стратегиялык пландаштыруунун методологиясы жана инструменттери. Транспорт системаларын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштырууда эсептик жана эксперттик ыкмалар. Перспективдүү өнүгүү боюнча комплекстүү программалар, алардын курамы жана иштеп чыгуу ыкмасы.
3.54. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда транспорт компаниясынын маалыматтык камсыздоо түзүмүн жана курамын түзүүгө багытталган.
3.55. Транспорт компаниясынын өнүгүүсүн пландаштырууда эксперттик ыкманы өздөштүрүү.
Жүк ташуучу автомобиль транспортундагы эмгек ресурстары
3.56. Транспорт ишканаларын башкаруу системасында персоналдын орду жана ролу.
3.57. Персоналды башкаруунун максаттары жана милдеттери. Кадрларды башкаруунун негизги функциялары. Персоналды башкаруунун принциптери жана заманбап ыкмалары. Персоналды даярдоо.
3.58. Автомобиль транспортундагы эмгек ресурстары, алардын кесиптик курамы жана түзүмү. Автотранспорт ишканаларында кызматкерлердин санын пландаштыруунун өзгөчөлүктөрү. Транспорт кызматкерлеринин эмгек жана эс алуу режими. Жумуш убактысын пландаштыруу жана эсепке алуу тартиби. Эмгек акы жана өндүрүмдүүлүк. Автомобиль транспортунда эмгек акыны төлөөнүн формалары жана системалары.
3.59. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда аймактын автотранспорт ишмердүүлүгүнө ылайык эмгек ресурстарына болгон муктаждыкты аныктоого багытталган.
3.60. Транспорт компаниясынын жүк ташуучу автомобилдеринин айдоочулары үчүн эмгек жана эс алуу режимин аныктоо.
Автотранспорт уюмунун экономикалык көрсөткүчтөрү
(ишканасынын)
3.61. Ташуулардын өздүк наркы – автотранспорт процессин өркүндөтүүнүн жалпыланган экономикалык көрсөткүчү катары. Автотранспорттогу амортизациялык чегерүүлөр. Чыгым элементтери боюнча өздүк наркты талдоо. Туруктуу жана өзгөрмө чыгымдар. Жүк ташуулардын тарифтери жана аларды колдонуу эрежелери. Негизги жана жүгүртүү капиталы.
3.62. Транспорт ишмердүүлүгүнүн экономикалык натыйжалуулугу, анын негизги көрсөткүчтөрү. Автотранспорт ишканасында пайда түрлөрү. Жүк автомобиль транспортунда рентабелдүүлүк түшүнүгү.
3.63. Автотранспорт уюмунда маркетинг кызматын уюштуруу.
3.64. Автомобиль транспортунда жүк ташуу тармагындагы эсеп жана отчеттуулук. Ишкананын баланстык отчету.
3.65. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда автотранспорт ишканасынын пайдасын жана рентабелдүүлүгүн аныктоого багытталган.
Жарандык жана салык мыйзамдары
3.66. Ижара (анын ичинде лизинг) боюнча негизги жоболор, тартиби, ижара келишими, жүк ташуу келишими (анын ичинде жалпы пайдалануу транспортундагы ташуу). Ташуу акысы, транспорт каражаттарын берүү, жүктү жүктөө жана түшүрүү маселелери, милдеттенмелерди бузуу үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилик.
3.67. Банкттык насыяны, лизингди, ижараны ташуу боюнча укуктук мамилелерде колдонуу.
3.68. Түз аралаш ташууда жана транспорт уюмдары ортосундагы ташуу келишими, транспорттук экспедиция келишими; транспорт каражатын жана жүктү камсыздандыруу (ыктыярдуу жана милдеттүү), башка адамдарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик.
3.69. Жүк ташуу эрежелерин бузган учурда ташуучулардын жана жүк ээлеринин жоопкерчилиги маселелери.
3.70. Кыргыз Республикасынын салык жана жыйымдар боюнча мыйзамдарынын негизги жоболору. Кошумча нарк салыгы (КНС), транспорт салыгы, киреше салыгы жана башка салыктар.
3.71. Чакан ишканалар жана жеке ишкерлер үчүн салык тутумунун өзгөчөлүктөрү.
3.72.Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда жүк ташуу келишимин түзүүгө багытталган.
IV. «Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу» тартиби
Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту камсыздоонун социалдык-экономикалык мааниси
4.1. Эл аралык, шаардык, шаар четиндеги жана шаарлар аралык катнаштардагы автомобиль транспортунун кооптуу жүктөрдү ташуудагы ролу. Авариялар жана инциденттер, алардын негизги себептери жана мүмкүн болгон кесепеттери. Авариялар боюнча статистикалык маалыматтарды талдоо жана калкка, айлана-чөйрөгө жана транспорт инфраструктурасына келтирилген зыянды аныктоо ыкмалары.
4.2. Жүк ташууда коопсуздукту камсыз кылууну укуктук жөнгө салуунун зарылдыгы, анын ичинде мультимодалдык ташуулар (башка транспорт түрлөрүнүн катышуусу менен) шартында.
Эл аралык жана мамлекет ичиндеги кооптуу жүктөрдү ташууну ченемдик укуктук жөнгө салуу
4.3. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча сунуштары. Түзүмү, максаты жана колдонулуу чөйрөсү.
4.4. Кооптуу жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө макулдашуу (ДОПОГ), А тиркемеси жана В тиркемеси. ДОПОГтун орду жана мааниси, катышуучу өлкөлөр, колдонуу чөйрөсү, терминологиясы жана түзүмү, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
4.5. Кыргыз Республикасында ДОПОГту колдонуу. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу чөйрөсүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери жана мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылары.
4.6. Эл аралык жана улуттук техникалык регламенттер, стандарттар, жүк ташуу эрежелери жана кооптуу жүктөрдү жөнгө салуучу башка укуктук актылар.
4.7. Кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салган эл аралык жана улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүнүн зарылдыгы.
4.8. Тартип боюнча практикалык сабак ДОПОГтун А тиркемесинин «Кооптуу жүктөрдүн тизмеси» деп аталган А таблицасы жана «Жогорку коркунучтагы жүктөрдүн тизмеси» деп аталган 1.10.3.1.2. таблицасы менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздук маселелери боюнча консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары
4.9. Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча консультанттардын укуктук статусу. ДОПОГтун А тиркемесинин 1.8.3-бөлүмүнө ылайык консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары. Кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү. Алдын алуу чаралары, айдоочуларды жана кооптуу жүктөрдү ташуу тармагында иштеген башка кызматкерлерди нускама (инструктаж) менен камсыз кылуу. Кооптуу жүктөрдү ташуучу ишканаларда коопсуздук планын жана жылдык отчетту түзүү. Консультанттын көзөмөлдүк функциялары.
4.10. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда ишканада коопсуздук боюнча нускама (инструктаж) өткөрүү планын түзүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдүн классификациясы, жалпы мүнөздөмөсү жана ташууда кооптуулук түрлөрү
4.11. ДОПОГ талаптарына ылайык кооптуу жүктөрдүн классификациясы. Классификация принциптери. Кооптуу жүктөрдүн класстарынын тизмеси. Эритмелерди жана аралашмаларды классификациялоо тартиби. Жогорку коркунучтагы жүктөр. Кооптуу жүктөрдү ташуу учурундагы кооптуулук түрлөрү.
4.12. Классификациялык коддор, БУУ номерлери, жүктүн аталыштары жана белгилөөлөрү. Так көрсөтүлбөгөн заттар жана буюмдар (ТКЗ). Жалпы жана өзгөчө позициялар, анын ичинде ТКЗ.
4.13. Кооптуу жүктөрдүн физикалык, химиялык жана токсикологиялык касиеттери (агымдуулук, тыгыздык, күйүүчүлүк, жарылуучулук, буулануу, жегичтик, уулуулук). Кооптуу заттар аралашканда, күйгөндө, бууланганда, кайнаганда, суу менен аралашканда, статикалык электр заряддары пайда болгондо жүрүүчү физика-химиялык процесстер. Териге тийгенде, дем алуу аркылуу же ичке киргенде адам организмиге тийгизген таасири. Сууга жана топуракка түшкөндө айлана-чөйрөгө келтирген зыян. Радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөнү булгантышы.
4.14. Тартип боюнча практикалык сабак ДОПОГ талаптарына ылайык классификациялоо боюнча жазуу түрүндөгү тапшырманы аткарууга багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда тара, таңгак, контейнер жана цистерналарга коюлуучу жалпы талаптар
4.15. Тара жана таңгак түрлөрү. Тара түрлөрүн белгилөө коддору. Ири көлөмдүү тара, аралаш тара.
4.16. Ташылып жаткан жүктөрдүн кооптуулук деңгээли боюнча таңгак топтору.
4.17. Инфекциялык заттар жана радиоактивдүү материалдар үчүн тара жана таңгактар.
4.18. Тара түрлөрүнө коюлуучу талаптар. Басым астындагы идиштер.
4.19. Кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу контейнер жана цистерна түрлөрү. Көп массалуу жүктөр үчүн орто көлөмдүү контейнерлер (КСГМГ). Ири тоннаждуу контейнерлер.
4.20. Көчмө цистерналар жана көп элементтүү газ контейнерлери (МЭГК).
4.21. Контейнер-цистерналар жана алынуучу цистерна кузовдору. Таштандылар үчүн вакуумдук цистерналар. Орнотулган цистерналар (автоцистерналар). Конструкциялары. Баштапкы жана мезгилдүү текшерүүлөр жана сыноолор.4.22. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган номенклатурага ылайык кооптуу жүктөрдү ташууда тара жана таңгак түрлөрүн тандоого багытталган. Жогорку коркунучтагы жүктөрдү ташууда сунушталган түрлөр боюнча контейнерлерди жана цистерналарды колдонуу талаптары.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарына жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар
4.23. Кооптуу жүктөрдү тара жана таңгакта, жапырт/чачыранды түрдө, контейнерлерде, алмаштырылуучу жана орнотулган цистерналарда, транспорттук пакетте ташуу үчүн транспорт каражаттары. ДОПОГтун В тиркемесинин 9-бөлүгүндө каралган атайын транспорт каражаттары: АТ, ЕХ/III, FL жана MEMU. Алардын багыты жана кыскача мүнөздөмөсү. Кооптуу жүктөрдү ташууга транспорт каражаттарына уруксат берүү жөнүндөгү күбөлүгүн алуу тартиби.
4.24. Эл аралык катнашта кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн транспорт каражаттарына коюлуучу өзгөчө талаптар. Транспорт каражаттарынын негизги параметрлери.
4.25. Цистерналарга коюлуучу талаптар, алардын түрлөрү жана коддору. Цистерналарды алгачкы жана мезгилдүү сыноолор. Цистерналарды толтуруу шарттары.
4.26. Транспорт каражаттарынын кошумча жабдуулары, алардын түрлөрү жана багыттары. Өрт өчүрүү каражаттары жана алар менен транспорт каражаттарын жабдуу нормалары.
4.27. Жүктөрдү транспорт каражатында коопсуз жайгаштыруу жана бекитүү талаптары. Жүктөрдү бекитүү үчүн жабдуулардын түрлөрү. Автотранспорт каражаттарынын кузовдоруна жана жүктөрдү бекитүү усулдарына жана каражаттарына карата талаптарды регламенттештирген эл аралык нормалар жана стандарттар.
4.28. Тартип боюнча практикалык сабак берилген тапшырмага ылайык кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарынын түрүн тандоого багытталган.
4.29. Бекитүү каражаттарын тандоо жана алардын керектүү санын эсептөө.
4.30. Кошумча жабдууларды жана өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу тартиби.
Кооптуу жүктөрдү белгилөө, кооптуулук белгилери, маалыматтык табличкалар жана кызгылт сары такталар
4.31. ДОПОГ боюнча белгилөөнүн мазмуну жана аны буюмдарга, тарага, контейнерлерге, цистерналарга жана атайын транспорт каражаттарына коюу талаптары. Белгилөөнүн типтери. Белгилөө түрлөрү жана эрежелери.
4.32. Кооптуу жүктөрдү ташууда кооптуулук белгилери, алардын түрлөрү жана жайгаштыруу талаптары. Жогорку температурада ташылуучу заттар үчүн маркировкалык белги.
4.33. Кызгылт сары маалыматтык такталар менен транспорт каражаттарын, цистерналарды жана контейнерлерди белгилөө. Алардын жайгаштыруу талаптары. Фумигацияланган транспорт каражаттарын жана контейнерлерди белгилөө.
4.34. Маалыматтык камсыздоо талаптары, анын ичинде транспорттук коштоочу документтерди туура тариздөө.
4.35. Коркунучтун идентификациялык номерлери, алардын колдонулуу чөйрөсү. Кооптуулук түрлөрүн белгилөө.
4.36. Тартип боюнча практикалык сабак кооптуу жүктөрдү таңгактоого, транспорт каражаттарына, контейнерлерге жана цистерналарга белгилөө коюу талаптарын изилдөөгө багытталган. Сунушталган кооптуу жүктөрдүн тизмеси боюнча кооптуулук идентификациялык номерлерин колдонуу.
Кооптуу жүктөрдү ташуудагы жеңилдиктер, чектөөлөр жана айкалыштыруучулук маселелери
4.37. Кооптуу жүктөрдү ташууда ДОПОГтун колдонулуу чөйрөсү.
4.38. Автомобиль транспорту менен ташууга жол берилбеген кооптуу заттар жана буюмдар. ДОПОГ жоболору жайылтылбаган кооптуу жүктөрдү ташуу. ДОПОГдун жеңилдиктери (ДОПОГдун А тиркемесинин 1.1.3-бөлүмү), транспорт операцияларынын мүнөздөмөсүнө байланышкан жеңилдиктерди кошуу менен; күйүүчү май, газдар, литий батареялары жана бош, тазаланбаган тараны ташуу менен; бир транспорт бирдигинде ташылуучу чектелген сандагы кооптуу жүктөрдү ташуу менен; ташуу мезгилинде муздатуу же кондиционер менен муздатуу үчүн пайдалануучу кооптуу жүктөр менен.
4.39. Бир транспорт каражатында ташылуучу ар кандай кооптуулук белгилери бар кооптуу жүктөрдүн айкалыштыгы.
4.40. Тартип боюнча практикалык сабак чектелген сандагы кооптуу жүктөрдү ташуу жана бир транспорт каражатында кооптуу жүктөрдүн сунушталган тизмеси боюнча ташылуучу кооптуу жүктөрдүн айкалыштыгын аныктоого багытталган.
Автомобиль жана мультимодалдык ташууларын уюштуруу жана ыкмалары
4.41. Кооптуу жүктөрдү ташууга даярдык көрүү чаралары (документтерди даярдоо, транспорт каражатын каттамдын алдында текшерүү, айдоочунун милдеттүү медициналык кароодон өтүшү, экипажды нускама менен камсыз кылуу жана башка чаралар).
4.42. Автомобиль транспорту менен жүк ташуу эрежелери жана ал эрежелерди кооптуу жүктөрдү ташууда колдонуу.
4.43. Кооптуу жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, жайгаштыруу жана бекитүү эрежелери.
4.44. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууда жана транспорт каражатынын кыймыл учурунда коопсуздукту камсыз кылуу чаралары.
4.45. Автожол тоннелдери аркылуу өтүүгө чектөөлөр. Транспорт каражаттарынын ылдамдык режимдеринин чектөөлөрү, жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташууда кыймыл маршрутун тандоо. Кооптуу жүктөрду ташууда чектөолөргө тиешелүү жол белгилери.
4.46. Кооптуу жүктөрду жапырт/чачыранды түрдө ташуунун өзгөчөлүктөрү.
4.47. Тазаланбаган тараны жана кооптуу калдыктарды ташуу. Жүктөөдөн жана түшүрүүдөн мурда жана кийин тазалоо жана/же дегазациялоо.
4.48. Кооптуу жүктөрдү жана башка жүктөрдү (азык-түлүк, үй предметтери, мал азыгы, башка жүктөр) биргеликте ташууга тиешелүү атайын талаптар.
4.49. Жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрү.
4.50. Орнотулган жана алмаштырылуучу цистерналарда ташуу. Цистернанын аралашкан бөлүктөрүндө жүктөрдү ташуу. Толтуруу жана бошотуу.
4.51. Кооптуу жүктөрдү мультимодалдык катнаштарда ташуулар. Түз аралаш катнаштар. Ири тонналык контейнерлерди жана чечип алына турган кузовдорду колдонуу. Зарыл транспорт документтерин тариздөө башка транспорт түрүнө тиешелүү талаптарды сактоо. Контейнерди жүктөгөндүгү тууралуу күбөлүк.
4.52. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган тизме боюнча жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташууда транспорт каражатынын түрүн жана маршрутун тандоого багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууга катышуучулардын милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө
4.53. Кооптуу жүктөрдү ташууда негизги ташуучулардын катышуучулардын (жүк жөнөтүүчү, ташуучу жана жүк алуучу) милдеттерин Автоунаа менен жүк ташуу эрежелерине ылайык бөлүштүрүү.
4.54. Ташуу катышуучуларынын жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү, аларды транспорт каражатында коопсуз ташууну камсыз кылууну эске алуу менен жайгаштыруу жана бекитүү боюнча милдеттери.
4.55. Кооптуу жүктөрдү таңгактоо, таразалоо, цистерналарды толтуруу, ташуу учурунда коштоо, транспорт каражаттарынын кузовдорун, контейнерлерди жана цистерналарды тазалоо жана дегазациялоо боюнча кызматкерлердин кошумча милдеттери.
4.56. Кооптуу жүктөрдү ташууда катышуучулардын кызматтык милдеттерди бузгандыгы үчүн административдик, кылмыштык жана жарандык жоопкерчиликтери.
4.57. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ташуу катышуучуларынын жоопкерчилигин аныктоо боюнча тапшырманы аткарууга багытталган практикалык сабак (жазуу түрүндө).
Ташуу жана жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары
4.58. Кооптуу жүктөрдү ташууга даярдоодо жана аны аткарууда айдоочунун физикалык жана психологиялык абалын камсыз кылуу. Айдоочунун каттам алдындагы жана каттамдан кийинки медициналык абалын контролдоо. Эмгек жана эс алуу режимин сактоо. Атайын кийим менен камсыздоо.
4.59. Кооптуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарына коюлуучу өзгөчө талаптар. Кошумча жабдуулар топтому. Каттам алдындагы техникалык кароо.
4.60. Кооптуу жүктөрдү ташууда автоунааны коопсуз айдоо ыкмалары.
4.61. Айдоочуларды кесиптик окутууну камсыз кылуу боюнча талаптар. Жүктөө жана түшүрүү иштеринде коопсуздук шарттары. Транспорт каражаттарын токтотуу жайларындагы талаптар.
4.62. Кооптуу жүктөрдү ташуучу ишкананын коопсуздук планын түзүү. Аны түзүүдө жана ишке ашырууда консультанттын ролу. Терроризмге каршы коопсуздук чаралары.
4.63. Ташуу, жүктөө жана түшүрүү иштерин жүргузүүдө, ошондой эле жүктөрдү транспорт каражаттарына жайгаштыруу жана бекитүүдө контролдоо жана көзөмөлдөө иштери. Ташууларды маалыматтык камсыздоо.
4.64. Практикалык сабак тапшырылган шарттарда кооптуу жүктөрдү ташуучу ишкананын коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын тизмесин түзүүгө багытталган.
Авария же окуя болгон учурда айдоочунун жана экипаждын аракеттери
4.65. ДОПОГтун А тиркемесинин 5.4.3-бөлүмүнө ылайык жазуу түрүндөгү нускамалар — авария же окуя болгон учурда айдоочу жана экипаждын аракеттерин аныктаган негизги документ. Кооптуу жүктөрдүн мүнөзүнө жана кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда келип чыгуучу тобокелдиктерге жараша кошумча эскертүүлөрдүн тизмеси.
4.66. Авария же окуя болгон учурда авйдоочу жана башка экипаждын мүчөлөрү колдонуучу жеке коргонуу каражаттары.
4.67. Авариядан же болгон окуядан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
4.68. Тартип боюнча практикалык сабак жазуу түрүндөгү нускамаларды иш жүзүндө колдонууга багытталган жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштоочу жана уруксат берүүчү документтер
4.69. Кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорттук-коштоочу жана уруксат документтери: транспорттук коштомо кагазы, жазуу түрүндөгү нускамалар, айдоочуну даярдоо жөнүндөгү ДОПОГ күбөлүгү, транспорт каражатын кооптуу жүктөрдү ташууга жол берүүчү күбөлүгү, айдоочунун күбөлүгү, транспорт каражатынын каттоо документтери, камсыздандыруу полиси, жол баракчасы, жогорку кооптуулуктагы жүктөр үчүн атайын уруксат, ири көлөмдүү жана (же) оор жүктөр үчүн атайын уруксат (керек учурларда), контейнерди жүктөгөндүгү тууралуу күбөлүк (мультимодалдык ташууда), химиялык продукциянын коопсуздук паспорту (керек учурларда). Алардын колдонулушу жана тариздөө тартиби.
4.70. Практикалык сабак транспорттук-коштомо документтерге коюлуучу талаптарды кароого багытталган. Берилген шарттарда транспорттук коштомо кагазын толтуруу. Продукциянын аныкталган түрүн ташууда химиялык продукциянын коопсуздук паспортун жазуу түрүндө даярдоо.
Ишкананын коопсуздукту камсыздоо планын жана кооптуу жүктөрдү ташуу жөнүндөгү жылдык отчетун түзүү
4.71. ДОПОГтун А тиркемесинин 1.10.3.2-бөлүмүнө ылайык кооптуу жүктөрдү, анын ичинде жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташууда ишкананын коопсуздукту камсыздоо планын түзүүгө жана ишке ашырууга талаптар.
4.72. Ишкананын ташуу, жүктөө-түшүрүү, таңгактоо жана кооптуу жүктөрдү автоунаа менен жеткирүүгө байланышкан ишмердүүлүк боюнча жылдык отчетту даярдоого катышуу. Отчетту дайындоо.
4.73. Тартип боюнча практикалык сабак тапшырылган иштин шартында жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташуудагы ишкананын коопсуздукту камсыз кылуу планын түзүүгө багытталган. Сунушталган номенклатура боюнча кооптуу жүктөрдү ташууга байланышкан ишкананын кооптуу жүктөрдү ташуу ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчетун даярдоо.
V. Окутуу программасын өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжалары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында угуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
— өлкөнүн транспорт системасында автотранспорт комплексинин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын;
— өлкөнүн экономика тармактарын өнүктүрүүдөгү эң маанилүү милдеттерди чечүүдө транспорт системасында автотранспорттун ролун;
— автотранспорт менен жүк ташууларды өркүндөтүүгө байланышкан маселелердин комплекси, заманбап ташуу ыкмалары, анын ичинде контейнерлерде, транспорттук пакеттөөдө жана терминалдык жана башка системаларды колдонуу менен ташуулар;
— шаардык, шаар четиндеги, шаарлар аралык жана эл аралык катнаштардагы жүк ташуунун өзгөчөлүктөрүн;
— жүктүн негизги түрлөрүн, анын ичинде кооптуу, тез бузулуучу, ири көлөмдүү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууда транспорттук-логистикалык технологияларды жана жүктөө-түшүрүү иштерин механизациялоо маселелерин;
— жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын негизги түрлөрүн, алардын параметрлерин, транспорттук-эксплуатациялык талаптарын, адистешүүсүн жана колдонуу чөйрөлөрүн;
— жүк ташуучу автотранспортто колдонулуучу күйүүчү-майлоочу материалдарга коюлган талаптарды жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин;
— автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо системасына коюлган талаптарды;
— жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелерин;
— жүк ташуучу автотранспорттун экономикасынын негиздерин, автотранспорт уюмунун ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн, ташуу өздүк наркынын түзүмүн жана рентабелдүүлүктү, автотранспортто эсепке алуу жана отчеттуулукту;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык конвенциялардын жана келишимдердин жүк ташууга, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташууга тиешелүү жоболорун;
— кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө, түшүрүүдө жана сактоодо болгон авариялардын негизги себептерин жана алардын кесепеттерин;
— жүктөрдү, анын ичинде кооптуу жүктөрдү классификациялоонун негиздерин, классификация принциптерин жана кооптуу жүктөрдүн класстарын, алардын жалпы мүнөздөмөсүн (физикалык, химиялык жана технологиялык касиеттерин) жана ДОПОГ талаптарына ылайык классификациялоонун өзгөчөлүктөрүн;
— таңгактоо жана идиштерге коюлган жалпы талаптарды, контейнерлерге, көп элементтүү газ контейнерлерине, орнотулган цистерналарга жана контейнер-цистерналарга, алмаштырылуучу жана көчмө цистерналарга коюлган талаптарды (түрлөрү, коддору, маркалоо, конструкция, баштапкы жана мезгилдүү текшерүүлөр жана сыноолор), таңгактарды, контейнерлерди жана цистерналарды тандоо эрежелерин;
— маркалоо жазууларын, кооптуулук белгилерин, маалыматтык таблолорду жана кызгылт сары түстөгү тактайчаларды, алардын транспорт каражаттарына, контейнерлерге, таңгактарга жана идиштерге коюлушун жана алынышын;
— кооптуу жүктөрдү ташуу ыкмаларын (таңгакта ташуу, жапырт/сыпма түрүндө ташуу, орнотулган же алмаштырылуучу цистерналарда ташуу, контейнердик ташуулар, контейнерлердин түрлөрү жана негизги параметрлери);
— кооптуу жүктөрдүн ташылышына коюлган чектөөлөрдү жана анын номенклатурасына жана санына болгон алып салуулар, биргелешип жүктөөгө тыюу салуулар, биргелешип жүктөөгө, бөлүүгө (партиялык) байланышкан коопсуздук чараларын;
- кооптуу жүктөрдү тамак-аш азыктары, тиричилик буюмдары, мал азыктары жана башка жүктөр менен бирге ташууга коюлган атайын талаптарды;
- жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыздоо, жүктөрдү туура жайгаштыруу жана бекитүү, ар кандай жүктөрдү, анын ичинде кооптуу жүктөрдү, тез бузулуучу продукцияларды жана башка жүктөрдү ташууга чейин жана кийин транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана цистерналарды тазалоо жана/же дегазациялоо талаптарын;
- кооптуу жүктөрдү ташуу тармагында иштеген айдоочуларды жана башка кызматкерлерди кесиптик даярдоонун маселелерин;
- ташууларды аткарууда айдоочу колдонгон документтерди: транспорттук-коштомо жана башка документтер, жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр, транспорт каражатын колдонууга уруксат күбөлүгү, айдоочуну даярдоо жөнүндөгү ДОПОГ күбөлүгү, химиялык продукциянын коопсуздук паспорту жана аны колдонуу чөйрөсү, жогорку кооптуулуктагы жүктөр үчүн атайын уруксат кагазы, ири көлөмдүү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууда атайын уруксат кагазы ж.б. документтер жана аларды толтуруу тартибин;
- жазуу жүзүндөгү нускамалардын мазмунун аларды колдонуу, экипажды коргоочу жабдууларды жана кошумча коопсуздук каражаттарын;
- кооптуу жүктөрдү ташууда жол кыймылынын эрежелерин жана чектөөлөрдү, айдоочунун иш жана эс алуу режимин;
- транспорт каражаттарына коюлган талаптарды, ГЛОНАСС/GPS жана тахографтар сыяктуу борттук жабдууларды;
- жол кырсыгы жана өзгөчө кырдаалдарда айдоочунун жана экипаждын аракеттерин, коопсуздук боюнча алдын алуу чараларын;
- автотранспорт каражатынын катышуусунда кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн;
- кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан тараптардын милдеттерин жана жоопкерчилигин, көзөмөлдөө чараларын;
- кооптуу жүктөрдү ташуудагы жеңилдетилген режимдер, ДОПОГду колдонуу чөйрөсүн;
- жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү жана/же жогорку кооптуулуктагы радиоактивдүү материалдарды ташууда коопсуздук планын түзүү талаптарын;
— кооптуу жүктөрдү ташууда жылдык отчетту жана авариялар боюнча отчетторду түзүү эрежелерин.
5.2. Угуучу төмөнкүлөрдү аткара билүүгө тийиш:
— кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу эл аралык жана улуттук ченемдик укуктук актыларды иште колдоно билүү;
— кооптуу жүктөрдү аныктоону (идентификациялоону) жүргүзүү;
— нормативдик талаптарга шайкештикти текшерүү: кооптуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарынын; ташууда жана жүктөө-түшүрүү иштеринде колдонулуучу жабдуулардын (анын ичинде транспорт каражаттарына орнотулган жабдуулардын); кооптуу жүктөрдү ташууга арналган таңгактардын, идиштердин, контейнерлердин жана цистерналардын;
— кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарында керектүү документтердин бар-жогун текшерүү жана алардын ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоо;
— кооптуу жүктөрдү ташуу процессине тартылган персоналдын өз функцияларына ылайык келүүсүн баалоо;
— кооптуу жүктөрдү ташуу тармагында иштеген кызматкерлерге өндүрүштүк инструктаж өткөрүү жана анын жыйынтыгы боюнча текшерүүлөрдү (зачетторду) кабыл алуу;
— кооптуу жүктөрдү ташуу, жүктөө, түшүрүү же таңгактоо учурунда болгон олуттуу авариялардын, инциденттердин жана одоно бузулуулардын жагдайларын кызматтык иликтөө жүргүзүү жана зарыл учурда авария боюнча отчет түзүү;
— ишкананын кооптуу жүктөрдү ташуу ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетту түзүү;
— жогорку кооптуу жүктөрдү ташууда ишкананын коопсуздук планын даярдоо жана анын аткарылышын көзөмөлдөө.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары камсыз кылууга тийиш: программаны толук көлөмдө өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжаларына жетишүүнү; кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулуучу окутуу формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын угуучулардын категориясына ылайык келүүсүн.
6.2. Теориялык окутуу төмөндө келтирилген материалдык-техникалык жана маалыматтык-усулдук талаптарга жооп берүүчү жабдылган окуу аудиторияларында жүргүзүлөт.
6.3. Теориялык жана практикалык сабактардын бир академиялык саатынын узактыгы 1 академиялык саат (45 мүнөт) болушу керек.
6.4. Программаны ишке ашыруучу педагогикалык кызматкерлер кошумча кесиптик программаларды ишке ашыруучу педагогдорго карата коюлган квалификациялык талаптарга, тиешелүү кызмат орундары боюнча квалификациялык справочниктерде жана (же) кесиптик стандарттарда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
«Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу» тартиби боюнча сабак өтүүчү окутуучулар кошумча төмөнкү талаптардын бирине жооп берүүгө тийиш:
— автомобиль транспорту чөйрөсүндө, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоону жана уюштурууну жүргүзгөн профессордук-окутуучулук курамдын мүчөсү болуу;
— автомобиль транспорту чөйрөсүндө, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоону жана уюштурууну жүргүзгөн жетекчи илимий кызматкерлердин катарына кирүү;
— ДОПОГтун А тиркемесинин 1.8.3.7 пунктунда каралган кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча консультантты кесиптик даярдоо жөнүндөгү күбөлүккө ээ болуу.
6.5. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-усулдук шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
— окуу-тематикалык план;
— календардык окуу графиги;
— билим берүү программасы;
— усулдук материалдар жана иштелмелер;
— сабактардын күн тартиби.
6.6. Программанын материалдык-техникалык жана маалыматтык-усулдук камсыздалышы:
| Компоненттердин аталышы | Саны, даана: |
| Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар: | |
| Компьютер | 1 |
| Мультимедиялык проектор же телевизор | 1 |
| Экран (монитор, электрондук доска) | 1 |
| Маалыматтык материалдар: | |
| Типтүү программада көрсөтүлгөн бөлүмдөр боюнча окутууга арналган окуу-усулдук колдонмолор. Алар басма, плакаттар, электрондук окуу материалдар, тематикалык фильмдер, презентациялар түрүндө берилиши мүмкүн. | 1 топту окутууга жетиштүү 1 комплект |
| ДОПОГтун А тиркемеси жана В тиркемеси | 2 окуучуга 1 комплект |
| Маалыматтык стенд: | |
| Тиешелүү тиркемеси менен лицензиянын көчүрмөсү | 1 |
| Окуу программасы | 1 |
| Окуу-тематикалык план | 1 |
| Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 |
| Сабактардын күн тартиби | 1 |
| Интернеттеги расмий сайттын дареги | 1 |
6.7. Аталган Программа боюнча окутууну аяктап, жыйынтыктоочу аттестациядан өткөндөн кийин, билим берүү ишин жүргүзгөн уюм угуучуга кесиптик даярдык тууралуу диплом берет.
6.8. Угуучулардын Программаны өздөштүрүү натыйжаларын жекече эсепке алуу, ошондой эле бул натыйжалар жөнүндө маалыматты архивде сактоо билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан кагаз түрүндө жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүргүзүлөт.
VII. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо системасы
7.1. Угуучулардын окуудагы жетишүүсүнө жүргүзүлүүчү учурдагы көзөмөл жана аралык аттестация (баалоо), алардын формаларын, мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин белгилөө билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Жыйынтыктоочу аттестация угуучулар окутууну жана аралык аттестацияларды аяктагандан кийин өткөрүлөт. Жыйынтыктоочу аттестация билим берүү уюму тарабынан белгиленген тематика боюнча дипломдук ишти аткарууну камтыйт. Бул тематика жүк ташуучу автотранспортту эксплуатациялоо жана кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу боюнча актуалдуу маселелерди эске алуу менен аныкталат.
7.3. Жыйынтыктоочу жана аралык аттестациялар билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдарды колдонуу менен өткөрүлөт. Аттестациянын жыйынтыктары протоколдор менен таризделет.
КР ТКМ «__»_____________ 2026-ж.
№_______ буйругуна 4-тиркеме
Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттардын квалификациясын жогорулатуу үчүн типтүү кошумча кесиптик программа
- Жалпы жоболор
1.1. Автомобиль транспорту менен эл аралык автомобиль ташуулар чөйрөсүндө кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттарды кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча типтүү кошумча кесиптик программа (мындан ары – типтүү программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1957-жылдын 30-сентябрында Женева шаарында түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (ДОПОГ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2025-жылдын 30-июнундагы №379 токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Окутуу типтүү программанын негизинде иш алып барган билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген билим берүү программасы (мындан ары – Программа) боюнча жүргүзүлөт.
1.3. Программанын максаты – эл аралык каттамдагы автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттын (мындан ары – консультант) кесиптик ишмердиги үчүн зарыл болгон учурдагы квалификациянын чегинде кесиптик деңгээлди өркүндөтүү жана (же) жогорулатуу болуп саналат.
1.4. Окутуу консультанттын кесиптик ишмердиги үчүн зарыл болгон жаңы компетенцияларды өздөштүрүүнү жана учурдагы квалификациянын чегинде кесиптик деңгээлди жогорулатууну караган окуу-тематикалык план боюнча (мындан ары – баштапкы окутуу) же консультанттын компетенцияларын өркүндөтүүнү караган окуу-тематикалык план боюнча (мындан ары – кайрадан окутуу) жүргүзүлөт.
1.5. Кайрадан окутуу консультанттын компетенциялары өздөштүрүлгөндөн кийин ар беш жылда кеминде бир жолу жүргүзүлөт.
1.6. Угуучуларга зарыл болгон билимдерди берүү максатында ушул типтүү программага ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлөт, ал эми угуучулардын билим берүү программасын өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн – билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан өз алдынча аныкталган формада жыйынтыктоочу аттестация өткөрүлөт.
1.7. Угуучулардын окутуу мөөнөтүнүн узактыгы, ошондой эле окутуу курсунун бөлүмдөрүнүн тизмеги (ДОПОГ терминологиясына ылайык – темалардын тизмеги) баштапкы окутуунун окуу-тематикалык планы жана кайрадан окутуунун окуу-тематикалык планы менен белгиленет.
1.8. Ушул Типтүү программада ошондой эле жеке практикалык сабактар каралган, алар биринчи кезекте жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана жол-транспорт кырсыгы же авария учурунда аткарыла турган башка аракеттерди камтыйт.
1.9. Баштапкы окутуу курсунан өтүүгө төмөнкү адамдарга уруксат берилет:
— даярдоо багыттары жана адистиктердин кеңейтилген тобуна кирген адистиктер жана жогорку билим берүүнүн даярдоо багыттары боюнча жогорку билим;
— кесиптердин же адистиктердин кеңейтилген тобуна кирген орто звенодогу адистерди даярдоо программалары боюнча кесиптик билим жана автотранспортто ташууну уюштуруу жана башкаруу жаатындагы иш стажы үч жылдан кем эмес.
1.10. Консультанттарды кайрадан окутуу курсунан өтүүгө ДОПОГдун А тиркемесинин 1.8.3.7-бөлүмчөсүнө ылайык кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүккө ээ болгон адамдарга уруксат берилет.
- Консультанттын кесиптик ишмердиги үчүн зарыл болгон жаңы компетенцияларды өздөштүрүүнү караган окуу-тематикалык план
| №№ | Окутуу курсунун бөлүмдөрү (темалары) | Окуу сааттарынын саны | ||
| баардыгы | анын ичинде: | |||
| лекциялар | практикалык сабактар | |||
| 1 1 | Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыз кылуу маселесинин социалдык-экономикалык мааниси | 2 | 2 | — |
| 22 | Кооптуу жүктөрдү ташууну эл аралык жана ички мамлекеттик катнаштарда укуктук-нормативдик жөнгө салуу | 4 | 3 | 1 |
| 33 | Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары | 2 | 1 | 1 |
| 44 | Кооптуу жүктөрдүн классификациясы, жалпы мүнөздөмөсү жана аларды ташуудагы кооптуулуктун түрлөрү | 8 | 6 | 2 |
| 55 | Кооптуу жүктөрдү ташууда тарага, таңгактарга, контейнерлерге жана цистерналарга карата жалпы талаптар | 6 | 4 | 2 |
| 66 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарына жана кошумча жабдууларга карата талаптар | 8 | 6 | 2 |
| 77 | Маркалоо, кооптуу белгилери, маалыматтык табло жана кызгылт сары түстөгү такталар | 6 | 4 | 2 |
| 8 8 | Кооптуу жүктөрдү ташууда алып салуулар, чектөөлөр жана айкалыштык маселелери | 6 | 4 | 2 |
| 99 | Автомобилдик жана мультимодалдык ташуулардын ыкмалары жана уюштурулушу | 8 | 6 | 2 |
| 110 | Кооптуу жүктөрдү ташууга катышуучу тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги, белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө | 4 | 2 | 2 |
| 111 | Ташуу жана жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары | 6 | 4 | 2 |
| 112 | Кооптуу жүктөрдү ташууда авария же окуя болгон учурда айдоочунун жана экипаждын аракеттери | 4 | 2 | 2 |
| 113 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо жана уруксат берүүчү документтер | 6 | 4 | 2 |
| 114 | Ишкананын коопсуздук планын түзүү жана кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жылдык отчетту даярдоо | 4 | 2 | 2 |
| Жыйынтыктоочу аттестация | 4 | — | 4 | |
| Жалпы окуу сааттары | 78 | 50 | 28 |
- Консультанттын компетенциясын өркүндөтүүнү караган окуу-тематикалык план
| № | Окутуу курсунун бөлүмдөрү (темалары) | Окуу сааттарынын саны | ||
| баардыгы | анын ичинде: | |||
| лекциялар | практикалык сабактар | |||
| 11 | Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыз кылуу маселесинин социалдык-экономикалык мааниси | 1 | 1 | — |
| 22 | Кооптуу жүктөрдү ташууну эл аралык жана ички мамлекеттик катнаштарда укуктук-нормативдик жөнгө салуу | 2 | 1,5 | 0,5 |
| 33 | Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары | 1 | 0,5 | 0,5 |
| 44 | Кооптуу жүктөрдүн классификациясы, жалпы мүнөздөмөсү жана аларды ташуудагы кооптуулуктун түрлөрү | 4 | 3 | 1 |
| 55 | Кооптуу жүктөрдү ташууда тарага, таңгактарга, контейнерлерге жана цистерналарга карата жалпы талаптар | 3 | 2 | 1 |
| 66 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарына жана кошумча жабдууларга карата талаптар | 4 | 3 | 1 |
| 77 | Маркалоо, кооптуу белгилери, маалыматтык табло жана кызгылт сары түстөгү такталар | 3 | 2 | 1 |
| 88 | Кооптуу жүктөрдү ташууда алып салуулар, чектөөлөр жана айкалыштык маселелери | 3 | 2 | 1 |
| 99 | Автомобилдик жана мультимодалдык ташуулардын ыкмалары жана уюштурулушу | 4 | 3 | 1 |
| 110 | Кооптуу жүктөрдү ташууга катышуучу тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги, белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө | 2 | 1 | 1 |
| 111 | Ташуу жана жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары | 3 | 2 | 1 |
| 112 | Кооптуу жүктөрдү ташууда авария же окуя болгон учурда айдоочунун жана экипаждын аракеттери | 2 | 1 | 1 |
| 113 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо жана уруксат берүүчү документтер | 3 | 2 | 1 |
| 114 | Ишкананын коопсуздук планын түзүү жана кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жылдык отчетту даярдоо | 2 | 1 | 1 |
| Жыйынтыктоочу аттестация | 2 | — | 2 | |
| Жалпы окуу сааттары | 39 | 25 | 14 | |
IV. Окуу-тематикалык пландын бөлүмдөрүнүн (темаларынын) мазмуну
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыз кылуу маселесинин социалдык-экономикалык мааниси
4.1. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык, шаардык, шаар четиндеги жана шаар аралык катнаштарда ташууну ишке ашырууда автомобиль транспортунунун ролу. Кооптуу жүктөрдү ташууда авариялар жана инциденттер, алардын пайда болушунун негизги себептери жана мүмкүн болгон кесепеттери. Авариялар жана инциденттер боюнча статистикалык маалыматтарды талдоо жана калкка, айлана-чөйрөгө, жол-транспорт инфраструктурасына келтирилген зыянды аныктоо ыкмалары.
4.2. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин укуктук жөнгө салуунун зарылдыгы, анын ичинде мультимодалдык ташууларда (башка транспорт түрлөрүнүн катышуусу менен) ташууларды камтуу.
Кооптуу жүктөрдү эл аралык жана мамлекеттик ичиндеги катнаштарда ташууда укуктук-нормативдик жөнгө салуу
4.3. Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сунуштары. Анын түзүмү, максаты жана колдонулуу чөйрөсү.
4.4. Кооптуу жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө макулдашуу, ДОПОГтун А тиркемеси жана ДОПОГтун В тиркемеси. ДОПОГтун орду жана мааниси, катышуучу мамлекеттер, колдонулуу чөйрөсү, терминологиясы, А жана В тиркемелеринин түзүмү жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
4.5. Кыргыз Республикасында ДОПОГду колдонуу. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору, мамлекеттик органдардын автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу чөйрөсүнө тиешелүү нормативдик укуктук актылары.
4.6. Эл аралык жана улуттук техникалык регламенттер, стандарттар, автомобиль транспорту менен жүк ташуунун эрежелери жана кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылар.
4.7. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууну жөнгө салуучу эл аралык жана улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүнүн зарылдыгы.
4.8. Тартип боюнча практикалык сабак ДОПОГтун А тиркемесиндеги 1.10.3.1.2-пунктуна ылайык «Кооптуулугу жогору жүктөрдүн тизмеси» таблицасы жана А таблицасы «Кооптуу жүктөрдүн тизмеси» менен иштөө көндүмдөрүн өздөштүрүүгө багытталган, берилген номенклатура боюнча.
Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары
4.9. Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттардын укуктук статусу. ДОПОГтун А тиркемесинин 1.8.3-бөлүмүнө ылайык консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары. Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү. Алдын алуу чаралары, айдоочуларды жана кооптуу жүктөрдү ташуу чөйрөсүндө иштеген башка кызматкерлерди нускама менен камсыз кылуу. Коопсуздук планын түзүү жана кооптуу жүктөрдү ташуучу ишканада жылдык отчет даярдоо. Консультанттын контролдоочу функциялары.
4.10. Тартип боюнча практикалык сабак белгиленген шарттарда ишканада коопсуздук боюнча нускама өткөрүү планын түзүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдүн классификациясы, жалпы мүнөздөмөсү жана ташууда пайда болуучу коркунуч түрлөрү
4.11. ДОПОГ талаптарына ылайык кооптуу жүктөрдүн классификациясы. Классификациянын принциптери. Кооптуу жүктөрдүн класстарынын тизмеги. Эритмелерди жана аралашмаларды классификациялоо процедурасы. Кооптуулугу жогору жүктөр. Кооптуу жүктөрдү ташууда пайда болуучу коркунуч түрлөрү.
4.12. Классификациялык коддор, БУУ (ООН) номерлери, жүктөө аталыштары жана белгилөөлөр. Так көрсөтүлбөгөн заттар жана буюмдар. Жалгыз жана жалпыланган позициялар, анын ичинде так көрсөтүлбөгөн заттар.
4.13. Кооптуу жүктөрдүн физикалык, химиялык жана токсикологиялык касиеттери (агымдуулук, тыгыздык, күйүүчүлүк, жарылуучулук, буулануу, коррозиялык таасир, уулуулук). Кооптуу заттарды аралаштырууда, күйүүдө, бууланууда, кайноодо, суу менен аралашканда, сүрүлүүдөн келип чыккан электростатикалык заряддардын пайда болуу физикалык-химиялык процесстери. Кооптуу заттардын адам организми менен териге тийгенде, дем алуу аркылуу жана ичке киргенде тийгизген таасири. Кооптуу жүктөрдүн суу жана топуракка түшүүсүнүн зыяндуу таасирлери. Радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөнү булгоосу.
4.14. Тартип боюнча практикалык сабак ДОПОГ талаптарына ылайык классификациялоо принциптерин эске алуу менен жазуу түрүндө тапшырманы аткарууга багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда тарага, таңгактарга, контейнерлерге жана цистерналарга карата жалпы талаптар
4.15. Тара жана таңгактардын түрлөрү. Тара түрлөрүн белгилөө коддору. Ири өлчөмдүү тара, аралаш (комбинацияланган) тара.
4.16. Ташылып жаткан жүктөрдүн кооптуулук даражасына жараша таңгактардын топтору.
4.17. Инфекциялык заттар жана радиоактивдүү материалдар үчүн тара жана таңгактар.
4.18. Тара түрлөрүнө карата талаптар. Басым астындагы идиштер.
4.19. Кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу контейнерлердин жана цистерналардын түрлөрү. Массалык жүктөр үчүн орто тоннаждуу контейнерлер (КСГМГ). Ири тоннаждуу контейнерлер.
4.20. Көчмө цистерналар жана көп элементтүү газ контейнерлери (МЭГК).
4.21. Контейнер-цистерналар жана алынма кузов-цистерналар. Таштандылар үчүн вакуумдук цистерналар. Интеграцияланган цистерналар (автоцистерналар). Конструкциясы. Баштапкы жана мезгилдүү текшерүүлөр жана сыноолор.
4.22. Тартип боюнча практикалык сабак берилген номенклатурага ылайык кооптуу жүктөрдү ташууда тара жана таңгак түрлөрүн тандоого багытталган. Сунушталган түрлөр боюнча коркунучу жогору жүктөрдү ташууда контейнерлерди жана цистерналарды колдонуу талаптары.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарына жана кошумча жабдууларга карата талаптар
4.23. Тара жана таңгактардагы, жапырт/сыпма түрүндөгү, контейнерлердеги, алмашма жана орнотулган цистерналардагы, транспорттук пакеттеги кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары. ДОПОГтун В тиркемесинин 9-бөлүгүндө каралган кооптуу жүктөр үчүн адистештирилген транспорт каражаттары: АТ, ЕХ/III, FL жана MEMU. Алардын багыты жана кыскача мүнөздөмөсү. Кооптуу жүктөрдү ташууга транспорт каражатын жол берүү жөнүндө күбөлүк алуу тартиби.
4.24. Эл аралык катнаштарда кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн транспорт каражаттарына карата өзгөчө талаптар. Транспорт каражаттарынын негизги параметрлери.
4.25. Цистерналарга карата талаптар, алардын түрлөрү жана коддору. Цистерналарды баштапкы жана мезгилдүү сыноо. Цистерналарды толтуруу шарттары.
4.26. Транспорт каражаттарынын кошумча жабдуулары, алардын түрлөрү жана багыттары. Өрт өчүрүү каражаттары жана транспорт каражаттарын алар менен жабдуу нормалары.
4.27. Транспорт каражаттарында жүктөрдү коопсуз жайгаштыруу жана бекитүү талаптары. Жүктөрдү бекитүүчү түзүлүштөрдүн түрлөрү. Жүктөрдү бекитүү каражаттарына жана ыкмаларына, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын кузовдоруна карата талаптарды жөнгө салуучу эл аралык нормалар жана стандарттар.
4.28. Тартип боюнча практикалык сабак берилген тапшырмадагы түрлөргө ылайык кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарынын түрүн тандоого багытталган.
4.29. Бекитүү каражаттарын тандоо жана алардын керектүү санын эсептөө.
4.30. Кошумча жабдууларды жана өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу тартиби.
Маркалоо, коркунуч белгилери, маалыматтык таблолор жана кызгылт сары түстөгү такталар
4.31. Кооптуу жүктөрдү ташууда ДОПОГ талаптарына ылайык маркалоонун мазмуну жана аны буюмдарга, тарага жана таңгактарга, контейнерлерге, цистерналарга жана атайын транспорт каражаттарына коюу эрежелери. Маркалоонун түрлөрү. Кооптуу жүктөрдү маркалоонун эрежелери.
4.32. Коркунуч белгилери, алардын түрлөрү жана кооптуу жүктөрдү ташууда жайгаштыруу талаптары. Жогорку температурада ташылуучу
заттар үчүн маркалоо белгиси.
4.33. Транспорт каражаттарын, цистерналарды жана контейнерлерди кызгылт сары түстөгү маалыматтык табличкаларды колдонуу менен маркалоо. Аларды жайгаштыруу талаптары. Фумигацияланган транспорт каражаттарын жана контейнерлерди белгилөө.
4.34. Маалыматтык камсыздоого карата талаптар, анын ичинде тиешелүү транспорттук-коштомо документтерди тариздөө.
4.35. Коркунучтун идентификациялык номерлери, алардын колдонулуу чөйрөсү. Коркунуч түрлөрүн белгилөө.
4.36. Тартип боюнча практикалык сабак берилген номенклатура боюнча кооптуу жүктөр салынган таңгактарды, транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана цистерналарды белгилөө талаптарын изилдөөгө багытталган. Кооптуу жүктөрдүн сунушталган тизмеси боюнча коркунучтун идентификациялык номерлерин колдонуу.
Кооптуу жүктөрдү ташууда алып коюлар, чектөөлөр жана айкалыштык маселелери
4.37. Кооптуу жүктөрдү ташууда ДОПОГдун колдонулуу чөйрөсү.
4.38. Автомобиль транспорту менен ташууга уруксат берилбеген кооптуу заттар жана буюмдар. ДОПОГдун жоболору колдонулбаган кооптуу жүктөрдү ташуу учурлары. ДОПОГдун бошотуулары (ДОПОГ А тиркемесинин 1.1.3-бөлүмү), анын ичинде: транспорттук операциянын мүнөзүнө байланышкан бошотуулар; суюк отундарды, газдарды, литий батареяларын жана бош тазаланбаган таңгактарды ташууга байланышкан бошотуулар; бир транспорттук бирдик менен ташылуучу кооптуу жүктөрдүн чектелген көлөмүнө байланышкан бошотуулар; ташуу учурунда муздатуу же кондициялоо үчүн колдонулуучу кооптуу жүктөргө байланышкан бошотуулар.
4.39. Бир транспорт каражатында ар кандай коркунуч белгилери бар ташылып жаткан кооптуу жүктөрдүн айкалыштыгы.
4.40. Практикалык сабак чектелген көлөмдөгү кооптуу жүктөрдү ташууга байланышкан талаптарды изилдөөгө жана берилген номенклатура боюнча бир транспорт каражатында ташылуучу кооптуу жүктөрдүн айкалыштыгын аныктоого багытталган.
Кооптуу жүктөрдү автомобиль жана мультимодалдык ташууну уюштуруу ыкмалары
4.41. Кооптуу жүктөрдү ташууга даярдык көрүү чаралары (зарыл транспорттук документтерди тариздөө, транспорт каражатын каттам алдындагы текшерүү, айдоочунун милдеттүү медициналык кароодон өтүшү, экипажды нускама менен тааныштыруу жана башка чаралар).
4.42. Автомобиль транспорту менен жүк ташуу эрежелери жана аларды кооптуу жүктөрдү ташууда колдонуу.
4.43. Кооптуу жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү, жайгаштыруу жана бекитүү.
4.44. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууда жана транспорт каражаты кыймылда жүргөн учурда коопсуздукту камсыз кылуу чаралары.
4.45. Автожол туннелдери аркылуу өтүүгө чектөөлөр. Ылдамдык режимине чектөөлөр, кооптуулугу жогору жүктөрдү ташууда маршрутту тандоо. Кооптуу жүктөрдү ташууда чектөөлөргө тиешелүү жол белгилери.
4.46. Кооптуу жүктөрдү төгүлмө/чачылма түрүндө ташуунун өзгөчөлүктөрү.
4.47. Тазаланбаган таңгактарды жана кооптуу калдыктарды ташуу. Жүктөөдөн мурда жана түшүрүүдөн кийин тазалоо жана/же дегазациялоо.
4.48. Кооптуу жүктөрдү (тамак-аш азыктары, үй буюмдары, жаныбарлар үчүн тоют жана башка жүктөр менен биргеликте) ташууга байланышкан атайын талаптар.
4.49. Кооптуулугу жогору жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрү.
4.50. Ички же алмашма цистерналарда ташуу. Цистерналардын бөлүмдөрүндө жүктөрдү ташуу. Толтуруу жана бошотуу.
4.51. Кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташуу. Түз аралаш ташуу. Ири контейнерлерди жана алмашма кузовдорду колдонуу. Зарыл транспорттук документтерди тариздөө жана башка транспорт түрлөрүнө тиешелүү талаптарды сактоо. Контейнерди жүктөгөндүгү тууралуу күбөлүк.
4.52. Практикалык сабак сунушталган тизмеге ылайык кооптуулугу жогору жүктөрдү ташууда транспорт каражатынын түрүн жана анын жүрүү маршрутуна тандоо жүргүзүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташуунун катышуучуларынын милдеттери жана жоопкерчилиги жана белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө
4.53. Кооптуу жүктөрдү ташууда негизги катышуучулардын (жүк жөнөтүүчү, ташуучу жана жүк алуучу) милдеттерин автомобиль транспорту менен жүк ташуу эрежелерине ылайык бөлүштүрүү.
4.54. Ташуунун катышуучуларынын жүктөө жана түшүрүү иштерин аткаруу, жүктөрдү транспорт каражаттарында ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу менен жайгаштыруу жана бекитүү боюнча милдеттер.
4.55. Кооптуу жүктөрдү таңгактоо, таразалоо, цистерналарды толтуруу, ташуу учурунда коштоп жүрүү, транспорт каражаттарынын кузовдорун, контейнерлерди жана цистерналарды тазалоо жана дегазациялоо боюнча кызматкерлердин кошумча милдеттери.
4.56. Кооптуу жүктөрдү ташуудагы кызматтык милдеттерди бузгандыгы үчүн катышуучулардын административдик, кылмыштык жана жарандык жоопкерчилиги.
4.57. Практикалык сабак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ташуу катышуучуларынын кызматтык милдеттерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилигин аныктоо боюнча тапшырманы аткарууга багытталган (жазуу түрүндө).
Жүктөрдү ташуу жана жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары
4.58. Кооптуу жүктөрдү ташууга даярдоо жана ташуу учурунда айдоочунун физикалык жана психологиялык абалын талаптагыдай камсыз кылуу. Айдоочунун абалына каттам алдында жана рейстен кийин медициналык көзөмөл кылуу. Айдоочунун эмгек жана эс алуу режимин сактоо. Атайын кийим менен камсыз кылуу.
4.59. Кооптуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарына коюлуучу өзгөчө талаптар. Кошумча жабдуулар топтому. Каттам алдындагы техникалык кароо.
4.60. Кооптуу жүктөрдү ташууда автоунааны коопсуз башкаруу ыкмалары.
4.61. Айдоочуларды кесиптик окутууну камсыз кылуу боюнча талаптар. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууда коопсуздук шарттары. Транспорт каражаттары токтотулган жайларга коюлуучу талаптар.
4.62. Кооптуу жүктөрдү ташуучу ишкананын коопсуздук планын түзүү. Аны иштеп чыгууда жана ишке ашырууда коопсуздук боюнча консультанттын ролу. Терроризмге каршы коопсуздук чаралары.
4.63. Кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө жана түшүрүүдө, ошондой эле аларды транспорт каражаттарына жайгаштыруу жана бекитүүдө көзөмөлдөө жана көзөмөл жүргүзүү иши. Ташуулардын маалыматтык камсыздалышы.
4.64. Практикалык сабак берилген шарттарда кооптуу жүктөрдү ташуучу ишканада коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын тизмесин түзүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда авария жана окуялар учурунда айдоочунун жана экипаждын аракеттери
4.65. ДОПОГ А тиркемесинин 5.4.3-бөлүмүнө ылайык жазма нускамалар — авария же окуя учурунда айдоочу
жана экипаж мүчөлөрүнүн аракеттерин аныктаган негизги документ. Кооптуу жүктөрдүн мүнөзүнө жана ташуудагы тобокелдиктерге жараша кошумча талаптардын тизмеси.
4.66. Авария же окуя учурунда айдоочу жана экипаж мүчөлөрү үчүн жеке коргонуу каражаттары.
4.67. Авария же окуя натыйжасында жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
4.68. Практикалык сабак авария учурунда жазма нускамаларды аткарууну өздөштүрүүгө жана жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөтүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо жана уруксат берүүчү документтер
4.69. Кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорттук-коштомо жана уруксат берүүчү документтер: транспорттук коштомо кагаз, жазма нускамалар, айдоочуну даярдоо жөнүндө күбөлүк ДОПОГ, транспорт каражатын кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат күбөлүгү, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатынын каттоо документтери, камсыздандыруу полиси, жол баракчасы, кооптуулугу жогору жүктөр үчүн атайын уруксат, ири габариттүү жана/же оор жүк ташуу үчүн атайын уруксат (зарыл учурда), контейнерди жүктөгөндүгү тууралуу күбөлүк (мультимодалдык ташууда), химиялык продукциянын коопсуздук паспорту (зарыл учурларда). Алардын колдонулушу жана тариздөө тартиби.
4.70. Практикалык сабак транспорттук-коштомо документтерге коюлган талаптарды карап чыгууга багытталган. Берилген шарттарда транспорттук коштомо кагазды толтуруу. Продукциянын бекитилген түрүн ташууда химиялык продукциянын коопсуздук паспортун жазуу жүзүндө тариздөө.
Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча ишкананын коопсуздук планын жана жылдык отчетун түзүү
4.71. ДОПОГ А тиркемесинин 1.10.3.2-пунктуна ылайык кооптуу жүктөрдү, анын ичинде кооптуулугу жогору жүктөрдү ташууда ишкананын коопсуздук планын түзүү жана ишке ашыруу боюнча талаптар.
4.72. Кооптуу жүктөрдү ташуу, жүктөө-түшүрүү иштерин аткаруу, таңгактоо жана автомобиль транспорту менен жеткирүүгө байланышкан башка иштер боюнча ишкананын жылдык отчетун даярдоого катышуу. Отчеттун максаты.
4.73. Практикалык сабак берилген шарттарда кооптуулугу жогору жүктөрдү ташууда ишкананын коопсуздук планын түзүүгө багытталган. Сунушталган номенклатура боюнча кооптуу жүктөрдү ташуу менен байланышкан ишкананын жылдык отчетун даярдоо.
V. Программаны өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжалары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында угуучу билүүгө тийиш:
— өлкөнүн транспорт системасында автотранспорт комплексинин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын;
— өлкөнүн экономика тармактарын өнүктүрүүдөгү эң маанилүү милдеттерди чечүүдө транспорт системасында автотранспорттун ролун;
— автотранспорт менен жүк ташууларды өркүндөтүүгө байланышкан маселелердин комплекси, заманбап ташуу ыкмалары, анын ичинде контейнерлерде, транспорттук пакеттөөдө жана терминалдык жана башка системаларды колдонуу менен ташуулар;
— шаардык, шаар четиндеги, аралык жана эл аралык катнаштардагы жүк ташуунун өзгөчөлүктөрүн;
— негизги жүк түрлөрүн, анын ичинде кооптуу, тез бузулуучу, ири көлөмдүү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууда транспорттук-логистикалык технологияларды жана жүктөө-түшүрүү иштерин механизациялоо маселелерин;
— жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын негизги түрлөрүн, алардын параметрлерин, транспорттук-эксплуатациялык талаптарын, адистешүүсүн жана колдонуу чөйрөлөрүн;
— жүк ташууда колдонулуучу күйүүчү-майлоочу материалдарга коюлган талаптарды жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин;
— автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо системасына коюлган талаптарды;
— жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелерин;
— жүк ташуучу автотранспорттун экономикасынын негиздерин, автотранспорт уюмунун ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн, ташуу өздүк наркынын түзүмүн жана рентабелдүүлүктү, транспортто эсепке алуу жана отчеттуулукту;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык конвенциялардын жана келишимдердин жүк ташууга, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташууга тиешелүү жоболорун;
— кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө, түшүрүүдө жана сактоодо болгон авариялардын негизги себептерин жана алардын кесепеттерин;
— жүктөрдү, анын ичинде кооптуу жүктөрдү классификациялоонун негиздерин, классификация принциптерин жана кооптуу жүктөрдүн класстарын, алардын жалпы мүнөздөмөсүн (физикалык, химиялык жана технологиялык касиеттерин) жана ДОПОГ талаптарына ылайык классификациялоонун өзгөчөлүктөрүн;
— таңгактоо жана идиштерге коюлган жалпы талаптарды, контейнерлерге, көп элементтүү газ контейнерлерине, орнотулган цистерналарга жана контейнер-цистерналарга, алмаштырылуучу жана көчмө цистерналарга коюлган талаптарды (түрлөрү, коддору, маркалоо, конструкция, баштапкы жана мезгилдүү текшерүүлөр жана сыноолор), таңгактарды, контейнерлерди жана цистерналарды тандоо эрежелерин;
— маркалоо жазууларын, кооптуулук белгилерин, маалыматтык таблолорду жана кызгылт сары түстөгү тактайчаларды, алардын транспорт каражаттарына, контейнерлерге, таңгактарга жана идиштерге коюлушун жана алынышын;
— кооптуу жүктөрдү ташуу ыкмаларын (таңгакта ташуу, жапырт/сыпма түрүндө ташуу, орнотулган же алмаштырылуучу цистерналарда ташуу, контейнердик ташуулар, контейнерлердин түрлөрү жана негизги параметрлери);
— кооптуу жүктөрдүн ташылышына коюлган чектөөлөрдү жана уруксат берилбеген жүктөрдү, биргелешип жүктөөгө тыюу салууларды жана коопсуздук чараларын;
— кооптуу жүктөрдү тамак-аш азыктары, тиричилик буюмдары, мал азыктары жана башка жүктөр менен бирге ташууга коюлган атайын талаптарды;
— жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыздоо, жүктөрдү туура жайгаштыруу жана бекитүү, ар кандай жүктөрдү ташууга чейин жана кийин транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана цистерналарды тазалоо жана/же дегазациялоо талаптарын;
— кооптуу жүктөрдү ташуу тармагында иштеген айдоочуларды жана башка кызматкерлерди кесиптик даярдоонун маселелерин;
— айдоочу колдонгон документтерди: транспорттук-коштомо документтер, жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр, транспорт каражатына уруксат берүү күбөлүгү, айдоочуну даярдоо жөнүндөгү ДОПОГ күбөлүгү, химиялык продукциянын коопсуздук паспорту ж.б. жана аларды толтуруу тартибин;
— жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдүн мазмунун, коргоочу жабдууларды жана кошумча коопсуздук каражаттарын;
— кооптуу жүктөрдү ташууда жол кыймылынын эрежелерин жана чектөөлөрдү, айдоочунун иш жана эс алуу режимин;
— транспорт каражаттарына коюлган талаптарды, ГЛОНАСС/GPS жана тахографтар сыяктуу борттук жабдууларды;
— жол кырсыгы жана өзгөчө кырдаалдарда айдоочунун жана экипаждын аракеттерин, коопсуздук боюнча алдын алуу чараларын;
— кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн;
— ташууга катышкан тараптардын милдеттерин жана жоопкерчилигин, көзөмөлдөө чараларын;
— кооптуу жүктөрдү ташууга колдонулуучу жеңилдетилген режимдерди;
— жогорку кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздук планын түзүү талаптарын;
— кооптуу жүктөрдү ташууда жылдык отчетту жана авариялар боюнча отчетторду түзүү эрежелерин.
5.2. Угуучу аткара билүүгө тийиш:
— кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу эл аралык жана улуттук ченемдик укуктук актыларды иште колдоно билүү;
— кооптуу жүктөрдү далдаштырууну (идентификациялоону) жүргүзүү;
— нормативдик талаптарга шайкештикти текшерүү: кооптуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарынын; ташууда жана жүктөө-түшүрүү иштеринде колдонулуучу жабдуулардын (анын ичинде транспорт каражаттарына орнотулган жабдуулардын); кооптуу жүктөрдү ташууга арналган таңгактардын, идиштердин, контейнерлердин жана цистерналардын;
— кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарында керектүү документтердин бар-жогун текшерүү жана алардын ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоо;
— кооптуу жүктөрдү ташуу процессине тартылган персоналдын өз функцияларына ылайык келүүсүн баалоо;
— кооптуу жүктөрдү ташуу тармагында иштеген кызматкерлерге өндүрүштүк инструктаж өткөрүү жана анын жыйынтыгы боюнча текшерүүлөрдү (зачетторду) кабыл алуу;
— кооптуу жүктөрдү ташуу, жүктөө, түшүрүү же таңгактоо учурунда болгон олуттуу авариялардын, инциденттердин жана одоно бузулуулардын жагдайларын кызматтык иликтөө жүргүзүү жана зарыл учурда авария боюнча отчет түзүү;
— ишкананын кооптуу жүктөрдү ташуу ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетту түзүү;
— жогорку кооптуу жүктөрдү ташууда ишкананын коопсуздук планын даярдоо жана анын аткарылышын көзөмөлдөө.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары камсыз кылууга тийиш:
— программаны толук көлөмдө өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжаларына жетишүүнү;
— колдонулуучу окутуу формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын угуучулардын категориясына ылайык келүүсүн, кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен.
6.2. Теориялык окутуу материалдык-техникалык жана маалыматтык-усулдук талаптарга жооп берген жабдыланган окуу аудиторияларында жүргүзүлөт.
6.3. Теориялык жана практикалык сабактардын бир академиялык саатынын узактыгы 1 академиялык саат (45 мүнөт) болушу керек.
6.4. Программаны ишке ашыруучу педагогикалык кызматкерлер кошумча кесиптик программаларды ишке ашыруучу педагогдорго карата коюлган квалификациялык талаптарга, тиешелүү кызмат орундары боюнча квалификациялык справочниктерде жана (же) кесиптик стандарттарда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
«Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу» тартиби боюнча сабак өтүүчү окутуучулар кошумча төмөнкү талаптардын бирине жооп берүүгө тийиш:
— автомобиль транспорту чөйрөсүндө, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоону жана уюштурууну жүргүзгөн профессордук-окутуучулук курамдын мүчөсү болуу;
— автомобиль транспорту чөйрөсүндө, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоону жана уюштурууну жүргүзгөн жетекчи илимий кызматкерлердин катарына кирүү;
— ДОПОГтун А тиркемесинин 1.8.3.7 пунктуна ылайык кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттын кесиптик даярдыгы тууралуу күбөлүккө ээ болуу.
6.5. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-усулдук шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
— окуу-тематикалык план;
— календардык окуу графиги;
— билим берүү программасы;
— усулдук материалдар жана иштелмелер;
— сабактардын күн тартиби.
6.6. Программанын материалдык-техникалык жана маалыматтык-усулдук камсыздалышы:
| Компоненттердин аталышы | Саны, даана: |
| Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар: | |
| Компьютер | 1 |
| Мультимедиялык проектор же телевизор | 1 |
| Экран (монитор, электрондук доска) | 1 |
| Маалыматтык материалдар: | |
| бир топту окутууга жетиштүү 1 комплект | |
| ДОПОГтун А тиркемеси жана В тиркемеси | эки окуучуга 1 комплект |
| Маалыматтык стенд: | |
| Тиешелүү тиркемеси менен лицензиянын көчүрмөсү | 1 |
| Окуу программасы | 1 |
| Окуу-тематикалык план | 1 |
| Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 |
| Сабактардын күн тартиби | 1 |
| Интернеттеги расмий сайттын дареги | 1 |
6.7. Аталган Программа боюнча окутууну аяктап, жыйынтыктоочу аттестациядан өткөндөн кийин, билим берүү ишин жүргүзгөн уюм угуучуга кесиптик даярдык тууралуу диплом берет.
6.8. Угуучулардын Программаны өздөштүрүү натыйжаларын жекече эсепке алуу, ошондой эле бул натыйжалар жөнүндө маалыматты архивде сактоо билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан кагаз түрүндө жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүргүзүлөт.
VII. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо системасы
7.1. Угуучулардын окуудагы жетишүүсүнө жүргүзүлүүчү учурдагы көзөмөл жана аралык аттестация (баалоо), алардын формаларын, мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин белгилөө билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Квалификацияны жогорулатуу жыйынтыктоочу аттестация менен аяктайт, ал практикалык квалификациялык ишти жана теориялык билимдерди текшерүүнү камтыйт (жазуу жүзүндөгү тапшырма түрүндө), ал оозеки суроолор менен толукталышы мүмкүн жана төмөнкү темаларды камтыйт:
— коопсуздукту камсыз кылуу жана алдын алуу боюнча жалпы чаралар;
— кооптуу жүктөрдү классификациялоо;
— таңгактоонун жалпы жоболору, анын ичинде цистерналарга, контейнер-цистерналарга, автоцистерналарга жана кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу башка транспорт каражаттарына тиешелүү талаптар;
— маркировкалоо жазуулары жана коркунуч белгилери;
— транспорттук-сопроводдук документтерде көрсөтүлүүчү маалыматтар;
— кооптуу жүктөрдү иштетүү жана жайгаштыруу;
— экипаж, кооптуу жүктөрдү ташууда кесиптик даярдык;
— транспорт каражатында болушу керек болгон документтер;
— кооптуу жүктөрдү ташууга тиешелүү күбөлүктөр;
— ДОПОГ А тиркемесинин 5.4.3-бөлүмүнө ылайык жазма нускамалар;
— транспорттук жабдууларга коюлуучу талаптар.
7.3. Жыйынтыктоочу аттестация жана теориялык билимдерди текшерүү билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдардын негизинде өткөрүлөт.
7.4. Жыйынтыктоочу аттестациянын жыйынтыктары протокол менен таризделет.
КР ТКМ «__»_____________ 2026-ж.
№_______ буйругуна 5-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (базалык курс)
- Жалпы жоболор
1.1. Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга (ДОПОГ) ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (базалык курс) (мындан ары – Типтүү программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы №379 «1957-жылдын 30-сентябрында Женевада кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу жөнүндө макулдашууга (ДОПОГ) кошулуусу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын негизинде билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыгып, бекитилген жумушчулар жана кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу программасы боюнча жүргүзүлөт (мындан ары – кесиптик окутуу, Программа).
1.3. Программанын максаты – автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына ДОПОГго ылайык кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча кесиптик ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана машыгууларды алуу.
1.4. ДОПОГтун В тиркемесинин 8.2-бөлүмүндө каралган айдоочуну даярдоо тууралуу жарактуу күбөлүгү (мындан ары – ДОПОГ күбөлүгү) жок айдоочуларды окутуу Типтүү программанын II — бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгып, бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.5. ДОПОГ күбөлүгү бар айдоочуларды окутуу Типтүү программанын III — главасында көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгып, бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.6. Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууну жүргүзгөн айдоочуларды кесиптик окутуу беш жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
1.7. Окуучуларга зарыл болгон билимдерди берүү үчүн Типтүү программада теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү, ошондой эле Программаны өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн квалификациялык экзамен түрүндө жыйынтыктоочу аттестация каралган.
1.8. Окутуунун узактыгы жана темалардын тизмеси төмөнкүлөр менен белгиленет:
— Типтүү программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууну жүргүзгөн айдоочуларды кесиптик окутуу үчүн окуу планы;
— Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууну жүргүзгөн айдоочуларды кесиптик окутуу үчүн окуу планы.
1.9. Типтүү программада айдоочунун биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча кыймыл-аракети, өрт өчүрүү жана ДОПОГдо каралган жазма нускамаларга ылайык башка аракеттерди камтыган жекече практикалык сабактар да каралган.
1.10. Типтүү программа жалпы жоболордон, окуу пландарынан, окуу пландарынын темаларынын мазмунунан, пландалган жыйынтыктардан, ишке ашыруу шарттарынан жана баалоо системасынан турат.
1.11. Типтүү программанын II — главасына ылайык окутууга Кыргыз Республикасынын тиешелүү категориядагы кыргыз улуттук айдоочулук күбөлүгү бар жана ошол категория боюнча транспорт каражаттарынын айдоочусу катарында үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар айдоочулар кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда тиешелүү категориядагы чет өлкөлүк же эл аралык айдоочулук күбөлүккө да жол берилет.
1.12. Билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан Программалар боюнча Типтүү программанын III – главасында көрсөтүлгөн окуу планына ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүргүзгөн айдоочуларды кесиптик окутууга Типтүү программанын 1.11-пунктундагы талаптарга жооп берген жана жарактуу ДОПОГ күбөлүгү бар айдоочулар кабыл алынат.
II. Типтик программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды кесиптик окутуунун окуу планы
| № | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
| бардыгы | анын ичинде: | |||
| теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
| 1 | Кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу жалпы талаптар, ДОПОГтун ролу | 2 | 2 | — |
| 2 | Кооптуу жүктөрдү ташууда негизги коркунуч түрлөрү жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары. Калдык жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө | 2 | 2 | — |
| 3 | Кооптуу жүктөрдүн классификациясы жана жалпы мүнөздөмөсү | 2 | 1 | 1 |
| 4 | Маркалоо, коркунуч белгилери жана кызгылт сары түстөгү таблицалар | 2 | 1 | 1 |
| 5 | Транспорт каражаттарына, контейнерлерге, таңгактарга, цистерналарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар | 4 | 3 | 1 |
| 6 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо документтер | 2 | 1 | 1 |
| 7 | Кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу | 4 | 3 | 1 |
| 8 | Айдоочунун жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги | 2 | 1 | 1 |
| 9 | Кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө жана түшүрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу чаралары | 2 | 1 | 1 |
| 10 | Айдоочунун жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГто каралган жазма нускамаларга ылайык башка аракеттери | 2 | 1 | 1 |
| 11 | Кооптуу жүктөрдү ташууда алып салуулар, чектөөлөр жана шайкештик маселелери | 2 | 2 | — |
| 12 | Автотранспорт каражаттары катышкан кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташуунун өзгөчөлүктөрү | 1 | 1 | — |
| Квалификациялык экзамен | 1 | — | 1 | |
| Жалпы окуу сааттары | 28 | 19 | 9 | |
III. Типтик программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
| № | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
| бардыгы | анын ичинде: | |||
| теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
| 1 | Кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу жалпы талаптар, ДОПОГтун ролу | 1 | 1 | — |
| 2 | Кооптуу жүктөрдү ташууда негизги коркунуч түрлөрү жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары. Калдык жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө | 1 | 1 | — |
| 3 | Кооптуу жүктөрдүн классификациясы жана жалпы мүнөздөмөсү | 1 | 0,5 | 0,5 |
| 4 | Маркалоо, коркунуч белгилери жана кызгылт сары түстөгү таблицалар | 1 | 0,5 | 0,5 |
| 5 | Транспорт каражаттарына, контейнерлерге, таңгактарга, цистерналарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар | 2 | 1 | 1 |
| 6 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо документтер | 1 | 0,5 | 0,5 |
| 7 | Кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу | 2 | 1 | 1 |
| 8 | Айдоочунун жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги | 1 | 0,5 | 0,5 |
| 9 | Кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө жана түшүрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу чаралары | 1 | 0,5 | 0,5 |
| 10 | Айдоочунун жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГто каралган жазма нускамаларга ылайык башка аракеттери | 1 | 0,5 | 0,5 |
| 11 | Кооптуу жүктөрдү ташууда алып салуулар, чектөөлөр жана шайкештик маселелери | 1 | 1 | — |
| 12 | Автотранспорт каражаттары катышкан кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташуунун өзгөчөлүктөрү | 1 | 1 | — |
| Квалификациялык экзамен | 1 | — | 1 | |
| Жалпы окуу сааттары | 15 | 9 | 6 | |
IV. Окуу пландарынын темаларынын мазмуну
Кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу жалпы талаптар, ДОПОГтун ролу
4.1. ДОПОГ жөнүндө жалпы маалыматтар. Кыргыз Республикасынын ДОПОГко кошулуусу. ДОПОГтун А тиркемесинин жана В тиркемесинин түзүмү. ДОПОГтун катышуучулары. ДОПОГтун жоболорун кайра кароо жана жаңыртуу мөөнөттүүлүгү. Кыргыз Республикасында ДОПОГтун колдонуу чөйрөсү. Кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды даярдоого тиешелүү ДОПОГтун негизги жоболору. Мындай ташууларда коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын актуалдуулугу.
4.2. Кыргыз Республикасынын кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууга тиешелүү негизги ченем-укуктук актыларынын жоболору. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууга жана мындай ташууларда коопсуздукту камсыз кылууга тиешелүү эл аралык жана улуттук техникалык регламенттер жана стандарттар.
Кооптуу жүктөрдү ташуудагы негизги кооптуулуктун түрлөрү жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары. Калдыктарды ташууну көзөмөлдөө
4.3. Кооптуу жүктөрдү ташууда коркунуч түрлөрү: өрт кооптуулугу, жарылуу кооптуулугу, кычкылдандыруучу касиеттер, радиациялык коркунуч, инфекциялык коркунуч, уулуулук. Кооптуу заттардын адам организминин үстүнө дем алуу аркылуу, тери менен байланышта же ичке киргенде тийгизген таасири. Кооптуу заттар айлана-чөйрөгө түшкөндө келтирген зыяндуу таасирлери. Ар кандай коркунуч түрлөрүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуучу чаралар.
4.4. Кооптуу жүктөрдү ташууда авариялар жана жол-транспорт кырсыктарынын натыйжасында ар кандай коркунучтар пайда болгондо адамдарды жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары. Өндүрүштүк жана тиричилик калдыктары жана аларды ташууну көзөмөлдөө боюнча чаралар.
Кооптуу жүктөрдүн классификациясы жана жалпы мүнөздөмөсү
4.5. Классификациялоо принциптери. ДОПОГко ылайык кооптуу жүктөрдүн классификациясы. ДОПОГтун А тиркемесиндеги А таблицасы. Бириккен Улуттар Уюмунун Типтик эрежелеринен алынган заттын же буюмдун класстары жана төрт орундуу идентификациялык номери. Кооптуу жүктөрдүн тиешелүү жүктөө аталышы.
4.6. Кооптуу жүктөрдүн физикалык жана химиялык касиеттери (агымдуулук, тыгыздык, күйүүчүлүк, буулануу, жегичтик, уулуулук жана башка касиеттер). Кооптуу жүктөрдү аралаштырганда, күйгөндө, бууланганда, кайнаганда, аралашканда пайда болгон физика-химиялык процесстер; электростатикалык заряддардын пайда болушу жана башка процесстер.
4.7. Жогорку кооптуулуктагы жүктөр.
4.8. Автотранспорт каражаттары менен ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөр.
4.9. Практикалык сабак сунушталган кооптуу жүктөрдүн түрлөрү боюнча ДОПОГтун А тиркемесинин «Кооптуу жүктөрдүн тизмеси» А таблицасын колдонууга багытталган.
Маркалоо, кооптуулук белгилери жана кызгылт сары түстөгү таблицалар
4.10. Маркировканын мазмуну жана кооптуу жүктөрдү ташууда буюмдарга, таңгактарга, контейнерлерге, цистерналарга жана атайын транспорт каражаттарына аны колдонуу боюнча ДОПОГ талаптары. Маркировканын түрлөрү жана эрежелери.
4.11. Коркунуч белгилери, алардын түрлөрү жана кооптуу жүктөрдү ташууда жайгаштыруу боюнча талаптар. Жогорку температурада ташылуучу заттар үчүн маркировкалоочу белги. Айлана-чөйрөгө кооптуу заттар үчүн маркировкалоочу белги. Литий батареялары үчүн маркировкалоочу белги.
4.12. Кызгылт сары түстөгү таблицаларды колдонуу менен транспорт каражаттарын, цистерналарды жана контейнерлерди маркировкалоо. Аларга коюлуучу техникалык талаптар жана жайгаштыруу эрежелери.
4.13. Фумигацияланган транспорт каражаттарын жана контейнерлерди маркировкалоо. Маалыматтык камсыздоо боюнча талаптар, анын ичинде тиешелүү транспорттук документтерди тариздөө.
4.14. Муздатуу же кондициялоо максатында колдонулганда асфиксия коркунучун жараткан заттарды камтыган таңгактарды, транспорт каражаттарын жана контейнерлерди маркировкалоо.
4.15. Практикалык сабак сунушталган түрлөр жана типтер боюнча кооптуу жүктөрдү ташууда таңгактарды, транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана цистерналарды маркировкалоо талаптарын үйрөнүүгө багытталган.
Транспорт каражаттарына, контейнерлерге, таңгактарга жана цистерналарга, ошондой эле таңгактоого жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар
4.16. Кооптуу жүктөрдү таңгакта, үймө/себилме түрүндө, температурасы жөнгө салынган шартта, контейнерлерде, алынуучу жана орнотулган цистерналарда, транспорттук пакеттерде ташуу үчүн транспорт каражаттары. ДОПОГтун В тиркемесинин 9-бөлүгүндө каралган атайын транспорт каражаттары: AT, EX/II, EX/III, FL жана MEMU. Алардын багыты жана кыскача мүнөздөмөсү. Автотранспорт каражаттарын техникалык кароо жана кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү системасы.
4.17. Кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн транспорт каражаттарына коюлуучу өзгөчө талаптар. Өрт коркунучун алдын алуу боюнча техникалык жоболор, ошондой эле электр жабдууларына, тормоз системасына, ылдамдыкты чектөөчү түзмөктөргө, чиркегич жабдууларга коюлуучу талаптар. Эл аралык ташууларда колдонулуучу транспорт каражаттарынын негизги параметрлери. Сары же кызгылт сары түстөгү жаркылдоочу маяктар.
4.18. Кошумча жабдуулардын тизмеси жана аларга коюлуучу талаптар. Транспорт каражаттарында орнотулган жабдуулардын максаты жана колдонуу ыкмалары. ГЛОНАСС/GPS борттук түзмөктөрү, өлчөө-көзөмөлдөө приборлору, тахографтар. Өрт өчүрүү каражаттары. Өрт өчүргүчтөр жана алардын мүнөздөмөлөрү. Токтотуучу башмактар, авариялык жилет, көздү жуу үчүн суюктук, коргоочу көз айнек, өз таянычы бар эскертүү белгилери, күрөк, көчмө жарык берүүчү шайман.
4.19. Таңгактарды, басым астындагы идиштерди, орто жүк көтөрүмдүүлүктөгү контейнерлерди жана ири габариттүү таңгактарды даярдоо жана сыноо талаптары. Таңгактардын, орто жүк көтөрүмдүүлүктөгү контейнерлердин жана ири габариттүү таңгактардын коддору жана аларга маркалоо белгилерин коюунун өзгөчөлүктөрү. Инфекциялык заттар үчүн таңгактарды даярдоо, сыноо жана маркировкалоонун өзгөчөлүктөрү.
4.20. Контейнерлердин түрлөрү жана алардын багыты. Аларга коюлуучу техникалык талаптар. Кооптуу жүктү жүктөөдөн мурда контейнерди алдын ала текшерүү.
4.21. Таңгактоого коюлуучу талаптар.
4.22. Практикалык сабак белгиленген номенклатура боюнча кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарынын түрүн тандоого, кошумча жабдууларды жана өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо документтер
4.23. Кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорттук-коштомо документтер: транспорттук накладная (эл аралык ташууда – CMR эл аралык товар-транспорттук накладнаясы), транспорт каражатын кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү күбөлүгү, транспорт каражатынын каттоо документтери, камсыздандыруу полиси, жол баракча, кооптуу жүктөрдү ташууга атайын уруксаттар, таңгакка сертификат, айдоочунун ДОПОГ боюнча даярдык күбөлүгү, жазма нускамалар, оор салмактагы жана (же) ири габариттүү транспорт каражаттары үчүн жолдо жүрүүгө атайын уруксат (зарыл болсо), Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык ташууда кооптуу жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттары үчүн атайын уруксаттар, контейнерди жүктөө күбөлүгү (мультимодалдык ташууда), химиялык продукциянын коопсуздук паспорту (зарыл учурларда). Алардын колдонулушу жана тариздөө тартиби.
4.24. Транспорттук-коштомо документтердин мазмунуна жана толтуруу тартибине коюлуучу талаптар.
4.25. Практикалык сабак жазма нускамаларды колдонууга, транспорттук коштомо кагазды айдоочулар жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптар тарабынан толтурууга тапшырмада сунушталган берилген тизмеге ылайык багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу
4.26. Кооптуу жүктөрдү ташууну ишке ашырууга даярдык көрүү чаралары (зарыл транспорттук-коштомо документтерди тариздөө, транспорт каражатын каттам алдындагы текшерүү, айдоочунун каттам алдындагы жана каттамдан кийинки медициналык кароосу).
4.27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу эрежелери» жана айдоочу тарабынан кооптуу жүктөрдү ташууда алардын талаптарын аткаруу. Ташууга катышкан тараптардын транспорт
каражаттарында жүктөрдү жайгаштыруу жана бекитүү, таразалоо, цистерналарды толтуруу, ташуу учурунда коштоо боюнча милдеттери.
4.28. Транспорт каражатынын кыймылы учурунда жана жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу чаралары. Кооптуу жүктү жүктөө-түшүрүү жерине коюлуучу талаптар. Транспорт каражаттарынын кузовдорун жүктөө ыкмалары. Кооптуу жүктөрдү таңгактоо жана жайгаштыруу, аларды транспорт каражаттарынын кузовунда коопсуз бекитүү ыкмалары.
4.29. Кооптуу жүктөрдү автожол тоннелдери аркылуу ташуу. Тоннелдердин категориялары. Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын тоннелдер аркылуу өтүүсүнө коюлган чектөөлөр. Кооптуу жүктөрдү ташууда жол белгилери жана сигналдар.
4.30. Тазаланбаган таңгактарды жана кооптуу калдыктарды ташуу. Транспорт каражаттарын, таңгактарды жана кузовдорду жүктөөдөн мурун жана түшүргөндөн кийин тазалоо жана/же дегазациялоо.
4.31. Жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташууну уюштурууга коюлуучу талаптар.
4.32. Кооптуу жүктөрдү эл аралык ташуунун өзгөчөлүктөрү.
4.33. Практикалык сабак берилген шарттарда кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражатынын түрүн жана кыймыл маршрутуна тандоо жүргүзүүгө багытталган.
Айдоочунун жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги
4.34. Кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан айдоочунун, жүк жөнөтүүчүнүн жана жүк алуучунун милдеттери жана жоопкерчилиги. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу эрежелерине ылайык милдеттерди бөлүштүрүү. Кооптуу жүктөрдү ташууда айдоочуларга жана экипаж мүчөлөрүнө коюлуучу талаптар; айдоочу эмне кылышы керек жана эмне кылууга тыюу салынат.
4.35. Айдоочулардын жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптардын жоопкерчилигине тиешелүү административдик, кылмыш жана жарандык мыйзамдар.
4.36. Кооптуу жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө.
Кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө жана түшүрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу чаралары
4.37. Каттам алдында айдоочунун, автоунаанын жана жүктүн абалын текшерүү. Айдоочуга каттам алдындагы инструктаж өткөрүү.
4.38. Кооптуу жүктү ташууда жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүүдө жана транспорт каражатынын кыймылы учурунда коопсуздук чаралары. Ылдамдыктын, аралыкты сактоонун таасири. Жол параметрлеринин транспорт каражатынын башкарылышына жана туруктуулугуна таасири. Жүктөмдүн таасирин эске алуу менен автоунаанын динамикалык мүнөздөмөлөрү. Кыймыл траекториясынын өзгөрүшүндө жүккө таасир этүүчү күчтөр.
4.39. Жол кырдаалын талдоонун негизинде жол кыймылындагы мүмкүн болгон коркунучту баалоо жана айдоочунун типтүү каталары. Ар кандай коркунуч түрлөрүнө ылайык коопсуздук чаралары.
Кооптуу жүктөрдү ташууда ДОПОГко ылайык жазма нускамалар менен белгиленген кырдаалда айдоочунун жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана башка аракеттери
4.40. ДОПОГго ылайык авариялык кырдаалдар пайда болгондо айдоочунун жазма нускамалары жана аракеттери. Коопсуздук чаралары.
4.41. Тийиштүү авариялык кызматтарды кабарлоо. Авария учурунда колдонулуучу байланыш жана маалымат каражаттары.
4.42. Жол кыймылынын катышуучуларын жана компетенттүү органдарды кабарлоо. Авариялык токтотуу белгисин жана кызгылт сары жарык сигналдары бар чырактарды орнотуу эрежелери. ЭРА-ГЛОНАСС системасын колдонуу.
4.43. Курчап
чөйрөгө же канализация системасына агып кетүүнү алдын алуу үчүн транспорт каражаттарындагы кошумча жабдууларды колдонуу. Төгүлгөн же чачылган заттарды локалдаштыруу.
4.44. Жаракаттар, жылуулук жана химиялык жабыркоолор, курч уулануулар, күйүктөр жана үшүк алуу, кан кетүү, сөөк сынууларында жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү. Жеке коргонуу каражаттарынын түрлөрү (атайын кийим, атайын бут кийим). Дем алуу органдарын коргоочу каражаттар (противогаздар, респираторлор). Кооптуу жүктөр менен болгон кырсыктарда айдоочунун жеке коргонуу каражаттарын колдонуу. Жол-транспорт кырсыктарында жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү үчүн аптечка (автомобиль аптечкасы).
4.45. Өрттү өчүрүү каражаттары. Транспорт каражатында кооптуу жүк күйүп кеткен учурда өрт өчүргүчтөрдү жана башка өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу.
4.46. Автотранспорт каражаттарында кооптуу жүктөрдү коопсуз жайгаштыруу жана бекитүүнү камсыз кылуу талаптары. Жүктөрдүн ишенимдүү бекитилиши үчүн ташуучу менен жүктү жөнөтүүчүнүн жоопкерчилиги.
4.47. Практикалык сабак жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрүн өздөштүрүүгө багытталган. Биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары. Белгиленген шарттарда өрт өчүргүчтү жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу.
Кооптуу жүктөрдү ташуудагы алып коюулар, чектөөлөр жана шайкештик маселелери
4.48. Кооптуу жүктөрдү ташууда ДОПОГдун колдонуу чөйрөсү.
4.49. Автомобиль транспорту менен ташууга жол берилбеген кооптуу заттар жана буюмдар. ДОПОГдун жоболору колдонулбаган кооптуу жүктөрдү ташуу учурлары. ДОПОГдо каралган жеңилдетүүлөр, анын ичинде транспорттук операциянын мүнөзүнө байланышкан жеңилдетүүлөр; суюк күйүүчү майларды, газдарды, литий батареяларын жана бош, тазаланбаган таңгактарды ташууга байланышкан жеңилдетүүлөр; бир транспорттук бирдик менен ташылуучу кооптуу жүктөрдүн чектелген көлөмүнө байланышкан жеңилдетүүлөр; ташуу учурунда муздатуу же кондициялоо үчүн колдонулган кооптуу жүктөргө байланышкан жеңилдетүүлөр (ДОПОГдун А тиркемесинин 1.1.3-бөлүмү).
4.50. Автожол тоннелдери аркылуу кооптуу жүктөрдү ташууга коюлган чектөөлөр.
4.51. Бир транспорт каражатында ар кандай кооптуулук белгилери бар кооптуу жүктөрдүн шайкештиги. Бир эле транспорт каражатына же бир эле контейнерге биргелешип жүктөөгө тыюу салуу.
4.52. Кооптуу жүктөрдү тамак-аш азыктары, үй тиричилик буюмдары, жаныбарлар үчүн тоют жана башка жүктөр менен бирге ташууга байланышкан атайын талаптар.
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту катышуусундагы мультимодалдык ташуулардын өзгөчөлүктөрү
4.53. Автомобиль транспорту катышкан кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташуунун өзгөчөлүктөрү. Чоң көлөмдүү контейнерлерди, алмашма кузовдорду жана транспорттук пакеттерди колдонуу. Кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташууда зарыл болгон транспорттук-коштоочу документтерди тариздөө жана башка транспорт түрлөрүнө тиешелүү талаптарды сактоо. Деңиз транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууда контейнерди жүктөгөндүгү тууралуу күбөлүк. Кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташууда эске алынуучу эл аралык келишимдер.
- Программаны өздөштүрүүнүн пландалган натыйжалары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
— кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу жалпы талаптар;
— кооптуу жүктөрдү ташууда негизги кооптуулук түрлөрү жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары, анын ичинде кооптуу калдыктарды ташууга көзөмөл жүргүзүү;
— автотранспорт каражаттары менен кооптуу жүктөрдү ташууга байланышкан авариялардын кеңири таралган себептери жана мындай авариялардын кесепеттери;
— кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары. Авария болгон учурда көрүлүүчү чаралар;
— кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу таңгактарга, ири көлөмдүү тарага, контейнерлерге жана цистерналарга карата жалпы талаптар;
— кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорт каражаттарына, кошумча жабдууларга жана өрт өчүрүү каражаттарына карата талаптар;
— маркалоо, кооптуулук белгилери жана кызгылт сары түстөгү тактайчалар;
— транспорт каражатында болушу зарыл болгон документтер: транспорттук-коштоочу жана башка документтер жана аларды толтуруу тартиби, анын ичинде жазма нускамалар, транспорт каражатын колдонууга уруксат күбөлүгү, айдоочунун ДОПОГ даярдыгы тууралуу күбөлүк, химиялык продукциянын коопсуздук паспорту жана анын колдонулуу чөйрөсү, жогорку кооптуулуктагы жүктөргө атайын уруксаттар, оор салмактуу жана (же) ири көлөмдүү транспорт каражаттарын автомобиль жолдору менен жүрүүгө уруксаттар жана кооптуу жүктөрдү ташууга зарыл болгон башка документтер;
— ташуу ыкмалары жана ташылуучу кооптуу жүктөрдүн көлөмүнө байланышкан чектөөлөр;
— жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташуу;
— кооптуу жүктөрдү ташууда шайкештик маселелери жана коопсуздукту камсыз кылуу чаралары;
— кооптуу жүктөрдү кооптуу эмес заттар жана буюмдар менен бирге ташууга карата атайын талаптар;
— ДОПОГдун А тиркемесинин 1.1.3.6-пунктунда көрсөтүлгөн максималдуу көлөмдөрдү ашырбастан кооптуу жүктөрдү ташууга карата талаптар;
— кооптуу жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, жайгаштыруу жана бекитүү талаптары;
— кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана цистерналарды тазалоо жана (же) газсыздандыруу талаптары;
— белгиленген маршруттар боюнча кыймыл шарттары жана режимдери, анын ичинде автожол тоннелдери менен өтүүгө чектөөлөр;
— кооптуу жүктөрдү ташууда катышуучулардын милдеттери жана жоопкерчилиги, жарандык жоопкерчиликтин түрлөрү;
— автотранспорт каражаттары катышкан мультимодалдык кооптуу жүк ташуулардын өзгөчөлүктөрү;
— кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуга жана башка экипаж мүчөлөрүнө коюлган талаптар;
— борттук жабдуулар жана спутниктик навигация каражаттары, анын ичинде ЭРА-ГЛОНАСС системасы аркылуу маалыматтык камсыздоо.
5.2. Окуучу төмөнкүлөрдү аткара билүүгө тийиш:
— кооптуу жүктөрдү ташууга транспорт каражаттарынын, таранын, контейнерлердин жана жүктү бекитүү каражаттарынын жарамдуулугун текшерүү;
— транспорт каражатындагы кошумча жабдуулардын жана жүктөө-түшүрүү операцияларына арналган түзүлүштөрдүн ишке жарамдуулугун текшерүү;
— борттук маалыматтык камсыздоо түзүлүштөрүнүн ишке жарамдуулугун текшерүү жана аларды колдонуу;
— транспорттук-коштоочу документтердин нормативдик талаптарга шайкештигин текшерүү жана зарыл учурларда аларды толтуруу;
— ДОПОГго ылайык жазма нускамаларды колдонуу;
— кошумча жабдууларды, жеке коргонуу каражаттарын жана өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу;
— жол-транспорт кырсыгы же авария учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү;
— кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда жол-транспорт кырсыгынын же авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүү.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: Программаны толук көлөмдө өздөштүрүүнүн пландалган натыйжаларына жетишүү; окутуунун колдонулуучу формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шайкеш келиши.
6.2. Теориялык окутуу материалдык-техникалык жана маалыматтык-методикалык талаптарга жооп берген жабдылган окуу аудиторияларында жүргүзүлүүгө тийиш.
Окуу саатынын узактыгы теориялык жана практикалык сабактар үчүн бир академиялык саат (45 мүнөт) түзөт.
Программада каралган биринчи жардам көрсөтүү, өрт өчүрүү жана ДОПОГго ылайык жазма нускамаларда белгиленген башка аракеттер боюнча практикалык сабактарга бөлүнгөн убакыт Типтүү программада каралган көлөмдө бөлүнөт, 5 окуучуга 1 академиялык саат эсебинде.
6.3. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-методикалык талаптары төмөнкүлөрдү камтыйт:
— окуу планы;
— календардык окуу графиги;
-Программа;
— методикалык материалдар жана иштеп чыгуулар;
-сабактардын ырааттамасы.
6.4. Программаны ишке ашыруунун материалдык-техникалык талаптары:
| Аталышы | Саны |
| Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар | 1 даана |
| Компьютер | 1 даана |
| Мультимедиялык проектор же телевизор | 1 даана |
| Экран (монитор, электрондук доска) | 1 даана |
| Жүрөк-өпкө жана мээ реанимациясын машыктыруу үчүн тренажер | 1 даана |
| Жогорку дем алуу жолдорунун өткөрүмдүүлүгүн калыбына келтирүү ыкмаларын үйрөтүүчү манекен-тренажер | 1 даана |
| Биринчи жардам көрсөтүү каражаттары | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| Жеке коргонуу каражаттары | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| Өрт өчүрүү каражаттары | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| Маалыматтык материалдар | |
| Типтүү программада көрсөтүлгөн бөлүмдөр боюнча окутуу материалдарын камтыган окуу-методикалык колдонмолор. Алар басма түрүндө, плакаттар, электрондук окуу материалдары, тематикалык фильмдер жана презентациялар түрүндө берилиши мүмкүн | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| ДОПОГ го А тиркемеси жана В тиркемеси | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| Маалыматтык стенд | |
| Билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү же лицензиялар реестринен көчүрмө | 1 даана |
| Кесиптик окутуу программасы | 1 даана |
| Окуу планы | 1 даана |
| Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 даана |
| Сабактардын ырааттамасы | 1 даана |
| Интернеттеги расмий сайттын дареги | 1 даана |
VII. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо системасы
7.1. Окуучулардын учурдагы жетишүүсүн көзөмөлдөө жана аралык баалоо формаларын, алардын мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин аныктоо билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Кесиптик окутуу квалификациялык экзамен түрүндөгү жыйынтыктоочу аттестация менен аяктайт. Ал практикалык квалификациялык ишти жана теориялык билимдерди текшерүүнү камтыйт, ал жазуу түрүндөгү тапшырма формасында жүргүзүлөт жана кошумча оозеки суроолор менен толукталышы мүмкүн. Ар бир окуучуга базалык даярдоо курсу боюнча кеминде 25 жазуу түрүндөгү суроо берилүүгө тийиш.
7.3. Квалификациялык экзаменди өткөрүүдө практикалык квалификациялык иш жана теориялык билимдерди текшерүү билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдардын негизинде жүргүзүлөт.
7.4. Квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыктары протокол менен таризделет.
7.5. Квалификациялык документ (жумушчу кесибинин, кызматчынын кызмат орду боюнча күбөлүк), окуу ишин ийгиликтүү аяктаган окуучуларга билим берүү уюму тарабынан берилет жана анын формасы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча бекитилет.
7.6. Окуучулардын билим берүү программасын өздөштүрүү натыйжаларын жекече эсепке алуу, ошондой эле бул натыйжалар тууралуу маалыматтарды архивде сактоо билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан кагаз түрүндө жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүргүзүлөт.
КР ТКМ «__»_____________ 2026-ж.
№_______ буйругуна 6-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (цистерналарда ташуу боюнча адистештирилген курс)
I. Жалпы жоболор
1.1. Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (цистерналарда ташуу боюнча адистештирилген курс) (мындан ары – Типтүү программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1957-жылдын 30-сентябрында Женева шаарында түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга (ДОПОГ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларды кесиптик окутуу билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан Типтүү программанын негизинде иштелип чыккан жана бекитилген жумушчулардын жана кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча жүргүзүлөт (мындан ары – кесиптик окутуу, Программа).
1.3. Программанын максаты – автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына ДОПОГго ылайык кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча кесиптик ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү өздөштүртүү болуп саналат.
1.4. ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2-бөлүмүндө каралган айдоочуну даярдоо тууралуу жарактуу күбөлүгү (мындан ары – ДОПОГ күбөлүгү) жок кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын II-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Программа негизинде жүргүзүлөт.
1.5. ДОПОГ күбөлүгү бар кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын III-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Программа негизинде жүргүзүлөт.
1.6. 1.5-пунктта көрсөтүлгөн айдоочуларды кесиптик окутуу ар беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
1.7. Окуучуларга зарыл билимдерди берүү үчүн Типтүү программада билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү каралган, ал эми Программаны өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн жыйынтыктоочу аттестация квалификациялык экзамен түрүндө жүргүзүлөт.
1.8. Окутуунун узактыгы жана темалардын тизмеси аныкталат:
— Типтүү программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуунун окуу планы;
— Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуунун окуу планы.
1.9. Типтүү программада ошондой эле жеке практикалык сабактар каралган, алар биринчи кезекте жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГго ылайык жазма нускамаларда каралган башка аракеттерди камтыйт.
1.10. Типтүү программанын мазмуну жалпы жоболордон, окуу пландарынан, окуу пландарынын темаларынын мазмунунан, Программаны өздөштүрүүнүн пландалган натыйжаларынан, Типтүү программаны ишке ашыруу шарттарынан жана Программаны өздөштүрүү натыйжаларын баалоо системасынан турат.
1.11. Типтүү программанын II-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык иштелип чыккан Программалар боюнча кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутууга тиешелүү категориядагы кыргыз улуттук айдоочулук күбөлүгү бар жана ошол категориядагы транспорт каражатын айдоочу катары кеминде үч жыл иш стажы бар айдоочулар кабыл алынат. Билим берүү жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда тиешелүү категориядагы чет өлкөлүк улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүктүн болушуна жол берилет.
1.12. Кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларды даярдоо үчүн кесиптик окууга, типтүү программанын III-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан Программалар боюнча, 1.11-пункттун талаптарына жооп берген жана ДОПОГ күбөлүгүнүн жарактуу күбөлүгүнө ээ болгон айдоочулар кабыл алынат.
- 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн Типтүү программанын негизинде кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
| № | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
| бардыгы | анын ичинде: | |||
| теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
| 1 | Цистерналарга, транспорттук каражаттарга жана кошумча жабдууларга карата коюлуучу атайын талаптар | 3 | 3 | — |
| 2 | Жүктөлгөн жана бош цистерналары бар транспорттук каражаттардын кыймылынын өзгөчөлүктөрү | 3 | 2 | 1 |
| 3 | Цистерналарды толтуруу жана бошотуу боюнча ар кандай системалар жаатындагы жалпы теориялык билимдер | 3 | 3 | — |
| 4 | Цистерналарды жана транспорттук каражаттарды колдонууга тиешелүү атайын кошумча жоболор | 3 | 2 | 1 |
| 5 | ДОПОГго ылайык цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда жазма нускамаларга ылайык жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана башка аракеттер боюнча айдоочунун иш-аракеттери | 3 | 2 | 1 |
| Квалификациялык экзамен | 1 | — | 1 | |
| Бардык окуу сааттары | 16 | 12 | 4 | |
III. 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн Типтүү программанын негизинде кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
| № | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
| бардыгы | анын ичинде: | |||
| теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
| 1 | Цистерналарга, транспорттук каражаттарга жана кошумча жабдууларга карата коюлуучу атайын талаптар | 1,5 | 1,5 | — |
| 2 | Жүктөлгөн жана бош цистерналары бар транспорттук каражаттардын кыймылынын өзгөчөлүктөрү | 1 | 1 | — |
| 3 | Цистерналарды толтуруу жана бошотуу системалары жаатындагы жалпы теориялык билимдер | 1,5 | 1,5 | — |
| 4 | Цистерналарды жана транспорттук каражаттарды колдонууга тиешелүү атайын кошумча жоболор | 1,5 | 1 | 0,5 |
| 5 | ДОПОГго ылайык цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташууда жазма нускамаларга ылайык жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана башка аракеттер боюнча айдоочунун иш-аракеттери | 1,5 | 1 | 0,5 |
| Квалификациялык экзамен | 1 | — | 1 | |
| Бардык окуу сааттары | 8 | 6 | 2 | |
IV. Окуу пландарынын темаларынын мазмуну
Цистерналарга, транспорттук каражаттарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу атайын талаптар
4.1. Цистерналардын түрлөрү жана алардын колдонулушу: цистерна,
орнотулган цистерна (автоцистерна), алынма цистерна, контейнер-цистерна, көчмө цистерна, көп элементтүү газ контейнер, транспорттук каражат-батарея.
4.2. Коопсуздук талаптарына жараша цистерналардын түрлөрү: жогорку басымда жүк ташуучу цистерналар, нормалдуу басымдагы цистерналар, бошотуу үчүн басым колдонулуучу цистерналар, вакуумдук цистерналар. Бир секциялуу жана көп секциялуу цистерналар.
4.3. ДОПОГтун А тиркемесинин 6.8.2, 6.8.3, 6.8.5 бөлүмдөрүнө ылайык жана Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин ББТР 018/2011 тиркемесинин 1.18 жана 1.20-пункттарына ылайык, 2-класс «Газдар» (кысытылган газ, жогорку жана төмөн басымдагы суюлтулган газ, муздатылган суюлтулган газ жана башка газдар) жана 3-класс «Оңой тутануучу суюктуктар» (нефть продуктулары, суюк углеводороддор, анын ичинде мотор бензини, дизелдик отун жана башка оңой тутануучу суюктуктар) цистерналарда ташууда транспорттук каражаттарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу атайын талаптар.
4.4. Кооптуу жүктөр үчүн колдонулуучу цистерналардын коддору.
4.5. Цистерналардын конструкциясына коюлуучу талаптар. Алардын даярдалуусунда колдонулуучу конструкциялык материалдар.
4.6. Орнотулган цистерналарга (автоцистерналарга), ошондой эле ар кандай көлөмдөгү алынма цистерналарга, контейнер-цистерналарга, алынма цистерна кузовдоруна, транспорттук каражат-батареяларга жана көп элементтүү газ контейнерлерге карата кошумча талаптар.
4.7. Коопсуздукту камсыз кылуучу жабдуулар (коопсуздук клапандары, жарылуучу мембраналар, тез жабылуучу клапандар, температура өлчөгүч приборлор, эсептегичтер, 5.2-класс «Органикалык пероксиддер» заттарын ташууда басымды теңдөөчү түзүлүштөр) жана башка түзүлүштөр (ДОПОГтун А тиркемесинин 6.8.2.2-бөлүмчөсү).
4.8. Орнотулган, алынма жана көчмө цистерналарга, контейнер-цистерналарга, алынма цистерна кузовдоруна, транспорттук каражат-батареяларга жана МЭГКга коюлуучу талаптар. Герметикалуулук жана отко туруктуулук талаптары.
4.9. 5.1-класс «Окистөөчү заттар», 6.1-класс «Уулуу заттар», 8-класс «Коррозиялоочу заттар» боюнча кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук каражаттарга жана цистерналарга коюлуучу талаптар (ДОПОГтун В тиркемесинин 9.2 жана 9.8-бөлүмдөрү).
4.10. Практикалык сабак – сунушталган номенклатура боюнча жүктөлгөн жана бош цистерналары бар транспорттук каражаттардын кыймылынын өзгөчөлүктөрүнө байланышкан аракеттерди өздөштүрүү.
Жүктөлгөн жана бош цистерналары бар транспорттук каражаттардын кыймылынын өзгөчөлүктөрү
4.11. Кыймыл учурунда пайда болуучу күчтөр, анын ичинде цистерна ичиндеги жүктүн жылышы; алардын транспорттук каражаттын туруктуулугуна жана башкарылышына тийгизген таасири.
4.12. Суюк жүктөрдү ташууда жана цистерна жарым-жартылай толтурулганда транспорттук каражатты башкаруунун өзгөчөлүктөрү.
4.13. Цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздук чаралары.
4.14. Кооптуу жүктөрдү цистерналарда ташууга транспорттук каражатты жана жабдууну даярдоонун өзгөчөлүктөрү.
4.15. Цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташууда келип чыгышы мүмкүн болгон кооптуу кырдаалдар: жүктөө учурунда заттардын аралашуусунан келип чыккан кооптуу реакциялар, жарылуу коркунучу (цистернанын жарылып кетүү коркунучу), тутануу коркунучу.
Цистерналарды толтуруу жана бошотуу системалары боюнча
жалпы теориялык билимдер
4.16. Цистерналарды толтуруу жана бошотуу системалары: бошотуу системасынын түзүүчү элементтери; бошотуу системаларынын түрлөрү; цистерналарды толтуруу ыкмалары; цистерналарды бошотуу ыкмалары.
4.17. Цистернага толтуруу жана суюлтулган газды агызуу. Цистерналарды толтуруу деңгээли.
4.18. Цистернанын аралашкан тосулган бөлүкчөсүндө кооптуу жүктөрдү жайгаштырууга коюлуучу талаптар. Көп секциялуу цистерналарды жүктөө тартиби.
4.19. Жүктөөдөн мурун жана түшүрүүдөн кийин цистерналарды тазалоо жана (же) дегазациялоо.
4.20. Цистерналарды толтуруу, бошотуу жана газдардын кайра айланышы учурунда жабык газ алмашуу системасы: электростатикалык разряддын пайда болуу коркунучу. Цистерналарды жүктөө жана түшүрүү жайларында коопсуздукту камсыздоо чаралары.
Цистерналарды жана транспорттук каражаттарды колдонууга байланышкан атайын кошумча жоболор
4.21. Орнотулган цистерналарды (автоцистерналары), алынма цистерналарды, контейнер-цистерналарды жана металл материалдардан жасалган корпусу бар алынма цистерна кузовдорун, ошондой эле транспорттук каражат-батареяларды жана көп элементтүү газ контейнерин (КЭГКны) колдонуу.
4.22. Арматураланган була пластмассадан жасалган цистерналарды, таштандылар үчүн вакуумдук цистерналарды колдонуу. Көчмө цистерналарды жана КЭГКны колдонуу.
4.23. 3-класс «Оңой тутануучу суюктуктар» (нефть продуктулары, суюк углеводороддор, анын ичинде мотор бензини, дизелдик отун жана башка оңой тутануучу суюктуктар), 5.2-класс «Органикалык пероксиддер», 4.1-класс өзүнөн өзү реакцияга кирүүчү заттар, 7-класс жана 8-класс заттарын цистерналарда ташууга тиешелүү кошумча жоболор. Эритүү температурасы жогору болгон шартта ташылуучу катуу заттарга тиешелүү кошумча талаптар (ДОПОГтун А тиркемесинин 4.3.5-бөлүмү, 4.4, 4.5, 7.1-бөлүмдөрү, В тиркемесинин 8.5-главасы).
4.24. Транспорттук каражаттардын, көчмө цистерналардын, контейнер-цистерналардын, КЭГКнын, алынма цистерналардын жана транспорттук каражат-батареялардын коркунуч белгилери жана кызгылт сары табличкалар менен маркировкаланышы. Кооптуулуктун идентификациялык номери. Жогорку температурада ташылуучу заттар үчүн автоцистерналарды маркалоонун атайын талаптары. Цистерналардын жана транспорттук каражаттардын эксплуатацияга берүүнү тастыктоочу маркалоо.
4.25. Кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн арналган цистерналардын алгачкы жана мезгилдүү текшерүүлөрү.
4.26. Практикалык сабак ДОПОГтун В тиркемесинин 8.2.2.3.8-пунктуна ылайык сунушталган тизмеге ылайык кооптуу жүктөрдү ташууда цистерналарды маркировкалоонун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан аракеттерди өздөштүрүүгө багытталган. Кооптуулуктун идентификациялык номерлерин аныктоо.
ДОПОГдо аныкталган цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташууда жазма нускамаларга ылайык айдоочунун аракеттери: жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана башка аракеттер
4.27. Транспорттук авариялар учурунда аракеттер, ДОПОГ тарабынан бекитилген жана жазма нускамаларында көрсөтүлгөн чараларды туура аткаруу.
4.28. Булгоону локализациялоо чаралары, кооптуу жүктөрдүн кооптуу касиеттерин нейтралдаштыруу; цистернадан төгүлгөн же агып чыккан кооптуу заттарды жоюу каражаттары.
4.29. Жаракаттарда, термикалык жана химиялык жабыркоолордо, курч ууланууларда, күйүктөрдө жана үшүк алууда, кан кетүүдө, сыныктарда биринчи жардам көрсөтүү. Жеке коргонуу каражаттарынын түрлөрү (атайын кийим, атайын бут кийим).
4.30. Дем алуу органдарын коргоочу жеке каражаттар (газкаскалар, респираторлор). Кооптуу жүктөр менен болгон инциденттерде айдоочунун жеке коргонуу каражаттарын колдонуу.
4.31. Өрттү өчүрүү каражаттары. Транспорт каражатында кооптуу жүк тутанганда өрт өчүргүчтөрдү жана башка каражаттарды колдонуу.
4.32. Практикалык сабак – цистерналар бузулган учурда жана кооптуу жүктөр агып чыккан кырдаалда аракеттерди өздөштүрүү.
V. Программаны өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжалары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында окутулуучу билиши керек:
— цистерналарда кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу жаатындагы мыйзамдык жана нормативдик укуктук актылардын негизги талаптары; цистерналар менен ташууда мүнөздүү болгон коркунуч түрлөрү;
— кыймыл учурунда цистерналардын жана транспорт каражаттарынын жүрүм-туруму;
— кыймыл учурунда цистерналарды жана транспорт каражаттарын башкаруунун өзгөчөлүктөрү;
— цистерналардын түрлөрү жана коддору;
— ар кандай класстагы кооптуу жүктөрдү цистерналар менен ташууда транспорттук каражаттарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу атайын талаптар;
— цистерналарды толтуруу жана бошотуу системалары;
— маркалоо жана кызгылт сары тактайларга коюлуучу талаптар;
— авариялык кырдаалда аткарылуучу аракеттер;
— цистерналар менен ташууда кооптуу жүктөрдүн агып чыгышын локализациялоо жана нейтралдаштыруу чаралары.
5.2. Окутулуучу аткара билиши керек:
— цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташуу жаатындагы тиешелүү нормативдик укуктук актыларды колдонуу;
— цистерналар менен ташууда транспорттук каражаттарга орнотулган кошумча жабдууларды колдонуу;
— цистерналарды коштоо жана кооптуу жүктөр агып чыккан учурларда кошумча жана атайын билимдерди колдонуу;
— авария учурунда жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: Программаны толук көлөмдө өздөштүрүү боюнча пландаштырылган натыйжаларга жетишүү; окутуунун формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шайкештиги.
6.2. Теориялык окутуу материалдык-техникалык жана маалыматтык-методикалык талаптарга жооп берген атайын жабдылган окуу аудиторияларында өткөрүлүүгө тийиш.
Окуу саатынын узактыгы теориялык жана практикалык сабактар үчүн 1 академиялык саат (45 мүнөт) деп белгиленет.
Бир окуу саатынын алкагында каралган практикалык сабактар (биринчи жардам, өрттү өчүрүү жана авария учурундагы аракеттер) беш окуучуга бир академиялык саат эсеп менен бөлүнөт.
6.3. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-методикалык талаптарына төмөнкүлөр кирет:
— окуу планы;
— календардык окуу графиги;
— Программа;
— методикалык материалдар жана иштелмелер;
— сабактардын ырааттамасы.
6.4. Программаны ишке ашыруучу материалдык-техникалык талаптар:
| Аталышы | Саны |
| Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар | 1 даана |
| Компьютер | 1 даана |
| Мультимедиялык проектор же телевизор | 1 даана |
| Экран (монитор, электрондук доска) | 1 даана |
| Жеке коргонуу каражаттары | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| Өрттү өчүрүү каражаттары | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| Маалыматтык материалдар | |
| Окуу-методикалык колдонмолор, Типтүү программада көрсөтүлгөн бөлүмдөр боюнча окутууга арналган материалдарды камтыйт. Алар басма китептер, плакаттар, электрондук окуу материалдары, тематикалык фильмдер, презентациялар түрүндө болушу мүмкүн | |
| ДОПОГтун А тиркемеси жана В тиркемеси | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| Маалыматтык стенд | |
| Билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү же лицензиялар реестринен көчүрмө | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| Кесиптик окутуу программасы | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| Окуу планы | |
| Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 даана |
| Сабактардын ырааттамасы | |
| Интернеттеги расмий веб-сайттын дареги |
VII. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо системасы
7.1. Окуучулардын учурдагы жетишүүсүн көзөмөлдөө жана аралык баалоону жүргүзүү, баалоонун формаларын, мезгилдүүлүгүн жана тартибин белгилөө билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Кесиптик окутуу квалификациялык экзамен түрүндөгү жыйынтыктоочу аттестация менен аяктайт. Ал практикалык квалификациялык ишти жана теориялык билимдерди жазуу түрүндөгү тапшырма менен текшерүүнү камтыйт, зарыл учурда оозеки суроолор менен толукталышы мүмкүн. Ар бир окуучуга цистерналар менен ташуу боюнча атайын курстун алкагында кеминде 15 жазуу суроосу берилүүгө тийиш.
7.3. Квалификациялык экзамен учурунда практикалык квалификациялык иш жана теориялык билимдерди текшерүү билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдардын негизинде жүргүзүлөт.
7.4. Квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыктары протокол менен таризделет.
7.5. Билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан окуучуларга квалификацияны тастыктоочу документ (жумушчу кесип же кызмат оруну боюнча күбөлүк) берилет. Ал ийгиликтүү квалификациялык экзаменди тапшыруу шартында берилет жана анын үлгүсү уюм тарабынан өз алдынча белгиленген бланкта таризделет.
7.6. Окуучулардын окуу программасын өздөштүрүү жыйынтыктарын жекече эсепке алуу, ошондой эле бул маалыматтарды кагаз түрүндө жана (же) электрондук түрдө архивде сактоо билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан жүргүзүлөт.
КР ТКМ «__»_____________ 2026-ж.
№_______ буйругуна 7-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (1-класс заттарын жана буюмдарын ташуу боюнча адистештирилген курс)
I. Жалпы жоболор
1.1. Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль менен ташуу жөнүндө Макулдашууга (ДОПОГ) ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (цистерналар менен ташуу боюнча адистештирилген курс) (мындан ары – Типтүү программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 «Кыргыз Республикасынын 1957-жылдын 30-сентябрында Женева шаарында түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль менен ташуу жөнүндө Макулдашууга (ДОПОГ) кошулуусу тууралуу» токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуу билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан иштелип чыгып жана бекитилген, жумушчулардын жана кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программасынын негизинде, Типтүү программага ылайык (мындан ары – кесиптик окутуу, Программа) жүргүзүлөт.
1.3. Программанын максаты – автомобиль транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларга ДОПОГ талаптарына ылайык кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча кесиптик ишти аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана практикалык ыкмаларды берүү.
1.4. ДОПОГтун В тиркемесинин 8.2-бөлүмүндө каралган айдоочуну даярдоо боюнча жарактуу күбөлүгү жок (мындан ары – ДОПОГ күбөлүгү) кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуу II — главада көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.5. ДОПОГ күбөлүгү бар кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуу III — главада көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.6. 1.5-пунктта көрсөтүлгөн айдоочуларды кесиптик окутуу беш жылда кеминде бир жолу жүргүзүлөт.
1.7. Окуучуларга зарыл билимдерди берүү үчүн Типтүү программада билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү каралган, ал эми Программаны өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн жыйынтыктоочу аттестация квалификациялык экзамен түрүндө жүргүзүлөт.
1.8. Окутуунун узактыгы жана темалардын тизмеси төмөнкүлөр менен аныкталат:
— Типтүү программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн айдоочуларды кесиптик окутуунун окуу планы менен;
— Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн айдоочуларды кесиптик окутуунун окуу планы менен.
1.9. Типтүү программада ошондой эле жеке практикалык сабактар каралган, алар биринчи кезекте айдоочунун жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГ менен белгиленген жазма нускамаларга ылайык башка аракеттерди аткаруусун камтыйт.
1.10. Типтүү программанын мазмуну жалпы жоболордон, окуу пландарынан, окуу темаларынын мазмунунан, Программаны өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжаларынан, ишке ашыруу шарттарынан жана баалоо системасынан турат.
1.11. II — главадагы окуу планына ылайык Программа боюнча кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды окутууга Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн тиешелүү категориясы бар, ошол категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу боюнча кеминде үч жыл иш тажрыйбасы бар, ошондой эле ДОПОГ боюнча кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды даярдоо базалык курсунан өткөн айдоочулар жол берилет. Билим берүү жана жол кыймылы жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чет өлкөлүк улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүктүн болушуна да жол берилет.
1.12. III — главадагы окуу планына ылайык Программа боюнча кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды окутууга 1.11-пункттун талаптарына жооп берген жана жарактуу ДОПОГ күбөлүгү бар айдоочулар жол берилет.
1.4-пунктунда көрсөтүлгөн Типтүү программанын негизинде кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
| № | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
| бардыгы | анын ичинде: | |||
| теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
| 1 | 1-класстагы кооптуу жүктөрдүн мүнөздөмөсү жана алардын физикалык-химиялык касиеттери. Жарылуучу жана пиротехникалык заттар менен буюмдарга мүнөздүү коркунуч түрлөрү | 2 | 2 | — |
| 2 | 1-класс кооптуу жүктөр үчүн таңгактоого коюлуучу талаптар. Маркировкалоо жана коркунуч белгилери | 2 | 2 | — |
| 3 | 1-класс кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорт каражаттары жана кошумча жабдуулар | 1 | 1 | — |
| 4 | 1-класс заттары жана буюмдарын бирге жүктөөгө коюлуучу атайын талаптар. Алдын алуу (профилактикалык) коопсуздук чаралары | 2 | 2 | — |
| 5 | 1-класс кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу. Чектөөлөр жана өзгөчө талаптар | 2 | 1 | 1 |
| 6 | 1-класс кооптуу жүктөрдү ташуу учурундагы авариялардын кесепеттерин жоюу чаралары | 2 | 1 | 1 |
| Квалификациялык экзамен | 1 | — | 1 | |
| Бардык окуу сааттары | 12 | 9 | 3 | |
III. Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
| № | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
| бардыгы | анын ичинде: | |||
| теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
| 1 | 1-класстагы кооптуу жүктөрдүн мүнөздөмөсү жана алардын физикалык-химиялык касиеттери. Жарылуучу жана пиротехникалык заттар менен буюмдарга мүнөздүү коркунуч түрлөрү | 1 | 1 | — |
| 2 | 1-класс кооптуу жүктөр үчүн таңгактоого коюлуучу талаптар. Маркировкалоо жана коркунуч белгилери | 0,5 | 0,5 | — |
| 3 | 1-класс кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорт каражаттары жана кошумча жабдуулар | 0,5 | 0,5 | — |
| 4 | 1-класс заттары жана буюмдарын бирге жүктөөгө коюлуучу атайын талаптар. Алдын алуу (профилактикалык) коопсуздук чаралары | 1 | 1 | — |
| 5 | -класс кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу. Чектөөлөр жана өзгөчө талаптар | 1 | 0,5 | 0,5 |
| 6 | 1-класс кооптуу жүктөрдү ташуу учурундагы авариялардын кесепеттерин жоюу чаралары | 1 | 0,5 | 0,5 |
| Квалификациялык экзамен | 1 | — | 1 | |
| Бардык окуу сааттары | 6 | 4 | 2 | |
IV. Окуу пландарынын темаларынын мазмуну
1-класстагы кооптуу жүктөрдүн мүнөздөмөсү жана алардын физикалык-химиялык касиеттери. Жарылуучу жана пиротехникалык заттарга жана буюмдарга мүнөздүү коркунуч түрлөрү
4.1. Терминдер жана аныктамалар. Жарылуучу жана пиротехникалык заттардын жана буюмдардын мүнөздөмөсү жана алардын физикалык-химиялык касиеттери.
4.2. 1-класстагы заттардын жана буюмдардын туунду класстарга бөлүнүшү. Классификациялык коддор. Заттардын жана буюмдардын айкалыштык топтору.
4.3. Жарылуучу заттардын жана жарылуучу заттарды камтыган буюмдардын касиеттери. Жарылуучу заттарды камтыган заттардын жана буюмдардын түрлөрү.
4.4. Коркунуч түрлөрү: массалык жарылуу коркунучу, жарылуу сыныктарынан жаракат алуу жана кыйроо коркунучу, түтүн пайда болушу, жылуулуктун бөлүнүшү, сокку толкунунун пайда болушу, өрт коркунучу.
4.5. 1-класс жүктөрүнүн кооптуу касиеттерин көрсөтүүчү коркунуч белгилери.
4.6. Жарылууга алып келиши мүмкүн болгон негизги себептер жана факторлор: атайылап жана кокустук жарылуулар; химиялык жана механикалык себептер; электр зарядынан улам жарылуу ыктымалдыгы.
4.7. Ташууга уруксат берилбеген заттар жана буюмдар. Жалпы тизмектелген позициялар. Аталыштардын глоссарийи.
Таңгакка коюлуучу талаптар. Маркалоо жана 1-класстагы кооптуу жүктөрдүн белгилери
4.8. 1-класстагы кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу таңгак түрлөрү. Таңгак материалдарына коюлуучу талаптар. Таңгактарга, контейнерлерге жана транспорттук каражаттарга коркунуч белгилерин коюу жана маркалоо. Коркунуч белгилеринин таңгакта, контейнерде жана транспорт каражатында жайгашуусу. Маркалоонун мисалдары. Коркунуч белгилериндеги маалыматтын көлөмү жана мааниси.
1-класстагы кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук каражаттар жана кошумча жабдуулар
4.9. 1-класстагы кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берилген транспорттук каражаттардын түрлөрү. Транспорт каражаттарына коюлуучу талаптар. Электр жабдууларына, жарык берүүчү приборлорго, тормоз системасына, күйүүчү май бактарына, кыймылдаткычка жана күйүү газдарын чыгаруу тутумуна коюлуучу талаптар (ДОПОГ В тиркемесинин 9.1, 9.2, 9.3, 9.8-главалары). Статикалык электр зарядын чыгаруу түзүлүштөрү. Кошумча жабдуулар (тахографтар, ГЛОНАСС жана башка борттук түзүлүштөр) (ББ Техрегламенти 018/2011 «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын кооптуулугу жөнүндө»). 1-класстагы жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарынын өрт өчүрүү жабдуулары (ДОПОГ В тиркемесинин 8.1.4-бөлүмү).
1-класска кирген заттар менен буюмдарды бирге ташууга коюлган атайын талаптар. Алдын алуучу коопсуздук чаралары
4.10. 1-класска кирген заттар менен буюмдарды бирге жүктөөгө жана ташууга коюлган талаптар (ДОПОГтун А тиркемесинин 7.5.2.2-бөлүкчөсү). Жардыруучу заттар менен буюмдарды жүктөөдө, жайгаштырууда, унаанын кузовунда бекитүүдө, ошондой эле түшүрүүдө коопсуздук чаралары. Бир транспорт каражаты менен ташылуучу 1-класстагы жүктөрдүн курамындагы жардыруучу заттын (нетто) килограмм менен көрсөтүлгөн максималдуу уруксат берилген массасы (ДОПОГтун А тиркемесинин 7.5.5.7-бөлүкчөсү). Бир унаага ар кандай туунду класстарга тиешелүү заттар менен буюмдар бирге жүктөлгөн учурда, аларды эң кооптуу туунду класска таандык кылуу тартиби. 1-класстагы заттар менен буюмдарды ташууда транспорт каражаттарынын колонна түрүндө жүрүшүнө жана мындай транспорт каражаттарынын токтоочу жайларына коюлган талаптар (ДОПОГтун В тиркемесинин 8.5-бөлүмү). 1-класска кирген заттар менен буюмдарды ташууда жүктөө-түшүрүү иштерине, жайгаштырууга жана бекитүүгө, ошондой эле жүктөө жана түшүрүү пункттарына коюлган талаптар (ДОПОГтун А тиркемесинин 7.5.11-бөлүмү).
4.11. 1-класска кирген заттар менен буюмдарды ташууда алдын алуучу коопсуздук чараларынын өзгөчөлүктөрү.
1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу. Чектөөлөр жана өзгөчө талаптар
4.12. Кошумча транспорттук коштоочу документтер. 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда жол баракчасын (путевой лист) жана транспорттук коштомо кагазды толтуруунун өзгөчөлүктөрү. 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда уруксат берүү системасы. Кыймыл ылдамдыгы. Маршрут кыймылы. Туннелдер аркылуу жүрүүгө байланыштуу чектөөлөр (ДОПОГтун В тиркемесинин 8.6.4-бөлүмү).
4.13. 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук накладнойду туура толтуруу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган практикалык сабак.
1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар
4.14. 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда авариялардын негизги себептери. Жардыруунун кооптуу кесепеттери: кадимки жана сынык жаракаттар, жылуулук жана химиялык күйүктөр, жарылуу толкунунан болгон жабыркоолор, угуу органдарынын жабыркашы, жарылуудан чыккан газ түрүндөгү заттардан уулануу, материалдык баалуулуктардын бузулушу жана жок болушу, топурактын, суунун жана абанын булганышы, өрттүн кесепеттери (кесепеттерди жоюу). 1-класска кирген заттар жана буюмдар менен авария учурунда жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
4.15. Авариялык кырдаалдарда айдоочунун жана башка экипаж мүчөлөрүнүн аракеттери, авариянын кесепеттерин жоюу. 1-класска кирген кооптуу жүктөр менен болгон авариялык кырдаалдарды локализациялоо иштерин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү. Борттук түзүлүштөгү ЭРА-ГЛОНАСС спутниктик навигация системасын колдонуу.
4.16. 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда авариялык кырдаалда ЭРА-ГЛОНАСС системасын колдонуу көндүмдөрүн иш жүзүндө аткарууга багытталган практикалык сабак.
V. Программаны өздөштүрүүнүн пландалган натыйжалары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөрдү билиши керек:
— автомобиль транспорту менен 1-класска кирген заттар жана буюмдарды ташууга тиешелүү мыйзамдык жана нормативдик укуктук актылардын негизги талаптары;
— 1-класска кирген заттарга жана буюмдарга мүнөздүү коркунуч түрлөрү;
— 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда колдонулуучу таңгакка (тарага), иштетүүгө, биргелешип жүктөөгө, жайгаштырууга жана ташууга коюлуучу атайын талаптар;
— 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда колдонулуучу таңгактарды жана контейнерлерди маркалоо эрежелери;
— 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүү, жүктөрдү жайгаштыруу жана бекитүү эрежелери, жүктөө жана түшүрүү жайларына коюлуучу талаптар;
— 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда транспорт каражаттарынын колонна менен кыймылдоо эрежелери жана мындай транспорт каражаттарынын токтоочу жайларына коюлуучу талаптар;
— 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташыган транспорт каражаттарынын туннелдер аркылуу өтүүсүнө коюлган чектөөлөр;
— 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташуу үчүн зарыл болгон транспорттук коштоочу документтер, аларды алуу жана толтуруу тартиби;
— 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда колдонулуучу транспорт каражаттарына, контейнерлерге жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар;
— 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда авария учурунда көрүлүүчү атайын чаралар;
— өрт чыккан учурда көрүлүүчү аракеттердин тартиби жана өрттү, жарылууну, ошондой эле авария зонасындагы башка кооптуу таасирлерди алдын алууга багытталган коопсуздук чаралары;
— 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда авариядан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздери.
5.2. Окуучу төмөнкүлөрдү аткара билиши керек:
— 1-класска кирген заттар жана буюмдарды автомобиль транспорту менен ташууга тиешелүү мыйзамдык жана нормативдик укуктук актыларды колдонуу;
— транспорт каражаттарында орнотулган кошумча жабдууларды, анын ичинде 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууга арналган жабдууларды колдонуу;
— транспорт каражатынын кузовунда 1-класска кирген жүктөрдүн бекем бекитилишин текшерүү;
— 1-класска кирген заттарды башка класстагы кооптуу жүктөр менен бирге жүктөөнүн параметрлерин аныктоо;
— 1-класска кирген заттар менен болгон аварияда жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: Программаны толук көлөмдө өздөштүрүүнүн пландалган натыйжаларына жетишүү; 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулуучу окутуунун формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын шайкештиги.
6.2. Теориялык окутуу зарыл болгон материалдык-техникалык жана маалыматтык-усулдук талаптарга жооп берген жабдылган окуу аудиторияларында жүргүзүлүүгө тийиш.
Окуу сабагынын (теориялык жана практикалык) узактыгы 1 академиялык саат (45 мүнөт) деп белгиленет.
Программада каралган биринчи медициналык жардам көрсөтүү, өрт өчүрүү жана авария же окуя учурунда көрүлүүчү чаралар боюнча практикалык сабактарга бөлүнгөн убакыт Типтүү программага ылайык аныкталып, 5 окуучуга 1 академиялык саат эсебинде бөлүштүрүлөт.
6.3. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-усулдук талаптары төмөнкүлөрдү камтыйт:
— окуу планы;
— календардык окуу графиги;
— Программа;
— усулдук материалдар жана иштелмелер;
— сабактардын ырааттамасы.
6.4. Программаны ишке ашырууга материалдык-техникалык талаптар:
| Аталышы | Саны |
| Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар: | 1 |
| Компьютер | 1 |
| Мультимедиалык проектор же телевизор | 1 |
| Экран (монитор, электрондук такта) | 1 |
| Маалыматтык материалдар: | |
| Типтүү программада көрсөтүлгөн бөлүмдөр боюнча окутуу материалдарын камтыган окуу-усулдук колдонмолор. Алар басма түрүндө, плакаттар, электрондук окуу материалдары, тематикалык фильмдер, презентациялар түрүндө берилиши мүмкүн | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| ДОПОГтун А тиркемеси жана В тиркемеси | 1 комплект (эки окуучуга) |
| Маалыматтык стенд | |
| Билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү же лицензиялар реестринен көчүрмө | 1 даана |
| Кесиптик окутуу программасы | 1 даана |
| Окуу планы | 1 даана |
| Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 даана |
| Сабактардын ырааттамасы | 1 даана |
| Интернеттеги расмий сайттын дареги | даана |
VII. Программаны өздөштүрүүнүн жыйынтыктарын баалоо системасы
7.1. Окуучулардын окуудагы жетишүүсүнө жүргүзүлүүчү учурдагы көзөмөл жана аралык баалоо формаларын, алардын мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин белгилөө билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Кесиптик окутуу жыйынтыктоочу аттестация менен аяктайт. Ал квалификациялык экзамен түрүндө өткөрүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт: практикалык квалификациялык иш жана теориялык билимдерди текшерүү үчүн жазуу түрүндөгү тапшырма, ал кошумча оозеки суроолор менен толукталышы мүмкүн. Ар бир окуучуга цистерна менен жүк ташуу боюнча адистештирилген курстан кеминде 15 жазуу суроосу берилүүгө тийиш.
7.3. Практикалык квалификациялык иш жана теориялык билимдерди текшерүү квалификациялык экзамен учурунда билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдардын негизинде жүргүзүлөт.
7.4. Квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыктары протокол менен таризделет.
7.5. Квалификациялык документ (жумушчу кесиби же кызматчы кызматы боюнча күбөлүк) окуу уюму тарабынан ийгиликтүү экзамен тапшырган окуучуларга берилет жана анын бланкынын үлгүсү билим берүү уюму тарабынан өз алдынча белгиленет.
7.6. Окуучулардын билим берүү программасын өздөштүрүү жыйынтыктарын жекече эсепке алуу, ошондой эле бул маалыматтарды архивде кагаз жана (же) электрондук түрдө сактоо билим берүү уюму тарабынан жүргүзүлөт.
КР ТКМ «__»_____________ 2026-ж.
№_______ буйругуна 8-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү эл аралык автоунаа менен ташуу жөнүндө келишимге ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча адистештирилген курс)
- Жалпы жоболор
1.1. Кооптуу жүктөрдү эл аралык автоунаа менен ташуу жөнүндө келишимге ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (радиоактивдүү материалдарды (7-класс) ташуу боюнча адистештирилген курс) (мындан ары – Типтүү программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 «Кыргыз Республикасынын Кооптуу жүктөрдү эл аралык автоунаа менен ташуу жөнүндө келишимге (ДОПОГ), 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада кабыл алынган, кошулуусу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын негизинде билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыгып, бекитилген жумушчуларды жана кызматкерлерди квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча жүргүзүлөт (мындан ары – кесиптик окутуу, Программа).
1.3. Программанын максаты – автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына ДОПОГго ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу айдоочунун кесиптик ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана билгичтиктерди берүү.
1.4. ДОПОГтун В тиркемесинин 8.2-главасында каралган айдоочуну даярдоо тууралуу жарактуу күбөлүгү жок (мындан ары – ДОПОГ күбөлүгү) айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын II — бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгып, бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.5. Жарактуу ДОПОГ күбөлүгү бар айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын III — бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгып, бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.6. Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн айдоочуларды кесиптик окутуу кеминде беш жылда бир жолу жүргүзүлөт.
1.7. Окуучуларга зарыл билимдерди берүү үчүн Типтүү программада билим берүү уюму тарабынан теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү, ал эми Программаны өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн квалификациялык экзамен түрүндө жыйынтыктоочу аттестация өткөрүү каралган.
1.8. Окутуунун узактыгы жана темалардын тизмеси төмөнкүлөр менен аныкталат:
— Типтүү программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы;
— Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы.
1.9. Типтүү программада жеке практикалык сабактар да каралат. Алар биринчи кезекте жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГ тарабынан каралган жазуу жүзүндөгү нускамаларга ылайык башка аракеттерди аткаруу боюнча айдоочунун иш-аракеттерин камтыйт.
1.10. Типтүү программанын мазмуну жалпы жоболордон, окуу пландарынан, окуу пландарынын темаларынын мазмунунан, Программаны өздөштүрүүнүн пландалган жыйынтыктарынан, аны ишке ашыруу шарттарынан жана айдоочулар тарабынан Программаны өздөштүрүүнүн жыйынтыктарын баалоо системасынан турат.
1.11. Типтүү программанын II бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан программалар боюнча кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды кесиптик окутууга тиешелүү категориядагы Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө ээ жана ошол категориядагы транспорт каражатын айдоочу катары кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы бар, ошондой эле ДОПОГго ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды даярдоо боюнча кесиптик окутуу программасын (базалык курс) бүтүргөн айдоочулар кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда тиешелүү категориядагы чет өлкөлүк улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүктүн болушуна жол берилет.
1.12. Типтүү программанын III — бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан программалар боюнча кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды кесиптик окутууга 1.11-пункттун талаптарына жооп берген жана жарактуу ДОПОГ күбөлүгүнө ээ болгон айдоочулар кабыл алынат.
- Типтүү программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
| № | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
| бардыгы | анын ичинде: | |||
| теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
| 1 | Автомобиль транспорту менен радиоактивдүү материалдарды ташууда колдонулуучу нормативдик укуктук актылар | 1 | 1 | — |
| 2 | Радиоактивдүү нурланууга мүнөздүү коркунуч түрлөрү, анын ичинде иондоштуруучу нурлануу | 2 | 2 | — |
| 3 | Радиоактивдүү материалдарды таңгактоого, биргелешип жүктөөгө, жайгаштырууга жана ташууга коюлуучу атайын талаптар | 3 | 2 | 1 |
| 4 | Радиоактивдүү материалдарды ташууда транспорт каражаттарына, контейнерлерге жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар | 2 | 1 | 1 |
| 5 | Радиоактивдүү материалдарды ташууда авария болгон учурда көрүлүүчү атайын чаралар | 2 | 1 | 1 |
| Квалификациялык экзамен | 2 | — | 2 | |
| Бардык окуу сааттары | 12 | 7 | 5 | |
- Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
| № | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
| бардыгы | анын ичинде: | |||
| теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
| 1 | Автомобиль транспорту менен радиоактивдүү материалдарды ташууда колдонулуучу нормативдик укуктук актылар | 0,5 | 0,5 | — |
| 2 | Радиоактивдүү нурланууга мүнөздүү коркунуч түрлөрү, анын ичинде иондоштуруучу нурлануу | 1 | 1 | — |
| 3 | Радиоактивдүү материалдарды таңгактоого, биргелешип жүктөөгө, жайгаштырууга жана ташууга коюлуучу атайын талаптар | 0,5 | 0,5 | — |
| 4 | Радиоактивдүү материалдарды ташууда транспорт каражаттарына, контейнерлерге жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар | 1 | 0,5 | 0,5 |
| 5 | Радиоактивдүү материалдарды ташууда авария болгон учурда көрүлүүчү атайын чаралар | 1 | 0,5 | 0,5 |
| Квалификациялык экзамен | 1 | — | 1 | |
| Бардык окуу сааттары | 6 | 3,5 | 2,5 | |
IV. Окуу пландарынын темаларынын мазмуну
Автомобиль транспорту менен радиоактивдүү материалдарды ташууда нормативдик укуктук актылар
4.1. Радиоактивдүү жүктөрдү ташууга тиешелүү ДОПОГтун негизги жазма эскертүүлөрү. Радиоактивдүү материалдарды ташууда коопсуздук эрежелери.
Радиоактивдүү нурланууга мүнөздүү коркунучтар, анын ичинде иондоштуруучу нурлануу
4.2. Түшүнүктөр: радиоактивдүүлүк, нурлануу, жарым ажыроо мезгили, доза, дозанын кубаттуулугу.
4.3. 7-класстагы радиоактивдүү материалдардын тизмеси, алардын классификациясы жана касиеттери.
4.4. Нурлануунун түрлөрү: иондоштуруучу; альфа-, бета-, гамма-нурлануу; иондоштурбоочу; нейтрондук нурлануу. Ядронун бөлүнүшү жана ядролук реакция.
4.5. Радиоактивдүү материалдардын адамдын организмина жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири: адамдардын ички нурлануусу, адамдардын жана буюмдардын тышкы нурлануусу, ядролук элементтердин критикалык массасы, жогорку активдүүлүктөгү элементтердин жылуулук бөлүп чыгаруусу.
4.6. Радиоактивдүү нурлануунун адамдын организмина тийгизген таасири, жабыркоонун алгачкы белгилери.
4.7. Радиоактивдүү нурланууну өлчөөчү приборлор.
Радиоактивдүү материалдарды таңгактоого, биргелешип жүктөөгө, жайгаштырууга жана ташууга коюлуучу атайын талаптар
4.8. Таңгактардын түрлөрү жана аларга коюлуучу талаптар (бошотулган жана өнөр жайлык таңгактар, А, В жана С тибиндеги таңгактар) (ДОПОГтун А тиркемесинин 6.4-главасы).
4.9. Таңгактарга жалпы талаптар: конструкциясын бекитүү жөнүндө сертификат; таңгактын бүтүндүгү жана өткөрбөстүгү; таңгактагы заттардын чектери; аварияга туруштук берүү жөндөмдүүлүгү.
4.10. Таңгактарды, транспорттук пакеттерди жана контейнерлерди маркалоо.
4.11. 7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташууда жүктөө-түшүрүү иштеринин эрежелери, жайгаштыруу жана бекитүү: жүктөө жана жайгаштыруу; биргелешип жүктөө, анын ичинде өзгөчө пайдалануу шарттарында; башка жүктөр менен бир убакта ташуу жана бөлүп жайгаштыруу талаптары; активдүүлүктүн уруксат берилген чектери жана нурлануунун деңгээлдери; транспорттук индекстин максималдуу маанисине чектөөлөр; критикалык коопсуздук индекси; бөлүнүүчү материал камтылган таңгактарды жайгаштыруу (ДОПОГтун А тиркемесинин 7.5.11-бөлүмү).
4.12. Таңгактарды, транспорттук пакеттерди же контейнерлерди жүктөө, ташуу, иштетүү жана түшүрүүгө карата кошумча талаптар.
4.13. Радиоактивдүү материалдарды ташууда кыймыл режими жана транспорт каражаттары токтоочу жайларга коюлуучу талаптар (ДОПОГтун В тиркемесинин 8.4-бөлүмү).
4.14. Радиоактивдүү материалдарды ташууда кошумча транспорттук-коштомо документтер: ташууга уруксат, нурланууну өлчөө протоколу, таңгак конструкциясын бекитүү сертификаты жана башка документтер. Документтерди алуу жана толтуруу тартиби.
4.15. Практикалык сабак: сунушталган тизмеге ылайык радиоактивдүү материалдарды ташууда документтерди тариздөөгө багытталат.
Радиоактивдүү материалдарды ташууда транспорт каражаттарына, контейнерлерге, цистерналарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар
4.16. Радиоактивдүү материалдарды ташыган транспорт каражаттары үчүн кошумча жабдууларга карата атайын талаптар (өрт өчүргүчтөр, жарык берүүчү эскертүү сигналдары жана башка жабдуулар). Коргоочу экрандын мааниси жана ролу (ДОПОГтун В тиркемесинин 8.1.4 жана 8.1.5-бөлүмдөрү).
4.17. Транспорт каражаттарын, цистерналарды жана контейнерлерди кооптуулук белгилери менен белгилөөнүн өзгөчөлүктөрү. Транспорт каражаттарына, контейнерлерге, цистерналарга бекитилүүчү кооптуулук белгилерине жана маалыматтык таблолорго коюлуучу талаптар (ДОПОГтун А тиркемесинин 5.3-бөлүмү).
4.18. Практикалык сабак: сунушталган радиоактивдүү материалдардын тизмесине ылайык транспорт каражаттарын жана контейнерлерди маркировкалоо талаптарын өздөштүрүү.
Радиоактивдүү материалдарды ташуу учурунда авария катталган учурда көрүлүүчү атайын чаралар
4.19. Радиоактивдүү материалдарды ташуу учурунда авария катталган учурда айдоочунун аракеттери: адамдарды кооптуу аймактан чыгаруу, тиешелүү авариялык кызматтарды жана жергиликтүү бийлик органдарын кабардар кылуу, авария болгон жерди тосмолоо.
4.20. Ар кандай таңгак түрлөрүнө байланыштуу авариялардын кесепеттери; таңгак бузулган же радиоактивдүү материал агып чыккан учурда биринчи кезектеги аракеттер.
4.21. Өрттү жоюу чаралары жана радиоактивдүү материал менен байланышкан авария аймагында башка кооптуу жүктөрдүн таасирин, өрт же жарылуу коркунучун алдын алуу боюнча коопсуздук чаралары.
4.22. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү; авариянын натыйжасында булганууга дуушар болгон адамдарды дезактивациялоо жана анын кесепеттерин жоюу иштеринде колдонулуучу чаралар. Транспорт каражаттарын, жабдууларды жана айлана-чөйрөнү дезактивациялоо тартиби.
4.23. Бөлүнүүчү жана бөлүнбөй турган материалдарды ташууда авариялык чаралар.
4.24. Практикалык сабак: берилген шарттарда персоналды жана транспорт каражаттарын дезактивациялоо талаптарын өздөштүрүү.
V. Программаны өздөштүрүүнүн пландалган жыйынтыктары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн жыйынтыгында окуучу төмөнкүлөрдү билиши керек:
— автомобиль транспорту менен радиоактивдүү материалдарды ташуу чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана нормативдик укуктук актылардын негизги талаптарын;
— радиоактивдүү нурланууга мүнөздүү коркунуч түрлөрүн, анын ичинде иондоштуруучу нурланууну;
— радиоактивдүү материалдардын адамдын организмина жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин негизги принциптерин;
— радиоактивдүү материалдарды таңгактоого, биргелешип жүктөөгө, жайгаштырууга жана ташууга коюлуучу атайын талаптарды;
— радиоактивдүү материалдарды ташууда колдонулуучу таңгактарды, транспорттук пакеттерди жана контейнерлерди маркировкалоо эрежелерин;
— радиоактивдүү материалдарды ташууда жүктөө-түшүрүү иштеринин, жайгаштыруунун жана бекитүүнүн эрежелерин;
— радиоактивдүү материалдарды ташууда транспорт каражаттарынын кыймыл режимдерин жана алардын токтоочу жайларына коюлуучу талаптарды;
— радиоактивдүү материалдарды ташуу үчүн талап кылынган кошумча транспорттук-коштоочу документтерди, аларды алуу жана толтуруу тартибин;
— радиоактивдүү материалдарды ташууда транспорт каражаттарына, контейнерлерге жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптарды;
— радиоактивдүү материалдарды ташууда авария болгон учурда көрүлүүчү атайын чараларды;
— таңгак бузулган же радиоактивдүү материал агып кеткен учурда биринчи кезектеги аракеттерди;
— өрттү жоюудагы аракеттерди жана авария аймагында башка кооптуу жүктөрдүн таасирин, жарылуу же өрт коркунучун алдын алуу боюнча коопсуздук чараларын;
— радиоактивдүү материалдарды ташууда авария болгон учурда жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүнүн негиздерин;
— авариянын натыйжасында булганууга дуушар болгон адамдарды, ошондой эле транспорт каражаттарын, жабдууларды жана чектешкен территорияны дезактивациялоо чараларын.
5.2. Окуучу төмөнкүлөрдү жасай билиши керек:
— радиоактивдүү материалдарды автомобиль транспорту менен ташуу чөйрөсүндөгү тиешелүү мыйзамдык жана нормативдик укуктук актыларды колдонуу;
— радиоактивдүү нурланууну өлчөөчү приборлорду жана кошумча жабдууларды пайдалануу;
— радиоактивдүү нурлануудан жабыркоонун алгачкы белгилерин аныктоо;
— радиоактивдүү жүк менен болгон аварияда жабыркагандарга биринчи (дарыгерге чейинки) жардам көрсөтүү;
— авариянын натыйжасында булганган адамдарды жана транспорт каражаттарын дезактивациялоо иштерин жүргүзүү.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: Программаны өздөштүрүүнүн пландалган жыйынтыктарына толук жетишүүнү; окутуунун колдонулуучу формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келишин.
6.2. Теориялык окутуу материалдык-техникалык жана маалыматтык-методикалык талаптарга жооп берген жабдылган окуу аудиторияларында жүргүзүлүшү керек.
Теориялык жана практикалык сабактардын узактыгы бир академиялык саатты (45 мүнөт) түзүшү керек.
Биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГ тарабынан каралган жазуу жүзүндөгү нускамаларга ылайык башка аракеттер боюнча практикалык сабактарга бөлүнгөн убакыт Типтүү программада каралган көлөмдө, беш окуучуга бир академиялык саат эсебинде белгиленет.
6.3. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-методикалык талаптары төмөнкүлөрдү камтыйт:
— окуу планы;
— календардык окуу графиги;
— Программа;
— методикалык материалдар жана иштелмелер;
— сабактардын ырааттамасы.
6.4. Программаны ишке ашыруунун материалдык-техникалык талаптары:
| Аталышы | Саны |
| Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар: | 1 |
| Компьютер | 1 |
| Мультимедиалык проектор же телевизор | 1 |
| Экран (монитор, электрондук такта) | 1 |
| Маалыматтык материалдар: | |
| Окуу-методикалык колдонмолор, Типтүү программада көрсөтүлгөн бөлүмдөр боюнча окутуу материалдарын камтыган. Басма түрүндө, плакаттар, электрондук окуу материалдары, тематикалык фильмдер, презентациялар түрүндө берилиши мүмкүн | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
| ДОПОГтун А тиркемеси жана В тиркемеси | 1 комплект (эки окуучуга) |
| Маалыматтык стенд | |
| Билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү же лицензиялар реестринен көчүрмө | 1 |
| Кесиптик окутуу программасы | 1 |
| Окуу планы | 1 |
| Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 |
| Сабактардын ырааттамасы | 1 |
| Интернеттеги расмий сайттын дареги |
VII. Программаны өздөштүрүүнүн жыйынтыктарын баалоо системасы
7.1. Окуучулардын окуудагы жетишкендигин учурдагы жана аралык баалоо, баалоо формаларын, мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин аныктоо билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Кесиптик окутуу жыйынтыктоочу аттестация менен аяктайт, ал квалификациялык экзамен түрүндө өткөрүлөт. Экзамен практикалык квалификациялык ишти жана теориялык билимдерди жазуу жүзүндөгү тапшырма түрүндө текшерүүнү камтыйт, ал оозеки суроолор менен толукталышы мүмкүн. Ар бир окуучуга цистерналар менен жүк ташуу боюнча адистештирилген курс боюнча кеминде 15 жазуу жүзүндөгү суроо берилүүгө тийиш.
7.3. Практикалык квалификациялык иш жана теориялык билимдерди текшерүү билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдардын негизинде жүргүзүлөт.
7.4. Квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыктары протокол менен таризделет.
7.5. Билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан берилүүчү квалификация жөнүндө документ (жумушчу кесибинин, кызматтын күбөлүгү) ийгиликтүү экзамен тапшырган окуучуларга берилет жана анын үлгүсү уюм тарабынан өз алдынча белгиленген бланкта таризделет.
7.6. Окуучулардын окуу программасын өздөштүрүү жыйынтыктарын жеке эсепке алуу, ошондой эле бул жыйынтыктар жөнүндө маалыматтарды архивде сактоо билим берүү уюму тарабынан кагаз жана/же электрондук түрдө жүргүзүлөт.