mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Боом капчыгайында көлөмү болжол менен 600м3 болгон сел 136-чакырымында түшүп, учурда Балыкчыга өтүүчү жол бир тараптуу жабылган, бирок МАИ кызматкерлери унааларды каршы тилкеде Бишкек жана Балыкчы шаарларын көздөй өткөрүүдө.Сел болгон жерде көлөмү 600м3 болгон трассаны селден тазалоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул жерге Транспорт жана коммуникация министрлигинин атайын техникасы тартылган.
КР ТжКМнИн басма сөз кызматы