mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Акыркы он күн ичинде жаан-чачындан улам, жолдун ашуу бөлүгүндө (Кыз-Арт  ашуусу) жүкташуучу унаалардын көп агымынан жана дөңгөлөктөрдүн тайгалануусунан учурда жолдо ылай-баткак аралашып калган

 

Акыркы он күн ичинде жаан-чачындан улам, жолдун ашуу бөлүгүндө (Кыз-Арт  ашуусу) жүкташуучу унаалардын көп агымынан жана дөңгөлөктөрдүн тайгалануусунан учурда жолдо ылай-баткак аралашып калган. Ылай катмарын тазалоо жана транспорттун өтүүсүн камсыз кылуу максатында айрым участкаларда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. 2022-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейин ашуу тилкесинде тыгындар пайда болду, бирок курулуш компаниясынын атайын техникасы тыгылып калган айдоочуларга ыкчам жардам көрсөтүп жатты.

КР Транпорт жана коммуникация министрлиги  тарабынан 2022-жылдын 29-мартынан 12-апрелине чейин саат 17:00ден эртеси эртең мененки  саат 9:00гө чейин жолдун бетиндеги катуу материалды алмаштыруу максатында жүк ташууга чектөө киргизилген. Бул жерге кошумча милиция кызматкерлери, МАИ кызматкерлери тартылып, айдоочуларга киргизилген чектөөнүн максаты тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда Кыз-Арт ашуусунда:

— 1 бульдозер

— 2  грейдер

— 3 самосвал

— 1 экскаватор

Жана Подрядчынын жумушчулары  иштеп жатат.Калган  участоктордо 2 грейдер, 2 самосвал, 5 жумушчу иштейт. Калктуу конуштарда жолдогу чаңды тазалоого(зарыл болуп калса)  5 суу ташуучу машина алып келинген.

 

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана

коммуникациялар министрлигинин

 басма сөз кызматы