mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

13-Борбор Азиялык соода форуму — туруктуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Жаңырган жуманын башында, тагыраагы 13-14-май күндөрү Казакстандын Алматы шаарында 13-Борбор Азиялык соода форуму өттү. Ага Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев катышты.

Форумдун ачылышында министрдин орун басары сөз сүйлөп, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү бир гана натыйжалуу соодага өбөлгө түзбөстөн, инфраструктураны өнүктүрүү, бизнести кеңейтүү жана жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратарын билдирди.

Ал ошондой эле, 2019-2023-жылдар аралыгында Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү кыйла жакшырганын белгилеп, транспорт тармагында жасалып жаткан иштерге да кеңири токтолду.

Эки күнгө созулган иш-чаранын алкагында рынокторго чыгуу менен логистикалык процесстерди оптималдаштыруу маселелери талкууланып, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, USAIDдин Борбор Азиялык соода форуму региондо туруктуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө колдоо көрсөтүп келет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы