mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

12-14-июнь күндөрү Рига шаарында (Латвия) транспорт боюнча Кыргызстан-Латвия жумушчу тобунун экинчи отуруму болуп өттү

«Борбор Азия менен Латвиянын ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөр» деп аталган бизнес-форумунун алкагында 12-14-июнь күндөрү Рига шаарында (Латвия) транспорт боюнча Кыргызстан-Латвия жумушчу тобунун экинчи отуруму болуп өттү. Форумдун аянтчасында өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Латвиянын Байланыш министрлигинин өкүлдөрү жолугушту.

Кыргыз делегациясын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Транспорт башкармалыгынын башчысы А.Т Акматов, Латвия делегациясын аталган өлкөнүн Байланыш министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Улдис Рейманис жетектеди.

Күн тартибине ылайык, автомобиль транспорту, Латвиянын портторун пайдалануу менен транзит жана логистика жаатында кызматташуу, транспорт боюнча жумушчу топтун үчүнчү отурумунун убактысы жана орду тууралуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында транспорт боюнча жумушчу топтун жыйыны тууралуу протоколго кол коюлду.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы