1 гектар аянтка көчөт тигилди
- 13 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине караштуу Чүй облустук аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери «Жашыл мурас» улуттук долбоорунун алкагында масштабдуу ишембиликке чыгып, 1 гектар аянтка парк зоналарын түзүү тапшырмасына ылайык көчөттөрдү отургузушту.
Ишкана отургузулган көчөттөрдү туруктуу кароону камсыз кылып, сугаруу системаларын орнотуу жана аймактарын тосмолоп коргоо аракеттерин улантышат.
Демилге экологиялык абалды жакшыртууга жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



