🚫 КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ ЖОК!
- 28 просм.
Коррупция – өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп, мамлекеттик ресурстардын натыйжасыз пайдаланылышына, инфраструктуранын сапатынын төмөндөшүнө жана жарандардын ишениминин азайышына алып келет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана ак ниет башкарууну камсыздоону өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири катары карайт.
Ар бир жаран коррупцияга каршы күрөшкө өз салымын кошо алат:
✔️ Пара бербеңиз жана албаңыз;
✔️ Мыйзам талаптарын сактаңыз;
✔️ Коррупциялык көрүнүштөргө кайдыгер карабаңыз жана тиешелүү органдарга кабарлаңыз.
Биргеликте таза, коопсуз жана ишенимдүү транспорт системасын курабыз!