Өтмөк, Төө-Ашуу жана Долон ашууларында жол ачык
- 17 просм.
Бүгүн, 17-ноябрда, Өтмөк ашуусунда аба ырайы ачык, унаа жолдо каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда. №36 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолдун коопсуздугун камсыздоо жана тейлөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Кышкы даярдыктын алкагында жол тейлөө иштерине атайын техникалар тартылып жана нөөмөт уюштурулуп, ашуудагы абал туруктуу көзөмөлгө алынган.
Ошондой эле Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон ашууларында да аба ырайы ачык болуп, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Айдоочуларга эскертүү: тоолуу аймактарда аба ырайы тез өзгөрүшү мүмкүн. Андыктан айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин так сактап, унаалардын техникалык абалын текшерип, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу жана жолго чыгарда аба ырайы тууралуу маалыматтарды эске алууга чакырабыз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы