Өлкөдө жол куруу темпи жогорулады
- 55 просм.
2026-жылдын июль айына карата республика боюнча жалпы 651 чакырым унаа жол толугу менен асфальтталды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 265 чакырымга көп. Тактап айтканда, 2025-жылдын июль айына карата өлкө боюнча 386 чакырым жол асфальтталган болчу.
Жол куруудагы өсүш жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтөт. Жаңы жана сапаттуу жолдордун курулушу аймактардын байланышын жакшыртып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу каттамын камсыздоого өбөлгө түзүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө боюнча жол куруу жана оңдоо иштерин улантып, курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөөдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы