«Элге жакшы жол керек». Министр Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшү менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди
- 16 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуп жана оңдолуп жаткан бир катар автомобиль жолдорундагы иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Анын ичинде Жети-Өгүз–Кой-Сары, Барскоон–Каракол, Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол (ББК), Балыкчы шаарынын айланма жолу, Каракол–Эңилчек, Боз-Учук–Шахта–Жыргалаң, “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа базасына баруучу жол, Түп–Кеген жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз автомобиль жолдорунда аткарылып жаткан курулуш жана оңдоо иштери каралды.
Иш сапардын жүрүшүндө министр жолдордогу иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, аталган жол долбоорлору Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда. Мамлекет башчысы өлкөдөгү жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, бул багыттагы иштерге колдоо көрсөтүп келет.
“Элге жакшы жол керек. Ошондуктан курулуштун сапаты да, мөөнөтү да министрликтин көзөмөлүндө”,-деди Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы