Ысык-Көлдөгү жол курулуш иштери көзөмөлдө: Министрдин биринчи орун басары объектилерди жеринен текшерди
- 89 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы негизги жол куруу жана реконструкциялоо долбоорлорунун жүрүшүн жеринен текшерди.
Ал Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун, «Алтын-Булак», «Чайка» жана «Азербайжан» пансионаттарына алып баруучу жолдордун, ошондой эле Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолундагы реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ошондой эле биринчи орун басар Чолпон-Ата шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп жаткан ат майданынын курулуш иштерин көрүп чыкты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштеринин сапатын камсыздоо, аткаруу темпин күчөтүү жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Учурда «Чайка» жана «Алтын-Булак» пансионаттарына алып баруучу жолдордо асфальт төшөө иштери толук аяктап, жыйынтыктоочу жумуштар жүргүзүлүүдө. Ал эми «Азербайжан» пансионатына алып баруучу жолдо жер жумуштары уланып, жакынкы күндөрү асфальт төшөө иштери башталат.
Министрлик өлкө боюнча жол куруу жана реконструкциялоо иштеринин сапатын жана белгиленген мөөнөттө аткарылышын туруктуу көзөмөлдөөнү улантууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы





