Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолун асфальттоо башталды
- 54 просм.
Кара-Кулжада Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 55 чакырымы реконструкцияланып, асфальтталат.
Учурда аталган жол тилкесинде жер жумуштары жүрүүдө.
Долбоорго ылайык, жолдун туурасы 14 метрге чейин кеңейтилет.
Азыркы тапта жумуштардын эң татаал бөлүгү деп эсептелген 7 чакырымдык тилкеде жер кыртышын даярдоо иштери аткарылууда.
Курулушту подрядчы компания жүргүзүп, техникалык талаптар жана жол курулушунун сапаты министрликтин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


