mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин XIII жыйыны өттү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 13- жыйыны болуп өттү.

Жыйында министрлер транспорт тармагындагы кызматташтык боюнча мурда кабыл алынган демилгелерди ишке ашыруу маселелери, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт ведомстволорунун мындан аркы биргелешкен иши боюнча пикир алмашышты.

Т. Солтобаев ШКУнун 25 жылдык ишмердүүлүгүнүн алкагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишилип, уюмга мүчө мамлекеттердин транзиттик мүмкүнчүлүктөрү кыйла жогорулаганына токтолду.

Министрлер ШКУга мүчө-мамлекеттердин транспорт тармагындагы кызматташтык боюнча мурда кабыл алынган демилгелерди ишке ашыруу маселелерин, мультимодалдык жер үстүндөгү жүк ташууларды башкаруу үчүн ШКУнун бирдиктүү санариптик платформасын түзүү концепциясын талкуулашты.

Соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташууларга уруксаттарды санариптештирүү жаатында өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы