Чолпон-Ата шаарынын айланма жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө
- 43 просм.
Ысык-Көл облусунда Чолпон-Ата шаарынын төрт тилкелүү айланма жолунун курулушу уланууда.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Жаңы жол аймактын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат жана шаар аркылуу өткөн транзиттик унаа агымын сыртка чыгарууга мүмкүндүк берет.
Учурда курулуш иштери негизги этаптардын бирине өтүп, асфальт төшөө иштери башталды. Ошону менен катар жер төшөлмөсүн даярдоо, көпүрөлөрдү, суу өткөрүүчү курулмаларды жана тирөөч дубалдарды куруу, ошондой эле инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштери уланууда.
Жолдун жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Объектте күн сайын 417 кызматкер жана 186 бирдик атайын техника иш алып барууда.
Айланма жол пайдаланууга берилгенден кийин Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүндөгү транспорттук жүк азайып, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт. Ошондой эле транзиттик унаалардын жүрүү убактысы кыскарып, Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу транспорттук шарттар түзүлөт.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы