Чар–Ак-Муз жолу толугу менен асфальтталды
- 22 просм.
Ат-Башы районундагы жалпы узундугу 15 километрди түзгөн Чар–Ак-Муз автомобиль жолу толугу менен асфальтталды.
Натыйжада Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунан Чар–Ак-Муз айылына чейинки жолдун бардык бөлүгүндө асфальт төшөө иштери аяктады.
Буга чейин жолдун 6,2 километр тилкесине асфальт төшөлгөн, быйыл калган 7,8 километри толугу менен жаңыланды.
Жолдун асфальтталышы менен жергиликтүү тургундар үчүн каттамды үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу жүргүзүүгө шарт түзүлүп, айдоочулардын жол жүрүүсү да жеңилдеди. Ошондой эле жолдун транспорттук абалы жакшырып, Чар–Ак-Муз айылынын район борбору жана башка калктуу конуштар менен байланышы жакшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
