Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин 9-жолугушуусу өттү
- 8 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин 9-жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ТМУ өлкөлөрүнүн транспорт тармагындагы өз ара кызматташуусу оң нукта өнүгүп жатканы белгиленип, негизги артыкчылыктуу багыт катары ТМУнун транспорт коридорлорун өнүктүрүү маселеси каралды.
Министр виза берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, жүктөрдүн чек аралар аркылуу тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу, өлкөлөрдүн аймагында үзгүлтүксүз транзитти уюштуруу жана анын коопсуздугун камсыз кылуу аркылуу ТМУ маршруттары чоң потенциалга ээ экенин билдирди.
Т. Солтобаев өлкө автомобиль транспорту тармагында электрондук документ жүгүртүүгө өтүп жатканын маалымдады.
Ошондой эле, «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун маанисин өзгөчө белгилеп, ал курулуп бүткөндөн кийин Кытай – Борбордук Азия – Кавказ – Европа мультимодалдык транспорт коридоруна интеграцияланарын белгиледи.
ТМУга мүчө мамлекеттер талкуулаган маселелер боюнча бирдиктүү позициясын чагылдырган Коммюнике кабыл алынып жана ТМУ өлкөлөрүндө «e-CMR» системасын киргизүү боюнча Меморандумга кол коюлду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы










