Түп районунда 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт
- 37 просм.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. 2026-жылы бекитилген планга ылайык жалпысынан район боюнча 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландалган.
Атап айтканда, Талды-Суу – Арал унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө каралып, бүгүнкү күндө асфальт төшөө жумуштары башталды.
Түп – Кеген унаа жолунун 39 чакырым тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери башталды.
Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Тологой унаа жолунун 15,5 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 10,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
Түп–Шаты–Ичке-суу–Талды-Суу унаа жолунда 7.2 чакырым жол жасалат.
Мындан тышкары, буга чейин асфальт басылган Каркыра – Турук – Сары-Жаз унаа жолунда жол чийимдерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу иштерине даярдык көрүлүүдө.
Жолдун курулушу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө. Иштер белгиленген графикке ылайык аткарылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматы