Түндүк – Түштүк унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо иштери үзгүлтүксүз аткарылууда
- 22 просм.
Транспорт инфраструктурасын жакшыртуу жана унаа жолдорунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында №18 Жол тейлөө мекемеси тарабынан Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунда бир катар оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган унаа жолунун 243–296-чакырым аралыгында тоо бетинен кулап түшкөн таш көчкүлөрдү тазалоо иштери үзгүлтүксүз улантылууда.
Ошондой эле, учурда 260-чакырымдагы ДРП салынуучу участокто жер жумуштары аткарылып, эки даана механикалык жүктөгүч (мехпогрузчик) иш алып барууда.
Мындан тышкары, Казарман–Акталчат унаа жолунун 8–99-чакырым аралыгында автогрейдер аркылуу жолду калыбына келтирүү, кырып тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Ал эми Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун 1–3-чакырым аралыгындагы кооптуу участокторго жол коопсуздугун камсыздоо максатында парапет орнотуу иштери аткарылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



