mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Түндүк тарабына таштанды урналары орнотулду

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун түндүк тарабында жол жээктеринин тазалыгын камсыз кылуу максатында атайын таштанды урналары орнотулду.

Тактап айтканда, Чаек, Дыйкан, Арал, Сары-Булуң, Арал–Суусамыр жана Кызарт айылдарынын аймагындагы жол жээктерине таштанды салуучу атайын урналар коюлду.  Бул иштер жол жээктерин санитардык жактан таза кармоого жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган. Ушуга байланыштуу, айдоочулардан жана жол жүрүүчүлөрдөн таштандыларды жол жээктерине таштабай, атайын белгиленген урналарга салууну өтүнөбүз.

Жол кызматкерлеринин негизги милдети – жолдорду куруу, оңдоо жана тейлөө. Андыктан жол жээктеринин тазалыгын сактоого ар бир жол жүрүүчү өз салымын кошуусу маанилүү.  Тазалыкты сактоо – жалпыбыздын жоопкерчилигибиз.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы