Түндүк айланма жолунда түнү менен жол куруу иштери жүрүүдө
- 83 просм.
Түндүк айланма жолунун курулушун өз убагында аяктап, пайдаланууга берүү максатында иштер эки нөөмөт менен жүргүзүлүүдө. Учурда жол куруучулар түнкүсүн да тыным албай эмгектенип жатышат.
Долбоордун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алматы – Бишкек – Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда. Негизги жол 4-6 тилкелүү болот.
Долбоордун алкагында 13 транспорттук түйүн (развязка) каралган. Анын 11и жаңыдан курулса, 2си капиталдык оңдоодон өтөт. Иштеп жаткан көпүрөлөр кеңейтилет. Бул чечим борбор калаанын тегерегиндеги тыгындарды толук жоюуга шарт түзөт. Жаңыланган тилкелерде жол чырактар (светофорлор) болбойт, бул транспорттун токтоосуз кыймылын камсыздайт. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолдун ортосунда жана эки тарабында темир тосмолор орнотулуп, бардык тилкелерде заманбап жарыктандыруу болот. Жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жер үстүндөгү өтмөктөр жана туурасы 2,25 метрлик тротуарлар курулат.
Аталган жол Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулууда. Курулуш иштеринин жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигин маалымат кызматы