mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт тармагында коррупцияга каршы күрөш уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгында коррупциянын алдын алуу боюнча кезектеги иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү башкы башкармалыгынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Апиев катышып, коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге токтолду.

Бул багытта аталган аймактык башкармалыктын жетекчиси Вахтанг Алаков Аймактагы көзөмөл-өткөрүү пункттарында, Мобилдик топтордун иш аракеттеринде жана Башкармалыктын аппаратында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөөрүн белгиледи.

«Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө» буйрукка ылайык, аймактык башкармалыктарга тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы туруктуу көзөмөлдөнүп келет.

Аталган иш-чаралардын алкагында «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышуу уюштурулду. Анда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо жана көзөмөл жүргүзүү процессин өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар көрсөтүлдү.

Учурда көзөмөл жүргүзгөн кызматкерлер боди-камералар менен камсыздалган. Көзөмөл жүргүзүү процесси толугу менен видео жазууга алынып, кызматкерлердин иш-аракеттери үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп турат.

Бул чаралар кызматтык тартипти чыңдоого, адам факторунун таасирин азайтууга жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталган.

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти транспорт тармагында мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча иштерди мындан ары да улантат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

#Транспорт_департаменти
 

#ТазаКыргызстан
#МенПараБербейм#МенПараАлбайм