Транспорт министрлиги менен Expertise France салмак-габариттик көзөмөл системасын модернизациялоо долбоорун баштады
- 76 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Европа Биримдигинин колдоосу менен Expertise France уюму менен биргеликте салмак-габариттик көзөмөл системасын модернизациялоо боюнча техникалык жардам долбоорун ишке ашырууну баштады.
Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 23-июлда, министрликте өттү. Жолугушууга Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Момбеков жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн Кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Йоханн Фарнхаммер баштаган делегациялар катышты.
Долбоордун алкагында салмак-габариттик көзөмөл системасынын учурдагы абалы талданып, аны автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча сунуштар иштелип чыгат.
Ошондой эле ченемдик-укуктук база каралып, системаны модернизациялоонун техникалык талаптары жана жол картасы даярдалат.
Долбоор эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусунда ишке ашырылат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги мамлекеттик органдар менен координацияны камсыз кылса, Expertise France эксперттик колдоо көрсөтөт.
Демилге унаа жолдорунун сакталышын камсыздоого, оор жүк ташуучу унааларга көзөмөлдү күчөтүүгө жана транспорт тармагын санариптештирүүгө багытталган реформаларды ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Видео: https://www.instagram.com/reel/DbIT4YAtWjQ/?utm_source=ig_web_button_share_sheet