Транспорт министрлигинде санариптик реформаларга салым кошкон кызматкерлер сыйланды
- 20 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде транспорт тармагындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жана эл аралык ташуулардагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө кошкон салымы үчүн министрликтин кызматкерлери жана өнөктөш мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.
Сыйлыктар Кытай Эл Республикасына эл аралык автомобилдик ташууларга уруксат берүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек араларында транспорттук көзөмөл жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча ийгиликтүү ишке ашырылган демилгелерге, ошондой эле мамлекеттик башкарууда инновациялык чечимдерди киргизүүгө кошкон салымы үчүн тапшырылды.
Министрдин орун басары Бактылуу Момбеков сыйлык ээлерин куттуктап, алардын кесипкөйлүгү транспорт тармагын санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы











