Транспорт министрлигинде жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча көз карандысыз мониторинг жүргүзүлдү
- 84 просм.
21-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин өкүлдөрү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү уюштуруу боюнча көз карандысыз мониторинг жүргүзүштү.
Иш-чарага министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, «Мыйзам Талап Тартип» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти катышты.
Мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны жана аны ишке ашыруу боюнча 2025–2027-жылдарга карата иш-чаралар планын аткаруунун алкагында уюштурулду.
Ал эми мониторингдин негизги максаты — жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө көмөктөшүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана коомчулуктун мамлекеттик органдарга болгон ишенимин бекемдөө.
Ага ылайык, мониторингдин жүрүшүндө жарандардын кайрылууларын берүү механизмдеринин жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы, кайрылууларды кабыл алуу, каттоо жана кароодо мыйзамдарда белгиленген тартиптин сакталышы, аларды кароо мөөнөттөрү жана арыз ээлерине жооптордун өз убагында берилиши каралды.
Ошондой эле кайрылууларга берилген жооптордун толуктугу, негиздүүлүгү жана сапаты, жарандарды жеке кабыл алууну уюштуруу, электрондук кайтарым байланыш каналдарынын иштеши, кайрылууларды кароого ички көзөмөл жүргүзүү жана кайталап түшкөн даттанууларды талдоо механизмдерине көңүл бурулду.
Мындан тышкары, кайрылууларды негизсиз создуктурууга, жол-жоболордун ачык-айкын эместигине жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо маселелери каралды.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча жарандардын кайрылууларын кароонун натыйжалуулугун жогорулатууга, министрликтин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылууга жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталган сунуштарды камтыган аналитикалык корутунду даярдалат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

