Транспорт жана коммуникациялар министрлигине министрдин орун басары дайындалды
- 77 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине министрдин орун басары болуп Усубакунов Дастан Абдылдаевич дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы дайындалган орун басар бүгүн, 27-ноябрда, министрликтин жамаатына расмий тааныштырылды. Дастан Усубакунов 1986-жылдын 26-августунда туулган. Ал буга чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Министрдин орун басары жаңы түзүмдүк багыттар боюнча иш алып барып, министрликтин экономикалык талдоо иштерин координациялоо, мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташууну камсыз кылуу, ошондой эле министрликтин ички уюштуруу жана башкаруу маселелерине жооптуу болот. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жалпы жамааты Дастан Усубакуновду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалайт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



