mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы ишембиликте!

2024-жылдын 27-апрель күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Министрликтин алдындагы Жол чарба департаменти, Жол фонду менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолундагы (22-чакырымынан тарта) таштанды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, алар таштанды полигонуна чыгарылды. Ошондой эле, жол чети иретке келтирилип, актоо, сырдоо иштери жүрдү.
Мындан тышкары, ишембиликке министрликтин түзүмдүк бөлүм, мекемелеринин (“Кыргызжолтрансдолбоор” ДИИ жана “Кыргызавтобекет” МИ) кызматкерлери да активдүү катышып, өздөрүнө бекитилген аймакты тазалашты.
Жалпысынан тазалык иш-чарасына 200ден ашык кызматкер катышты.