mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында иш-чараларды жүзөгө ашыра баштады

«Өкмөттүк акселераторлорлор» программасынын алкагында «Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташууну уюштурууга байланыштуу документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» челленджи боюнча министрликтер менен ведомстволордон жумушчу топ түзүлүп, анын курамына Транспорт министрлигинин өкүлдөрү кирген.

Жумушчу топтун башкы максатты Темир жол менен жүк ташууда текшерүүчү мамлекеттик кызматкерлердин иштерин жөнөкөйлөштүрүү, санариптештирүү, кайталанма текшерүү кагаздарынын санын кыскартуу жана бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Жумушчу топ тарабынан темир жол ташууларын жүргүзүү учурунда бизнес-процесстерди изилдөө максатында темир жол станциясында (Аламүдүн БТЖ) жеринде жолугушуу уюштурулуп, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүктөрү менен таанышуу иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Мамлекеттик бажы кызматында, Мамлекеттик салык кызматында, Экономика жана коммерция министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин аянттарында темир жол ташууларында жүргүзүлүп жаткан бизнес-процесстерди жакшыртууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында жумушчу топ тарабынан ташуу жол-жоболорун оптималдаштыруу, мамлекеттик органдар тарабынан контролдук иш-чаралардын мөөнөттөрүн кыскартуу, ошондой эле товарларды чыгарууну тездетүү зарылдыгы белгиленди.

Ишкердик субъекттеринин жүктөрдү алуу убактысын кыскартуу жана «Кыргыз темир жолу УК» МИнин мамлекеттик контролдоочу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштыруу максатында мамлекеттик контролдоочу органдар менен алдын ала маалымат алмашууну уюштурууга мүмкүндүк берген автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен бизнес-процесстерди автоматташтыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ошону менен бирге темир жол транспорту менен өлкөнүн Кыргызстандын чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө мамлекеттик контролдоочу органдар менен процесстин башка катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу боюнча ченемдик укуктук актыларды алга жылдыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгиленген иш-чаралардын жыйынтыгы менен тармактык көйгөйлөрдү чечүү жана алдыга коюлган максаттарга 100 күндүн ичинде жетишүү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, «Өкмөттүк акселераторлор» программасы бул – Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформанын атайын механизми болуп саналат, ага ылайык мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы