mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

«Токтогул – Беш-Таш» автожолунда капиталдык оңдоо жүрүүдө

«Токтогул – Беш-Таш» автожолунун  0+000 чакырымдан 53+000 чакырымга чейинки бөлүгү  капиталдык оңдоо иштери уланууда.

 Жол III–IV категорияга кирет. Жолдун туурасы 8–10 метрди, асфальт төшөлмөсүнүн туурасы 7 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө жолдун 15 652 метрлик тилкесинде негизги курулуш иштери кызуу фазада жүрүп жатат.  Эски асфальтты сыйруу иштери уланууда. Дренаж жана суу өткөрүүчү түтүктөр боюнча иштер негизинен аяктады.

Ак-Тектир айланып өтүүчү жолундагы жана айыл ичиндеги ар түрдүү өлчөмдөгү түтүктөр толук орнотулду.

Курулуш аянтчасында иштин үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүрүшүн камсыздоо үчүн атайын техникалардын 40 даана жана 112 адис тартылган.

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Президенттин стабилдештирүү фондунан аталган жолдун курулушуна атайын каражат бөлүнүп берилген. Учурда бул долбоор министр Талантбек Солтобаевдин жеке көзөмөлүндө ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы