Токмок – Дон-Арык – Рот Фронт унаа жолуна 5 чакырым асфальт төшөлөт
- 22 просм.
Чүй облусундагы Токмок – Дон-Арык – Рот Фронт унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Аталган унаа жол 2026-жылдын Титулдук планына ылайык жалпы 5 чакырымга асфальт төшөө каралган. Бүгүнкү күнгө 1,2 чакырым жолго асфальт төшөлүп, иштер белгиленген графикке ылайык улантылууда.
Белгилей кетсек, жолду оңдоо жана асфальт төшөө иштери аяктаса аймактагы транспорттук каттам кыйла жеңилдеп, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


