mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Таш-Рабат автожолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Таш-Рабат автожолунун 5 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштери аткарылды. Жалпы узундугу 15 чакырымды түзгөн аталган жолдун 5 чакырымы быйылкы жылга карата бекитилген планга ылайык асфальтталды. Ал эми жолдун калган 10 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштерин кийинки жылы улантуу пландалууда.

Таш-Рабат автожолун оңдоо жана асфальттоо иштери жолдун сапатын жакшыртууга, айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы