Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука жолунда асфальт төшөө иштери жыйынтыктоочу баскычта
- 42 просм.
Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука мамлекеттик маанидеги
унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Унаа жолдун жалпы узундугу 54 чакырым.
2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, жолдун 34–39 чакырым
аралыгындагы 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери каралган.
Бүгүнкү күндө №38 Жол тейлөө мекемеси тарабынан 38–39 чакырым
аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Планга ылайык, эртең аталган 5
чакырымдык тилкедеги асфальт төшөө иштери толугу менен аяктайт деп күтүлүүдө.
Бул жол Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашып, Таш-Көмүр шаарын Аксы жана Ала-Бука райондору менен байланыштырган маанилүү транспорттук каттамдардын бири болуп саналат.
Ал эми жолдун сапатын жакшыртуу аймактагы транспорттук каттамдардын
ыңгайлуулугун арттырып, жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугун
камсыздоого, ошондой эле аймактар ортосундагы транспорттук байланышты чыңдоого
өбөлгө түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

