Талас районунда Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү
- 83 просм.
Талас облусунун Талас районундагы Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолунда 2026-жылга карата титулдук тизменин негизинде 5 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Учурда жол куруучулар тарабынан бул тилкеге асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Мындан тышкары, Талас районундагы Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркына алып баруучу 10 чакырым унаа жолуна асфальт төшөө боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Учурда жолдун негизин даярдоо, жер кыртышын тегиздөө жана кеңейтүү сыяктуу жер жумуштары аткарылууда.
Ошондой эле Көк-Ой – Кызыл-Туу унаа жолунун планга кирген тилкесине асфальт төшөлүп бүттү. Ал эми Кызыл-Туу – Манас-Ордо унаа жолунда жер жумуштары уланууда.
Аталган жолдордо курулуш иштери бекитилген графикке ылайык министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



