Талантбек Солтобаев Нарындагы жол куруу иштерин текшерип, тапшырмаларды берди
- 50 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарында жүрүп жаткан жол куруу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Анда министр Ленин көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерин көрүп, тиешелүү мекемелердин жетекчилерине жана подрядчы компанияларга иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Жалпы узундугу 9,025 чакырым болгон жолдун негизги бөлүгүнө асфальт-бетондун төмөнкү жана үстүңкү катмарлары толугу менен төшөлүп, 9 чакырымдан ашык жол асфальтталды.
Мындан тышкары, автожол көпүрөсүн капиталдык оңдоо жана жаңы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү куруу иштери аяктады. Тышкы жарыктандыруу боюнча каралган 18,05 чакырымдын 17,5 чакырымында иштер аткарылды.
Учурда лотокторду орнотуу, түшмөлөрдү жана кирмелерди асфальттоо, аялдама павильондорун, светофорлорду, бордюрларды жана жол белгилерин орнотуу, ошондой эле жол чийиндерин тартуу иштери жүргүзүлүүдө.
Объектте 84 жумушчу, 9 инженер-консультант жана 19 даана атайын техника иш алып барууда.
Талантбек Солтобаев курулуш иштеринин сапаты биринчи орунда турушу керектигин белгилеп, кемчиликтерге жана иштин создуктурулушуна жол берилбестигин айтты.
«Эл үчүн курулуп жаткан ар бир объект сапаттуу, коопсуз жана узак жылдар кызмат кыла тургандай болушу керек», — деди министр.
Нарын шаарындагы жол куруу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү мындан ары да туруктуу көзөмөлдө болот.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы