Сузактын Коммунизм – Жаңы-Дыйкан автомобиль жолунун 6 чакырымына асфальт төшөлүүдө
- 9 просм.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери уланууда.
Жолдун узундугу — 6 чакырым. Быйылкы жылы толук асфальт төшөө пландалган.
Азыркы тапта №52 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун 4 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады.
Ал эми жолдун толук асфальтталышы менен жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз каттам түзүлүп, айылдар ортосундагы транспорттук байланыш жакшырат.
Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
