mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Селдин кесепеттери ыкчам жоюлду. Унаа жолдор ачык

20–21-июнь күндөрү жаанчыл аба ырайынан улам өлкөнүн көпчүлүк аймактарында сел жүрүп, айрым унаа жолдоруна терс таасирин тийгизди.

Жаралган кырдаалга байланыштуу министрликтин Жол тейлөө ишканалары ыкчам чараларды көрүп, атайын техникалардын жардамы менен жолдорду сел калдыктарынан тазалоо жана каттамдарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

СЕЛ КАТТАЛГАН УЧАСТОКТОР БОЮНЧА МААЛЫМАТ:

20-21-июнь күндөрү жаан-чачындын кесепетинен төмөнкү унаа жолдордо сел жүрүү фактылары катталды:

Чуй облусу:

  — Красная-Речка — Ысык-Ата 35 чакырым аралыгы.

Талас облусу:

— Тараз–Нылды–Покровка унаа жолу, 13–14-чакырым;

— Бакай-Ата району, Үч-Эмчек айылы (сел катталган, жолго чыккан эмес);

— Талас–Беш-Таш унаа жолу, 11–200-чакырымы.

Нарын облусу:

— Ак-Талаа району, Баетов–Макмал унаа жолу, 8,5-чакырым, 12–13-чакырым жана 50-52-чакырым аралыгы.

— Госдорога–Үч-Нура унаа жолу, 10–17-чакырым;

— Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу, Чаек айылы, 176-чакырым.

Ысык-Көл облусу:

— Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолу, 134-чакырым, Кыр-Таш участогу.

— Тоң району Бөкөнбаев-Тосор-Жылуу-Суу унаа жолунун 2-3 чакырым аралыгы.

Ош облусу:

Алай району

— Гүлчө – Корул – Суук-Дөбө унаа жолунун 7–8-чакырым аралыгы.

— Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 93-чакырымы.

Өзгөн району

— Бишкек – Ош унаа жолунун 93-чакырым аралыгы.

 Жалал-Абад облусу:

 — Коммунизм–Бобуй–Рахманжан унаа жолунун 0–5,1-чакырымдарында;

 — Ленин-Жол–Казар-Мазар–Сере унаа жолунун 0–3,9-чакырымдарында;

— Базар-Коргон–Арстанбап унаа жолунда тазалоо иштери жүрүүдө.

— Бишкек–Ош унаа жолунун 394–427-чакырымдар аралыгында түнү бою жолго түшкөн таштарды тазалоо иштери аткарылды.

— Шекафтар–Сумсар–Кайыңды унаа жолунда сел жүрүп, жолдун жер полотносун жууп, шагылдарды үйүп кеткен. Учурда 205 м² жол автогрейдер менен тазаланып, 720 м³ көлөмүндөгү жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

— Бирлешкен–Ойтсай–Күлпөксай унаа жолунда 194 м² жолду автогрейдер менен тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

— Рахманжан–Кара-Булак жана Коммунизм–Бобуй–Рахманжан унаа жолдорунда селден кийин жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылды.

— Маданият–Майлуу-Суу унаа жолунун 9–11,7-чакырымдарында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Баткен облусу:

— Кызыл-Булак — Тоо-Моюн унаа жолу: 1-5 чакырымы

— Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу: 21-23 чакырымы

— Ак-Туран — Өтүкчү унаа жолу: 23,6 чакырымы

— Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык унаа жолу: 1-2 чакырымы

— Ош-Баткен-Раззаков (эски багыты) унаа жолу: 200-210 чакырымы, 211 чакырымы

— Ош-Баткен-Раззаков Самаркандек участкасы унаа жолу: 237-243 чакырымы

— Катран — Өзгөрүш унаа жолу: 7-8 чакырымы

— Ош-Раззаков унаа жолу: 320-370 чакырымы

— Коргон — Катран — Баул унаа жолу: 0-8 чакырымы

— Раззаков — Андарак — Көк-Таш унаа жолу: 14-25 чакырымы

Аталган унаа жолдордо селдин калдыктары тазаланууда. Жолдор ачык, унаалардын өтүүсүнө эки тараптуу кыймыл бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы