Петровка – Нарзан булагы унаа жолуна 7 чакырым асфальт төшөлүүдө
- 52 просм.
Чүй облусунун Москва районундагы Петровка – Нарзан булагы унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Жолдун жалпы узундугу 52 чакырымды түзөт. Анын 27 чакырымы буга чейин асфальтталып бүткөн. 2026-жылга карата Титулдук тизмеге киргизилип, кошумча 7 км жолду асфальттоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 2 чакырымы толук аяктады.
Бул долбоор аймактагы жол шартын жакшыртып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу каттоосуна шарт түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


