mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ош – Кара-Суу автожолу 4 тилкелүү болуп, туурасы 22 метрге чейин кеңейтилүүдө

Ош облусунда Ош – Кара-Суу автожолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында жолду кеңейтүү жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорго ылайык, жалпы узундугу 18 чакырым 690 метр болгон жол тилкеси толугу менен жаңыланып, төрт тилкелүү автожолго айландырылат. Жолдун туурасы 22 метрге чейин кеңейтилет.

Автожол эл аралык маанидеги транспорттук каттамдардын бири болуп саналат. Ошондуктан жол оор жүк ташуучу унаалардын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүүсүнө ылайыкташтырылып курулууда. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнө эки катмар асфальт төшөлөт. Төмөнкү катмар 9 сантиметр, үстүңкү катмар 6 сантиметр калыңдыкта төшөлүп, жалпы асфальт катмарынын калыңдыгы 15 сантиметрди түзөт. Жолдун эки тарабына туурасы 3 метрден болгон жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарлар жана веложолдор курулат. Жеринде 120 атайын техника, 150 кызматкер иш алып барууда.

Долбоордун алкагында жалпы төрт көпүрө куруу каралган. Учурда алардын үчөө толугу менен курулуп бүтүп, бир көпүрөдө курулуш иштери улантылууда. Ош – Кара-Суу автожолунун реконструкцияланышы транспорттук байланышты жакшыртып, жол өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы