Ноокат–Папан унаа жолунун 5 чакырымы асфальтталды
- 62 просм.
Мамлекеттик маанидеги Ноокат–Папан унаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады.
Иштер 2026-жылга карата бекитилген титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп, курулушту №37 Жол эксплуатациялоо ишканасы аткарды.
Жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт.
Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

