mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Талантбек Солтобаев JICAнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолугушту

Бүгүн, 14-майда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлик менен JICA ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Министр Т.Солтобаев Кыргызстандын жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн Япония Өкмөтүнө жана JICA уюмуна ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, JICAнын колдоосу менен өлкөдө жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган 30дан ашык долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул долбоорлор жолдордун абалын жакшыртууга, автоунаа каттамдарынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга олуттуу салым кошту.

Ошондой эле, министр өлкө аймагынан өткөн эл аралык транспорттук коридорлорду жакшыртуу жана жүргүнчүлөр менен жүктөрдүн коопсуз, үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары, стихиялык кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана алардан коргонуу стратегиясына жооп берген бир катар долбоордук сунуштар JICAга жөнөтүлгөнүн айтып, аларды оң кароону өтүндү.

Өз кезегинде JICAнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Котаро Нишигата өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен түзүлгөн тыгыз кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал министрди учурда өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана япон тарап тарабынан каралып жаткан жаңы демилгелер тууралуу маалымат менен тааныштырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы