Министр Талантбек Солтобаев Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамовду тосуп алды
- 20 просм.
Бүгүн, 28-июлда, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Өзбекстан Республикасынын Транспорт министри Илхом Махкамовду Манас шаарындагы «Манас» темир жол бекетинен тосуп алды.
28–29-июль күндөрү эки өлкөнүн транспорт министрлери Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун негизги объектилерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышышат.
Иш сапардын алкагында тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана башка инфраструктуралык объектилердин курулушу, аткарылып жаткан иштердин темпи жана алдыдагы милдеттер каралат.
Ошондой эле, тараптар «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашырууга байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулап, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү боюнча пикир алмашышат.
«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу үч өлкөнүн транспорттук байланышын чыңдоого, Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүүгө багытталган стратегиялык маанидеги долбоор болуп саналат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
https://www.instagram.com/reel/DbUm7J_I6us/?utm_source=ig_web_button_share_sheet