Министр Талантбек Солтобаев кезектеги аппараттык жыйын өткөрүп, жол курулуш иштерин ыкчамдатууну тапшырды
- 21 просм.
Бүгүн, 21-апрелде Министр Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйыны өттү.
Жыйынга министрдин орун басарлары, бөлүм башчылар, министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана мекеме-ишканалардын башчылары, ошондой эле онлайн форматта Жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери катышты.
Жыйында тапшырмалардын аткарылышы талкууланды. Министр Т. Солтобаев авариялык участоктор боюнча иш-аракеттер, долбоорлор толук кандуу жүрбөй, приоритеттер аныктала электиги үчүн Жол чарба департаментинин ишин сынга алды. Ошондой эле республика боюнча унаа жолдордун бирдиктүү реестрин тез арада бүтүрүүнү тапшырды.
Өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамалар этап-этабы менен жаңыланууда. Жаңы аялдамалардын долбоорун, конструкциясын жана сырткы жасалгасын министрликтин алдындагы “Өндүрүштүк-инновациялар борбору” иштеп чыгып, өлкө аймактарына орнотууну баштаганы турат. Аталган иштерди өз мөөнөтүндө аткаруу милдеттендирилди.
Мындан тышкары, аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин пландан тышкары, ыкчам аткаруу зарылдыгы, ошол эле учурда сапатка көңул буруу баса белгиленди.
Жыйындын соңунда министр тийиштүү жетекчилерге Нарын – Баетов унаа жолунун курулушун тездетүүнү, ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына карата, ошондой эле жайкы сезондун башталышына чейин унаа жолдорун ачуу, жол жээктерин иретке келтирүү боюнча күчөтүлгөн иштерди алып барууну тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы









